"ИЛИМ НУРУ"онлайн окутуу мектеби


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Религия


Похожие каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Религия
Статистика
Фильтр публикаций


💖Кечирим сура, кечире бил!

Гүлдү тебелесең, андан жыпар жыт чыгат.

Адамдын жашоосу ар кандай сыноолор менен коштолуп, кайгы-капачылык, таарынычтарсыз өтпөйт. Бирок чыныгы момун адам кек сактабайт, кечиримдүү болот. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун) мындай деп айткан:

"Эки мусулмандын бири-бирин кечирбей үч күндөн ашык таарынышуусу адал эмес. Алардын эң жакшысы озунуп салам бергендер." (Бухари, Муслим)

Бирок, кээде жашоо-турмушубузда адамдар менен урушуп, кээде өмүр бою саламдашпай, тескери карап өтүп кетебиз. Аттиң десе, бул дүйнөдөгү таарынычтарга бекем карманган адамдардын акырети кандай болот экен? Бир ооз "Кечирдим" деп айтуу кыйын эмес эле го?

Кечирүү – улуулук белгиси

Биз беш убак намаз окуп, орозо кармап, зекет берип, бардык амалдарды аткарсак да, бир туугандарыбызга кек сактасак, бул иштерибиздин сообун жоготуп алуубуз  мүмкүн. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун) бир хадисинде мындай деген:

"Адамдардын амалдары ар аптанын дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү Аллахка көтөрүлөт. Аллахка шерик кошпогондордун күнөөлөрү кечирилет, бирок бири-бирине таарынгандар кечирилбей турат." (Муслим)

Бул дүйнөнүн кайгы-капасы убактылуу. Бүгүнкү күн батат, эртеңки күн чыгат. Бирок түбөлүктүү акыретке барганда бир-бирибиз менен эсептешүүгө туура келет. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун) айткан:

"Кыямат күнүндө мүйүзү жок эчки мүйүздүү эчкиден өч алат."(Муслим)

Бул хадистен алынган насаат – кыямат күнү ар бир адамга адилеттик орнойт. Ошондуктан ошол күнгө жетпей туруп эле бири-бирибизден кечирим сурап, жүрөктөгү таарынычтарды жоюп салганыбыз оң.

Кечирим сураган – эң жакшы адам

Аллах Таала Куранда мындай деп айтат:

"...Алар каарды иче билишет жана адамдарды кечиришет. Аллах жакшылык кылуучуларды сүйөт."(Али Имран, 134-аят)

Кечиримдүү болуу – ыймандын белгиси.  Таарынышууга шылтоо издебей, кечирүүгө себеп издеңиз. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун) дагы бир хадисинде мындай деген:

"Ким бир мусулмандын кемчилигин жашырса, Аллах да анын кемчилигин жашырат."(Муслим)

Андыктан, кечиримди биринчи сурап, биринчи болуп кечирүүгө аракет кылалы. Анткени, кечиримдүү адам – Аллахка сүйүктүү адам.

📍Дуба:

О, Жараткан Аллах! Өзүң кечиримдүүсүң, кечиримдүүлүктү жакшы көрөсүң, мени да кечир! (Тирмизи)

О, Аллах! Бизди кечирим сураган жана кечирим берген пенделериңден кыл! Жүрөгүбүздөгү кекти алып ташта, боорукер жана кечиримдүү болууну насип кыл! Аамин.

🧕Автор: Насиба Абдуллаева

📘"Эртең дебе" китебинен.

https://t.me/ilimnurusabaktar


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


Эмки суроо-жооп сабагы эмне жөнүндө болуусун каалайсыздар?

Пикириңиздерди комментарийге калтырыңыздар?


🎙️Суроо -жооптор


Бүгүн 17:40 та, аптанын жума күнөрү болуп жаткан Орозо тууралуу суроо-жооп сабагы болот.

Устаз: Уларбек Ташболотов.

WISE университетинин, ФЫКХ ХАНАФИЙ факультетинин докторанты.


