Бейиш жолу


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Религия


"Эскерткин, эскертүү момундарга пайда берет". (51:55)

Связанные каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Религия
Статистика
Фильтр публикаций






Дуба кылууга эң сонун убакыт. Рамазан, жума күнү, асрдын акыркы сааты, жамгыр, ифтар маалындагы дуба.

Аллах сөзсүз түрдө дубаларыбызды кабыл кылат🤲🏼 Болгону ишенип, чын дилден дуба кылуу керек.


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


Ассаляму алейкум уа РахматуЛлахи уа Баракаатух мусулман бир туугандарым! Кирип келген айлардын Султаны, Курандын, Мээримдин, Кечиримдин айы болгон Ыйык Рамазан айыңыздар кут болсун! Аллахым жалпыбызга ушул айды берекелүү, пайдалуу, сооптуу кылып өткөрүүнү насип кылсын. Рамазандын берекеси менен кыялданган максат-ниеттерибизге жетип, күнөөлөрүбүздөн арууланып чыгуу насип болсун. Аллахым ар бирибиздин үй-бүлөбүзгө чын ден соолук, кенен ырыскы, эки дүйнө бактылуулук берсин. Барыбыздын кылган ибадаттарыбызды, дубаларыбызды Аллахым кабыл кылсын. Ушул Рамазан биздин ыйманыбызды бекемдеген, Алла Таалага дагы да жакындаткан, күнөөлөрүбүз кечирилген, Бейишке киргизген Рамазандардан болсун ин шаа Аллах🤲🏻






Репост из: Бейиш жолу




🔸 Бүгүн жалпы мусулмандар чыдамсыздык менен күтүп жаткан ыйык рамазан айы кирип келет. Дал ушул айда гана окулган Таравих намазынын эрежелери тууралуу маалыматка көңүлүңүздү бурабыз:

🔸 Мусулмандар үчүн (эркектерге да, аялдарга да) таравих намазды окуу муаккад сүннөт (зарыл сүннөт) болуп саналат. Пайгамбарыбыз Мухаммед (Алланын ага салам-салаваттары болсун) минтип айткан:

🔸 “Кимде ким Рамазан айында ишеним менен таравих намазын окуп, Аллахтын сыйлыгын күткөн болсо, анда анын мурунку күнөөлөрү кечирилет».

🔸Таравих намазы- Рамазан айында гана куптан намазынан кийин багымдат намазынын убагы киргенге чейин окулчу нафил намазы.
Рамазан айынын 1-күнүнөн тарта айдын соңуна чейин.
Кыргызстан боюнча таравих намазы мечиттерде куптан намазынан кийин окулат.

🔸Таравих намазын жамаат менен да, жалгыз туруп да окуса болот. Бирок жамаат менен окуган жакшыраак. Эгер сиз таравих намазына жетишпей, намазды каза кылып алсаңыз, анын казасы окулбайт. Анткени ал фарз амалга кирбейт. Таравих муаккад сүннөт (зарыл сүннөт) болуп саналат.

🔸Таравих намазы 20 рекеттен окулат.
Таравих намазын көбүнчө ар 4 рекетте бир салам берип окуп келишет.
Ханафий мазхабы боюнча таравих намазынын саны азирети Умар (Аллах андан ыраазы болсун) аткарганына ылайык бекитилген. Азирети Умар (Аллах андан ыраазы болсун) мамлекет башчысы, мусулмандардын амири болуп турганда, пайгамбарыбыздын мечитинде халифалыгынын акыркы мезгилдеринде жыйырма рекет окуткан.

🔸Таравих намазынын ар бир 4 рекетинде тыным алганда Аллахты улуктап, же ыйманды көтөрө турган баяндарды окуп, угуп турса болот.

Булак: ummamag.kg


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram




Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram






Азирети Абу Бакир Сыддыктын (радиаллаху анху) дубасы:

Өтө мээримдүү, чексиз ырайымдуу Алланын ысымы
менен.

Алла Таалам! Сен аларга эч муктаж болбосоң да инсандарды жараттың; андан кийин алардын айрымдары саалих амалдарды кылып бейиштик болушту, айрымдары көшөрүп жасашкан күнөөлөрүнөн улам тозоку болушту. Раббим, суранарым, бул алсыз пендеңди тозок азабындан сактай кер, бейишиңе ылайыктуу пенделериңден кыл!

