Эксперт to | AdileTTo


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Спорт


Дациевдин мотиви боюнча диванда эксперттер чогулду

Связанные каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Спорт
Статистика
Фильтр публикаций


Мальдивге салыштырмалуу эки өзгөрүү: Алыкулов менен Бексулов стартта.

Гүлжигит Алыкуловду экинчи жолу запаста калтыруу деле туура эместей, Минсктен бери алыстан келип жатса. Өзүн көрсөтүүсү керек.

Бексуловго кайрадан мүмкүнчүлүк берилип жатат. «Таланттын» футболчусу Мальдив менен алмашууга чыкканда толкунданып ойноду эле. Клубдагыдай оюнду көрсөтө албай жатат. Сол канаттагы коргоочу болуп чыгат өңдүү.

4-2-3-1. Кичин борбордук коргонууга кайтты.


Азия оюндарын ушундай көрсөткүч менен жыйынтыктадык. Балбандарыбыз болбогондо абал мындан да кейиштүү болмок.

Жекелик спорттон өзгөчө кармаш түрлөрүндөгү күрөш, ММА, жиу-житсу дүйнө менен тең тайлаша алабыз. Бирок командалык спорттон таптакыр алсыз экенибизди моюндашыбыз керек. Ошондой эле кай бир спорт түрлөрү таптакыр эле каралбай калган.

Футболдон баштап, волейболдон көрсөткүч жок. Гандболду эмнеге өнүктүрсө болбойт? Теннис, бадминтон сыяктуу спорт түрлөрүнөн эч жыйынтык чыкпай келет.

Күрөштөн дагы «алтын муун» убактысы да акырындан өтүп бара жатат. Тыныбекова жок бир алтын минус, Жоламан намыстанып бир алтынды алып берди. Акжол, Эрназар, Айпери, Мээрим…Алардан кечке эле алтын талап кылгандан алыс болушубуз керек. Жаштарды өстүрүү керек да, Раззак менен Асан бар дагы жакшы. Бирок ушул муун карьераларын жыйынтыкташса даана акыбалыбыз оор болчудай…

Өлкөдө жалпы спорт өтө төмөн абалда. Ким жооптуу? Бул Азиядан кийин тыянак чыгарышабы?


ФИФАнын президентинин инстаграмында кыргызстандык калыстар кайдан пайда болду?

Санжар Жакыпбеков менен Канат Мырзабеков ASEAN Cup мелдешинде калыстык кылышты. Биринчи дивизиондун финалында Гонконг менен Камбоджа кез келген. Дал ушул беттеште Жанни Инфантино дагы болду.


Кыргыз курамасы быйылкы жылы өз үйүндөгү соңку беттешин Ливанга каршы 4-октябрда өткөрөт.

Ал эми ноябрь айында Вьетнамда жыйын өткөрөт. Жыйындын алкагында эки жолдоштук беттештер каралган. Кыргыз курамасы алгач Кытай Тайбэйи жана Вьетнам менен кез келери күтүлүүдө.

Вьетнамдык футзалчылар тескерисинче, Бишкекке келишет. 3-5-ноябрь күндөрү Кыргыз курамасы менен эки жолдоштук беттеш өтөт.


Азия оюндары: Дзюдочу Эрлан Шеров финалда

90 кг салмак ченинде Эрлан Шеров финалга чыкты. Анын атаандашы жапон Рику Окада болот.

Бальандарыбыз бүгүн финалга жете албай калышты: Акматалиев, Шаваев жана Медет кызы. Бирок коло үчүн килемге чыгышат.


Репост из: @tengelbes
Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Была ли необходимость в красной карточке?

12 минута, Ливан 1-0 ведет у Мальдив. Матч товарищеский, есть явный фаворит (дух игры), нападающий устоял на ногах и выходил 1х1 с вратарем.