Бөлүшүңүз:
https://t.me/ilimnurusabaktar


📍Орозодо күнүмдүк иштерибизге, ден соолукка, үй-бүлөбүзгө жакшылык тилеп, ар кандай дубаларды окуса болот. Айрыкча ооз ачарда жана сухурда кылынган дубалар сөзсүз кабыл болот. Ин шаа Аллах. Касиеттүү айдын улуу күндөрүндө турабыз. Ушул күндөрдү насип кылган Раббыма шүгүрлөр болсун. Кармаган орозоңуздар кабыл болсун. Жума күнүбүз берекелүү болсун жакшылар!

📍Ден соолук жана жакшылык үчүн дуба:

اللّهُـمَّ إِنِّي أَسْأَلُكَ العَفْوَ وَالعَافِيَةَ فِي الدُّنْـيا وَالآخِـرَةِ

"Аллахумма инни ас'алука аль-'афва вал-'аафията фи-д-дунья вал-ахира."

Мааниси:

"Оо, Аллахым . Сенден кечирим жана дүйнө менен акыретте аманчылык сураймын."

📍Үй-бүлөңүзгө тынчтык жана береке сураган дуба:

رَبِّ اجْعَلْنِي مُقِيمَ الصَّلَاةِ وَمِنْ ذُرِّيَّتِي ۚ رَبَّنَا وَتَقَبَّلْ دُعَاءِ

"Рабби-ж'алний мукиймас-салати ва мин зуррийяти, раббана ва такаббал ду’а."

Мааниси:
"Эгем, мени жана урпактарымды намазды туура аткаруучулардан кыл, оо, Раббибиз, дубабызды кабыл кыл." (Куран, Ибрахим сүрөсү, 40-аят)


📍Ишиңизге ийгилик жана береке тилөө:

اللّهُـمَّ يَسِّـرْ وَلا تُعَسِّـرْ، اللّهُـمَّ تَمِّـمْ بِالخَـيْرِ

"Аллахумма йассир ва ла туассир, Аллахумма таммим бил-хайр."

Мааниси:

"Оо, Аллах! Иштеримди жеңил кыл, оор кылба. Жакшылык менен бүтүр."


Төмөндө Профессор Доктор Салахтын ИЛИМ НУРУнан берилген суроолордун жооптору:



1⃣Алтынчы суроо⁉️:

🔹Намазда саждага барганда дуба кылса болобу? Кээ бирки аалымдардан болот, саждада каалаганыңарды айтып Аллахтан сурай бергиле деп айтты. Ушул нерсе туурабы?

Жооп:
🔶 Парз намаздарда саждага барганда дуба кылууга болбойт, макрух болот. Анткени сажда дуба кыла турган жер эмес. Ал эми кээ бир дуба кылса болот деген хадистердин өкүмү өчкөн. Ислам дининин башында дуба кылышкан, бирок кийин "СУБХаана роббияал аьлаа" деген тасбих түшкөн. Бул тасбих, жогорудагы саждадагы дубанын өкүмүн өчүргөн.


Бөлүшүңүз:
https://t.me/ilimnurusabaktar


Төмөндө Профессор Доктор Салахтын ИЛИМ НУРУнан берилген суроолордун жооптору:



1⃣Бешинчи суроо⁉️:

🔹Карызы бар адам Умрага же Ажыга барганга болобу?

Жооп:
🔶Карызы бар адам Умрага же Ажыга барса болот. Умрасы жана Ажылыгы өтөт.

Бөлүшүңүз:
https://t.me/ilimnurusabaktar


Төмөндө Профессор Доктор Салахтын ИЛИМ НУРУнан берилген суроолордун жооптору:



1⃣Төртүнчү суроо⁉️:

🔹Мени алып качып турмушка чыкканмын. Нике кыйып жаткан учурда мен ыраазы болгон эмесмин. Менин ордума күйөөм макулдук берип койгон.
Биздин никебиз туура болгонбу?

Жооп:
🔶Эгер сиз нике кыйып жаткан учурда үн чыгарып "мен макул эмесмин, турмушка чыкпайм же ж.б" сөздөр менен айтпаган болсоңуз, анда сиздердин никеңиздер дурус.

