Жаралгандардын арасындагы эң жогорку туу чоку – бул, адам баласы.
Адам баласы болсо – Алланын жердеги орун басары.
Анын денеси топурактан жаратылып, ичине Жараткандын кудуретинен бир дем үйлөнгөн.
Куран адам баласына кайрылганда, анын көңyлyн ошол асыл затка буруп, анын напсинин азгырыктарынан улам булганбашын самайт.