Эх биздин калыстар…Жогорку лигада да ушундай эрте ышкырык жаңырган моменттер көп


Жоламан Шаршенбеков алгачкы алтынды алып келди! Көпкө күттүк эле.

Куржунда 1 алтын, 2 күмүш, 6 коло. Жалпы өлкөлөрдүн арасынан 25-орундабыз.


Азия оюндары: Жоламан Шаршенбеков алтын медалга мүмкүнчүлүк

Биздин балбандар бүгүнкү күнү Жоламан Шаршенбеков менен Акжол Махмудов медалдар үчүн күрөшөт. Жоламан финалга чыкса, Акжол коло байге үчүн килемге чыгат.


Азия оюндары: Асан Жанышов күмүш медалга татыды

Балбандар медалдар куржунун толуктап жатышат. Жанышов күмүш медаль тагынса, Мээрим Жуманазарова менен Раззак Бейшекеев коло медалдарды жеңишти.


«Алга» чемпиондук күрөштөн өзү эле четтеди өңдөнөт…


Азия оюндары: Күрөштүн биринчи күнүндө Асан Жанышов финалга чыкты

87 кг салмакта финалда жапон Таизо Йошида менен кез келет.

Тилекке каршы, Раззак Бейшекеев, Мээрим Жуманазарова жана Мурат Ботоев финалга чыга албай калышты. Үчөө тең коло медалдар үчүн күрөшөт.


Азия оюндары: Дзюдочу Айбек уулу Кубанычбек биздин куржунга коло байгени кошту. Бирок дзюдодон эмес, кураш боюнча.

Бизге Азия оюндары чындап эртең башаталат окшойт. Себеби балбандардын беттештери башталат.


Жалпы күйөрмандарды жана Урмат Абдукаимовду куттуктайбыз. Биринчи тайм эң мыкты болду 🔥👏🏻


Ак шумкар быйылкы жылы толук кандуу курам менен биринчи жолу чогулуп жатат. Бир тууган Мерктерден тышкары.

Кечээки күнү ачык машыгууда футболчулар өздөрүн ишенимдүү сезип жаткандыгы байкалды. Албетте, Жоел Кожонун келиши, Алыкуловдун формада болуусу, Атабаев, Шукуров жана Жыргалбек уулу. Ошондой эле быйылкы сезондогу мыкты калыпта болуп турган Максат Алыгулов, Арлен Бексулов жана жаштар да бар.

9 беттештен бери Кыргызстан жеңишке жетише элек. Акыркысы Катарды 2025-жылы утканбыз. Андан бери бир катар жолдоштук беттештер өттү. Жеңишти бардыгы эле күтүп калгандай…

Урмат Абдукаимовдо албетте, толкундоо болбой койбойт, бирок дебюттук оюнду жеңиш менен баштоого бардыгы төп келгендей…


Дагы залдар курулабы? Жаштык-Арена менен Мурас Юнайтед залы жетиштүү болобу?


Азия оюндары: Волейбол боюнча алгачкы беттеште Кыргызстан Иранга жеңилди (0:3). Үчүнчү партияда гана күрөш жүрдү - 20:25.

Кызыктырганы, биздин курамада 11 гана оюнчу болгондугу. Калган бардык командаларды карап көрсөк билдирмелеринде 12ден оюнчу.

Ким барбай калды?


Азия оюндары: Денис Петрашов 50 м аралыкта 5-орун алып калды. 3-орунду алган баягы эле Охаши 0,17 секунда озуп кетти.




Жогорку лигада топ мергендер арасында да кызуу күрөш жүрүп жатат.

Николай Агапов Эрбол Атабаевге жетип барды.

Топ-6 төмөнкүдө:

1. Николай Агапов - 16 гол
2. Эрбол Атабаев - 16 гол
3. Максат Алыгулов - 14 гол
4. Илья Карпук - 14 гол
5. Давид Поланко - 11 гол
6. Кайрат Жыргалбек уулу - 11 гол

Показано 20 последних публикаций.