📌Бишкекте бүгүн, 15-декабрь таңга маал жол кырсыгы катталып, эки чет элдик жаран каза болду. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн саат 07:00 чамасында болгон. Анда БМВ 520 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Алма-Ата көчөсү менен түндүктү көздөй катуу ылдамдыкта бара жатып, "Мадина" базарындагы бетон түркүктү
сүзгөн.