🇰🇬🇯🇵 КЫРГЫЗСТАНДЫН ФУТЗАЛ БОЮНЧА УЛУТТУК КУРАМАСЫ АЗИЯНЫН УЧУРДАГЫ ЧЕМПИОНУН ЖЕҢДИ
Кыргызстандын футзал боюнча Улуттук курамасынын Бангкок (Таиланд) шаарында өтүп жаткан 2024-жылкы футзал боюнча Азия Кубогунда старт алды. Курамабыздын биринчи беттешин бүгүн, 18-апрелде «Бангкок Арена» стадионунда Жапонияга каршы өттү.
Эске салсак, курамабыз Япония, Тажикстан жана Түштүк Корея менен «С» тайпасында жайгашкан.
Жапония курамасы - Азиянын учурдагы чемпиондоруна каршы беттешти эсеп саны -3-2 Кыргызстандын курамасы жеңди. Голдордун авторлору: Самат Джанат уулу (8'), Максат Алимов (20'), Кайрат Кубанычов (29').
Курамабыздын тайпадагы кийинки беттеши 20-апрель күнү Тажикстанга каршы өтөт.