Сүйкүм элестер


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Цитаты


Жандуу мотивация🕊️🤍
•Жүрөктү агарткан кара сөздөр...💌
Жакшы ниеттер...🤗
🥰 Сүйкүм элестер...
Жан дүйнөм ↙️
https://t.me/juroksuiloit

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Цитаты
Статистика
Фильтр публикаций




Жазым🥰

Жаздын жыты жагат. Алып келген тазалыгы, сулуугу, аруулугу, жан дүйнөгө тартуулаган жагымдуулугу жагат. Жаңы жашоо тартуулаган жароокерлигин жактырам. Жаркыраган жазга жеткирген Жаратканыма чексиз шүгүрлөр 🥹🫀

@elestetr💌


Берекелүү Жума маарек болсун, бир тууганым 🌹

Орозонун акыркы он күнүндөбүз. Ыйык ай менен коштошуучу күндөргө, Кадыр түнүн издей турган түндөргө келдик. Жаратканым пайдалуу өткөрүүнү насип кылсын ар бирибизге🤲❤️‍🔥

Көп-көп Куран окууну, намаз окуп, дуба кылууну, тилиңизди дуба менен алек кылууну адатка айлантырыңыз. Бир айдын он эки айга мурасы болсун...😍

@elesterr💌


Элесимди китеп аркылуу эскерген жандардан жагымдуу элес жашайт жүрөгүмдө🥰

"Сизди көп китеп окуйт деп"- дейт, күтүлбөгөн белегим...🥹

Караңгылыгымды жарыткан сайын көңүлүмө түшкөн кооз элесим болдуңуз, илим сапарлашым...😍

@elesterr💌


Мен үчүн алынган эң алгачкы гүлдүн "жоогазын" болгону жана аны алгандар да окуучуларымдын болгону мени аябай бактылуу кылды, жан дүйнөм кубанды 😍🫀

Алхамдулиллах, жазды, жакшылыкты сездирген жоогазынымм..🥹🫶

@elesterr💌


85 миңдик курсубузду ийгиликтүү жыйынтыктадык🤫✨

Жаңы мыйзам кабыл алынды, курс бүттү, деканыбыз менен да жакшы тааныш болуп калдык. Мени көргөндө штрафты эстесе керек, эстетип, айтып турат, урушпайт бирок урушат дегендей🙈 Акыркы баскычта жакшы эле тоскоолдуктар болду, онлайн да да. Баарын таштап, токтотуп коё турган даражада чарчадым кээ инсандардан. Бирок кыздарымдын талапкер жоопкерчилиги, эки тараптан кылынган үзгүлтүксүз аракет өзүнүн кооз жыйынтыгын көрсөттү. Бул Куран сүйүүсү #шүгүр💞

@elesterr💌


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Бир күн сага сүйүктүү инсаныбыз менен барабыз. Аллахым ар бир каалаган пендесине насип кылсын, сүйүктүү жерге сүйүктүү менен барууга...🥹🤲

@elesterr💌


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Таравих таспихи 😍

Жүрөкө тынчтык тартуулаган учурлар болот бул жашоодо. Намаз сыяктуу, Рамазан сыяктуу, Куран сыяктуу, Таравих, таспих сыяктуу...🥹❤️‍🔥

МашаАллах дейин. Бул да мен ашык болгон үндөрдүн бири🫀

@elesterr💌


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Жаз алып келгендиги үчүн Рамазанды,
Рамазанды тартуулаганы үчүн жазды
өзгөчө жакшы көрүп жатам…

Дубаларыңыздар кабыл болсун

#диби_деди


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Рамазан сен үчүн, мен үчүн, биз үчүн керемет мүмкүнчүлүк 😍

Кош келдиң Куттуу Рамазан🫀

@elesterr💌


Берекелүү Жума күнү, Ыйык Рамазан айы...

Бул кооз күндө өзгөрүүгө кадамымды таштап, пайдалуу болууга ниет кылдым. "Эчтен көрө кеч"- деп, көптөн бери ишке ашпай жатканына кыжалат болуп, ичимден эле өрттөнүп жүргөн бул маселем бул кооз күнгө дал келгенине бир тарабынан кубанып турам. Ичимде болуп көрбөгөндөй башкача энергия, күч сезип жатам. Бирок, реалдуу жашоодо өзүмө күчүм жетээр бекен дейм. Аллах Таалам шерменде кылбасын. Өзү колдосо экен. Дубаңыздарда кошуп коюуңуздарды суранам.🤲🫀

Жума, Рамазан мацрамыңыздар менен куттуктайм😍💐

@elesterr💌


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Рамазан келсе эле айыгып кетчүдөймүн...🥹

Ооба, Рамазан келсе эле жашоом оңолуп кетчүдөй сезилип жатат...🥺

Аз калды. Аллахым ар бир күткөн инсанды Рамазанга чексиз жакшылыктары менен жеткирсин. Рамазан айын бизге пайдалуу, жемиштүү, хузурлуу кылсын ИнШаАллах 🥰🤲

@elesterr💌


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Ар бир китеп окуган кызга китептегидей сүйүү бар экенин далилдеген жана аны бактылуу кылуу үчүн китептерди белек кылган жигит келет...

Күткөн жетет, чырайлуу сабыр кылган бактылуу болот🤲🫀

Önüme çıkan videoya bir bakar mısınız😍❤️‍🔥

@elesterr💌


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
"Сүйүү үчүн өзгөрүү кыйын эмес,
Өзгөрүүгө себеп болгон сүйүүнү табуу кыйын"- дешет.

Заманына жараша таамай айтылган сөз дейм да. Сүйүү үчүн өзүнү өзүнө алмаштырып күрөшкөн ашыктарды китептен окуп, кинодон гана көрүп калгандайбыз. Же сезимдер өтө эле алсыз бул заманда, же баш тартуу оңой болуп калган окшойт каалаганга...🪽

@elesterr💌



Показано 15 последних публикаций.