Бөлүшүңүз:
https://t.me/ilimnurusabaktar


Төмөндө Профессор Доктор Салахтын ИЛИМ НУРУнан берилген суроолордун жооптору:



1⃣Үчүнчү суроо⁉️:

🔹Мен үй салуу үчүн акча топтогон элем. Ушул топтогон акчадан зекет чыгарышым керекпи?

Жооп:
🔶Эгер топтолгон акча шариятта көрсөтүлгөн суммага жетсе(100 грамм алтындын баасына жетсе), бир жыл айланса андан зекет чыгаруу парз болот.
Ал акча үй салуу үчүн, той кылуу үчүн же башка максатта топтолсо да зекетин берүү парз.

Бөлүшүңүз:
https://t.me/ilimnurusabaktar


Төмөндө Профессор Доктор Салахтын ИЛИМ НУРУнан берилген суроолордун жооптору:



1⃣Экинчи суроо⁉️:

🔹Кадыр түндө аткарылуучу атайын намаз, зикирлер барбы?

Жооп:
🔶Кадыр кечеси үчүн белгиленген атайын ибадат жок. Бирок бул кечеде намаз, зикирлердин түрлөрүн, Куран окуу эң жакшы ибадат. Анткени бул кече эң ыйык кечелердин бири болуп саналат.

Бөлүшүңүз:
https://t.me/ilimnurusabaktar


Төмөндө Профессор Доктор Салахтын ИЛИМ НУРУнан берилген суроолордун жооптору:



1⃣Биринчи суроо⁉️:

🔹Лак, красканын ар кандай түрлөрү суу өткөрбөйт. Даарат да жарабайт. Салондо тырнак боёп иштегенге болобу?

Жооп:
🔶Бул жумушта иштегенге болот, тапканы да адал болот. Ал эми ким тырнагын боётуп даараты өтпөй калса, ал өзүнө күнөө, бирок боёп иштеген адамга күнөө болбойт.


Бөлүшүңүз:
https://t.me/ilimnurusabaktar


Оо, Раббым! Рамазандын акыркы он күндөрүн биз үчүн берекелүү кыл🤲❤️


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


📖АЯТТАРГА АМАЛ КЫЛСАҢ, АДАШПАЙСЫҢ

Жашы элүүгө келип калган такыба адам менен Жиддада бир отурушта эртеден кечке бирге болдум. Ички дүйнөсү таза, барга каниет, жокко тобок кылган керемет киши экен. Сүйлөшүп отуруп, мындай мыкты мүнөз тубаса мүнөзбү же тарбиянын күчүбү деп сурадым. Өзү тууралуу кыскача айтып берди:

Жаш кезимде намаз окубайт элем. Чекемди саждага тийгизбей, Алланын буйругун аткарбай жүрүү тынчымды деле алчу эмес. Бир жолу атам өзү менен чогуу умра кылууга мажбурлап көндүрүп, Мекеге, Каабага бардык. Аңгыча намаз убактысы болуп, баарыбыз сапка тизилдик. Кудай Өзү кечирсин, дааратым жогуна карабай, мен да элдин катарында тура бердим. Имам: "Айткын (о, Мухаммад): 'Эй, өз жанына зыян келтирген пенделер, Алланын ырайымынан үмүт үзбөгүлө, чынында Алла Таала бардык күнөөлөрдү кечирет, анткени Ал Кечиримдүү, Ырайымдуу'," ("Зумар" сүрөсү, 53-аят) деген аятты окуду.

Аятты укканда денем калчылдап, титиреп кеттим. Бул аятты мурда угуп жүрсөм да, кудум азыр гана уккандай жүрөгүм жибип, көзүмдөн жаш акты. Саптан чыгып кеттим... Барып даарат алып, кайра намазга турдум. Мына ошол ирмемден баштап жашоом өзгөрдү, Алланын дининде кайрадан төрөлдүм. Ошол күндөн бери бир да намазды убагынан кечиктирбедим. Куранды берилүү менен окуйм, зикирди кызыгуу менен чалам. Жан дүйнөм өзгөргөнүн байкадым. Көңүлүм тынч, жүрөгүм бейпил согот. Өзүнүн бир аятын Каабадан угузуу менен Алла Таала мени ушундай туура жолго салды, ушул жолдон эки дүйнө бактысын таптым..."

