Бойкот кыл!


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Другое


Бул каналдан бойкот кылышыбыз керек болгон компаниялардын тизмесин жана алардын товарлары тууралуу маалымат ала аласыз.
Каналдын шилтемесин бөлүшүңүз:
https://t.me/boykot_kyl

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Другое
Статистика
Фильтр публикаций




Disney эмне үчүн бойкот?

➡️➡️➡️

Бул медиакорпорация душманга акчалай салым гана кошпостон, бүтүндөй инсанияттын жана мусулмандардын жан дүйнөсүнө терең сокку уруп, келечекте алсыз, өз ордун билбеген, кул мүнөз коомдун пайда болуусуна салым кошууда.

Дүйнөгө ыпластыкты жайып жаткан Disney мультфильмдерин көрбөңүз, көрсөтпөңүз!


Репост из: Палестина ВИДЕО/Сүрөт
Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
«Түрмөдөгү ар бир туткун – сенин бир тууганың. Сенин жалгыз душманың – түрмө күзөтчүсү», – деп Айхам Ас-Саляйманын атасы Наваф, уулун 1-декабрь күнү Ал-Маскубия (Иерусалимдеги түрмө) түрмөсүнө бир жылдык жаза мөөнөтүн өтөө үчүн жөнөттү. Айхамды 12 жашында мыйзамсыз конуштардагы отурукташкан израилдиктерге таш ыргытты деп айыптап, алгач 14 ай үй камагына кесишкен, андан кийин жазасын түрмөгө 1 жылга кесүүгө алмаштырышкан. Үй-бүлөнүн аппеляциясы Израилдин Жогорку соту тарабынан четке кагылып, Айхам 1-декабрда жаза мөөнөтүн баштоого аргасыз болду. Катуу шарттарга карабастан, Айхам атасынын адилетсиздикке карабай күчтүү жана туруктуу бол деген кеңешин эске алды.


Репост из: Палестина ВИДЕО/Сүрөт
Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Палестиналык бала Айхам ас-Салейма 12 жашында агасы жана дагы эки бала менен кошо кармалып, 14 ай үй камагына алынган. 2024-жылдын июль айында анын жазасы түрмөгө алмаштырылган. Үй-бүлөсү апелляция бергенден кийин, Израилдин Жогорку Соту апелляцияны четке кагып, аны бир жылдык жаза өтөө үчүн 1-декабрга чейин Иерусалимдеги “ал-Маскубия” түрмөсүнө келүүнү милдеттендирди. Анын агасы Ахмад жана атасы Наваф да жаш кезинде түрмөгө камалышкан. Израилдин аскердик мыйзамдары 12 жаштагы палестиналык балдарды камоого уруксат берип, административдик камоого жол ачат, бул айып тагылбастан же сотсуз эле белгисиз мөөнөткө камакта кармоону мүмкүн кылат.


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


Репост из: Палестина ВИДЕО/Сүрөт
Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
"Биз азап чегип жатабыз, ал эми силер социалдык тармактарда убактыңарды коротуп жатасыңар.

Ар күнү кыргын болуп жатат, ал эми силер интернетте бош убакыт өткөрүп жатасыңар

Биз тууралуу, башыбыздан өтүп жаткан окуялар тууралуу айткыла! Кудай үчүн!"

- Газалык жаш жигиттин бүт дүйнөгө кайрылуусу


Репост из: Палестина ВИДЕО/Сүрөт
Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


Репост из: Палестина ВИДЕО/Сүрөт
Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Биздин ыйман силердин бомбаларыңардан күчтүү!❤️‍🔥

Палестинада зулумдук 76 жылдан бери созулуп келет...

А биз 7-октябрда гана угуп, 1 жыл айланып-айланбай бул мыкаачылыкты унутуп баратабыз!😓

Унутпаңыз! Унуттурбаңыз!🇰🇬🇵🇸

Дуба кылабыз! Үмүтсүз болбойбуз!
Бойкотту токтотпойбуз!🍉


Мусулман "Чёрная пятница"да соода кылбайт!

"Кара жума" деген сөз өзүн мусулманмын дегенге акарат сыяктуу эле сезилет.

Анын үстүнө, бул күнү көп бойкот товарларга чоң арзандатуулар жүрөт. Чынында, бул арзандатуулар жөн гана оңой сатуунун жолу.

Кашыктап үйрөнүп жаткан бойкотубузду чөмүчтөп жок кылып албайлы! Убактылуу арзандатууларга алданбайлы!

Бул акциялардын экологиялык жактан да чоң зыяны бар. Сатуучулар көп учурда анча өтпөгөн же, адамдарда ансыз да көп болгон товарларга арзандатууларды кылышат. Мисалы, кийим-кече, тамак-аш.

А эмнеге адамдар муктаж болгон дары-дармекке акциялар болбойт?

Эскертүү бизден, аткаруу сиздерден, урматтуу катталуучулар!

Бөлүшүңүз! Жеткириңиз! Бойкотту токтотпоңуз!



Показано 10 последних публикаций.