Алла Таалам! Адам баласын болмуш мейкиндигине чыгарган Сенсиң, али жарата электен мурун кимдер жашоосун жакшы иштерде колдонуп сааид (кадыр-барктуу) болорун, кимдер жаман жолдорго түшүп кудум кор болгон абалга жетерин билген дагы бир гана Сенсиң. Раббим, кечиримиңе өтө муктаж болгон бул пендеңди билип-билбей жасаган күнөөлөрүнөн улам кор кылба!

Алла Таалам! Баарынын бул дүйнөдө кандай иштерди жасаарын, али аларды жарата электе Сен эзелки илимиң менен билип, көрүп тургансың. Алардын да Сенин илимиңден сырткары чыгуулары эч качан мүмкүн эмес. Раббим, жардамыңды аяба, бул пендеңди дайыма Сага кулдук кылуусун насип эт!

Алла Таалам! Сен бир нерсени каалабасаң, эч ким аны тилей албайт. Суранарым, Илаахи тилегиңди, эркимди мени дайыма Сага жакындатчу амалдар үчүн колдонуу багытында жүзөгө ашыр!

Оо, Кудурети чексиз Алла Таалам. Жаралган бардык нерсенин кыймылын иретке салган бир гана Сенсиң. Сен каалабасаң, эч бир нерсе эч качан кыймылдай албайт. Сенден менин бардык кыймыл-аракетимди Өзүңдүн ыраазычылыгың багытында жана такыба чегинде кармашыңды тилейм!

Алла Таалам! Жакшылыкты да, жамандыкты да жараткан Сенсиң. Сенин пенделериңдин кай бирлери жакшы жолду, кай бирлери жаман жолду карманышты. Раббим, Сен мени дайыма жакшы жолдо жүргөндөрдөн кыла көр!

Алла Таалам! Бейишти да, тозокту да жараткан
Сенсиң. Пенделериңдин кай бирөөлөрүн бейишке талапкер абалга жеткирдиң, кай бирөөлөрү өз жүрүм-турумдарынан улам тозокко ылайык болушту. Раббим, Сен бул начар кулуңду бейиштиктерден кыла көр!

Алла Таалам! Сен кааласаң ылайыктуу болгондорду адашуучулук өрөөндөрүндө кыдыртып, башына кыйынчылык үстүнө кыйынчылык бересиң. Раббим, суранарым, көөдөнүмдү ыйманга ач, ыймандын
кооздуктарын жүрөгүмө сездир жана да ошол кооздуктар менен рухумду тойгуза көр!

Алла Таалам! Болуп жаткан иштерди болтуруп жаткан бир гана Сенсиң, акыр аягында бардык нерсенин барар жери да бир гана Сенсиң.

Алла Таалам! Өлүмдөн кийинки жашоомду көркөмдүү жашоо кыла көр жана да мени Сага жакын болгон мукарраб пенделериңдин арасына
кошо көр!

Улуулардын Улуусу Алла Таалам! Тилегендер ар башка каалгаларга кайрылып, ошол жерлерден өзүлөрүнө кандайдыр бир коргоо издеп турушат, менин жалгыз таянычым Сенсиң, ишенич булагым да бир гана Сенсиң. Анткени улуулук тагынын жалгыз Султаны Сенсиң, чыныгы күч-кубаттын жалгыз ээси да кайра эле Сенсиң!

✍🏻Чынчылдыктын өрнөгү Азирети Абу Бакир Сыддык (Алла ага ыраазы болсун) китебинен






Репост из: Бейиш жолу
Жума күнүндөгү амалдар:
- Гусул алуу
- Атыр себинүү
- Кахф сүрөөсүн окуу
- Мечитке эрте баруу
- Салават айтуу
- Көп дуба кылуу


Жума маарек болсун!

Аллахумма солли ‘аля Мухаммадин ва ‘аля али Мухаммад

اللَّهُمَّ صَلِّ عَلَى مُحَمَّدٍ وَعَلَى آلِ مُحَمَّد

Показано 20 последних публикаций.