Жолдошумдун маеги мени да ойго салды. Биз Куранды окубайбыз, окусак түшүнбөйбүз же түшүнүүгө аракет кылбайбыз. Болбосо, Курандын ар бир аяты жашообузду өзгөртүп, туура жолго багыттамак.

Аяттарды кайра-кайра оку, акыл калча, ой жүгүрт. Бул кимдин сөзү деп өзүңө суроо бер. Ырайымдуу жана Мээримдүү Зат бизге тообо кылууну, ырайымды жана кечиримди сүйүнчүлөп жатат го?!

Эмне үчүн бул сүйүнүчтүү кабарды кабыл албайбыз? Бизди ибадаттан, тоободон, Алланын ырайымынан үмүт үздүрүү жана илим-билимден, жумуштан алагды кылуу үчүн аракеттенгендердин айтканына, жазганына дароо ишенебиз. Ал эми баарыбыздын Жаратуучубуз, Падышабыз Алланын айтканына көңүл бурбайбыз!

Мына азыр сага Алла Таала: "Сени кечиремин, сага ырайым кыламын" деп сүйүнчүлөп, убадасын берди. Эмнеге кубанбайсың, эмнеге убадасына тескери иш кылбаган Аллага дароо бет бурбайсың? Тур, тобо кыл, мындан аркы жашооңду Алла менен бирге өткөр, анткени Ал убадасында турат. "Чынында, Алла Таала макулуктарды жаратканда, Аршынын үстүнө: 'Менин ырайымым ачуумду басып кетет', деп жазган".

"Бакыттын сырын ачтым" китебинен алынды

https://t.me/ilimnurusabakta


Репост из: Илим нуру. Суроо - Жооп
Суроо:
- Венадан кан алса орозо бузулабы?



Жооп:
-Тамырдан кан алса, глюкоза алса, булчуңдарга ийне сайса, хиджама кылса жб даарылануунун түрлөрү орозону бузбайт.


📩Сурооңузду бериңиз!


.
.
.

🥳🥳🥳🥳🥳🥳🥳🥳🥳🥳🥳🥳🥳🥳🥳
Ассалому алейкум, урматтуу достор, бүгүн ●Профессор Доктор Салахка● суроо берүү кезеги ■ИЛИМ НУРУ■ менен болот.

📌📌📌📌📌📌📌📌📌📌📌📌📌📌Буга чейин жазгандардын суроолорун каттадык.

📍📍📍📍📍📍📍📍📍📍📍📍📍📍Жаңы суроо берүүнү каалагандар КОММЕНТАРИЙГЕ жазыңыздар!


Ал эми жеке суроосу барлар бул номерге жөнөтөсүздөр!
0706553857


*قال تعالى {فَسۡـَٔلُوۤا۟ أَهۡلَ ٱلذِّكۡرِ إِن كُنتُمۡ لَا تَعۡلَمُونَ }*

▪️ *يقدم لكم مركز أنوار العلماء بالتعاون مع دار نور العلم في قرغيزستان*

*فتاوى معاصرة*
*مع فضيلة الأستاذ الدكتور صلاح أبو الحاج - حفظه الله-*

✨ *يوم الثلاثاء*
18-رمضان

⏰ *الساعة 4.30 بتوقيت الأردن*.


📝 *جهزوا أسئلتكم قبل اللقاء وشاركونا الأجور*



*مجلس اليوم عبر رابط الزوم*

https://us02web.zoom.us/j/5308828795?pwd=bEpSY0ppN1ppWE51a1Z5MTdqSThyQT09


*للانضمام لمجموعة المجلس عبر الرابط الآتي*
https://t.me/+-S7m6394uRc1YzJk


🔖🔖🔖🔖🔖🔖🔖🔖🔖


💖Жакшылык – жан дүйнөнүн нуру

Жакшылык – адамзат үчүн Аллах Тааланын берген эң сонун белектеринин бири. Бул – адамдын жүрөгүн жылыткан, көңүлүн көтөргөн, өмүрдү маңыздуу кылган эң асыл сапаттардын катарына кирет. Жакшылык кылуу – адамдын өзүн жана коомду тазартуучу, тынчтыкты жана сүйүүнү орнотуучу эң маанилүү амалдардын бири. Ар бир жакшылык – жашоого жарык чачкан нур сыяктуу, бир адамдын жүрөгүнө кубаныч тартууласа, экинчи жагынан кылган амалыбыз акыретте бизге сооп катары кайтып келет.

📍Аллах Таала "Бакара" сүрөсүнүн 261-аятында мындай дейт:

_"Аллах жолунда мал-мүлкүн сарптагандардын мисалы – бир уруктай, ал жетик башак өсүрүп чыгарат. Ар бир башакта жүздөн уруктун данеги бар. Аллах каалаганына эселеп берет. Аллах – Кең Пейил, Билүүчү."_

Бул аятта жакшылык кылуунун сообу жетик башактай көп эселенип кайтарылаары баяндалат. Бир жолу кылынган жакшылык Алланын алдында чоң сыйлык менен кабыл алынат. Андыктан, колубуздан келишинче, адамдарга жардам берүү, муктаждардын муңун жеңилдетүү – Алланын ыраазылыгына жетелеген амалдардын бири.

🌹Жакшылыктын жашоодогу таасири

Жакшылык кылган адамдын жүрөгү жумшарат, ниети таза болот жана жашоосу берекеге толот. Адамга жардам берүү – руханий дөөлөттөрдүн эң жогоркусу. Ар бир адамдын көңүлүн көтөрүү – Кыямат күнүндө Аллахтын көлөкөсүндө калууга себеп болот.

📍Пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в) хадистеринин биринде мындай деген:

_"Кимде-ким бир боордошунун муктаждыгын чечсе, Аллах анын муктаждыгын чечет. Ким бир адамдын кайгысын жеңилдетсе, Аллах анын Кыямат күнүндөгү кайгысын жеңилдетет. (Муслим риваяты)

Бул хадис жакшылык кылуунун дүнүйөдө жана акыретте адамга кандай сооп алып келерин түшүндүрөт. Бирөөнүн кыйынчылыгын жеңилдеткен адам – өзү да Аллахтын жардамын көрөт.

💫Орозо Айы – жакшылыктын убактысы

Орозо айы – сооптор эселенип жазылуучу өзгөчө мезгил. Бул айда жакшылык кылуу – адамдын күнөөлөрүн кечирүүгө, жүрөгүн тазартууга чоң мүмкүнчүлүк берет. Пайгамбарыбыз (с.а.в) рамазан айында көбүрөөк садага берип, элге жакшылык кылууга үндөгөн. Бул тууралуу хадисте мындай деп айтылат:

_"Рамазан айында берилген садака – башка айларда берилген садакадан жети эсе артык."_ (Тирмизи риваяты)

Демек, бул айда бир адамга жардам берип, жакшылык кылуу – Аллахтын ыраазылыгына жетүүнүн эң мыкты жолу.

🌹Жакшылык – түбөлүктүү из калтырат

Жакшылык кылган адамдын амалдары эсте калат. Кичинекей жардам, жылмайуу же бир жылуу сөз да адамдын жашоосун өзгөртө алат. Кээде жөнөкөй эле жакшы мамиле бир адамдын үмүтүн жандандырып, жашоого болгон ишенимин арттырат.

🤲🏻Дуба

Оо, Жараткан! Ар бир таңды жакшылык менен баштоого насип эт. Биздин жүрөгүбүзгө боорукерлик, колубузга береке, оозубузга жакшы сөз сал. Жолубузга жакшы адамдарды жолуктур жана кылган жакшылыктарыбызды кабыл алып, акыретте жоомарттыгың менен бейиштен орун бер. Амиин!

🧕Автор: Насиба Абдуллаева

https://t.me/ilimnurusabakta

Показано 20 последних публикаций.