⚜Исламдагы жашоо⚜


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Религия


Максатыбыз Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллаху алейхи васаллам дын жолун жолдоп, жакшылыкка чакыруу, жамандыктан кайтаруу.
Баардык маалыматтар китептен алынат.

Сунуштар болсо @murzakanov_04 бул жака кайрылыныздар.

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Религия
Статистика
Фильтр публикаций


Курандан алынган эскертүүлөр:

Мазак кылба (49:11)

Кедейлерди тойгузгула (22:36)

Ушак кылба (49:12)

Момун бол (25:63)

Ачуусуңду башкара ал (3:134)

Анттарыңарды сактагыла (5:89)

Ата-энеңе орой мамиле кылба (17:23)

Ысырап кылба (17:26)

Конокторго боорукер болгула (51:24-27)

Жамандыкка жакшылык менен жооп бер (41:34)

Бош сөздөн кач (23:3)

Ушак таратпа (24:15)

Бири-бириңер жөнүндө жакшы ойлонгула (24:12)

Башкаларды шылдыңдаба (49:11)

Тазалыгың менен мактанба (53:32)

Ишеним жана убадаларды сакта (23:8)

Эгер душман тынчтыкты кааласа, аны кабыл ал (8:61)

Соодада адамдарды алдаба (6:152)

Садакаңардын кайтарылышын талап кылбагыла (76:9)

Динде эч кимди мажбурлаба (2:256)

Акылсызга да кооз сүйлө (25:63)

Аллахка ибадат кылбагандарды кордобогула (6:108)

Башкаларга аларга жасалган жакшылыктарды эскертпе (2:264)

Бейкүнөө адамды өлтүрүү – бүт адамзатты өлтүрүү (5:32)

Адамдын куткарылышы бүт адамзаттын куткарылышына барабар (5:32)




Сөгүнүү жана уят сөздөрдү колдонуу

– мусулман адамдын жүрүм-турумуна туура келбеген терс сапат. Куран жана хадистер бул маселеде бизге так насааттарды берет.
Курандан насааттар:

1. Жакшы сөз жана адептүүлүк жөнүндө:
«Кулдарыма айт, алар эң жакшы сөздөрдү сүйлөшсүн. Анткени шайтан алардын ортосуна от жагып коёт. Шайтан – адам баласынын айкын душманы.»
(Куран, 17:53)
2. Бузук сөздөрдөн качуу:
«Алла өзүнүн сөздөрүн бузук (жаман) жана пайдасыз сүйлөшүүлөргө короткон адамды жакшы көрбөйт.»
(Куран, 31:19)
Хадистен насааттар:

1. Жакшы сүйлөөнүн мааниси:
Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллаху алейхи ва саллам) айткан:

«Ким Аллага жана акырет күнүнө ишенсе, жакшы сөз сүйлөсүн же унчукпасын.»
(Бухари, Муслим)
2. Сөгүнүү мусулмандын сапаты эмес:
«Чыныгы мусулман башкаларга зыян келтирбейт, уят сөздөрдү айтпайт жана жаман мамиле кылбайт.»
(Тирмизи)
3. Жаман сөздөр менен адамдарды кемсинтүүгө тыюу:
«Чындыгында, жамандоо жана сөгүнүү – эки жүздүүлүктүн белгилеринен.»
(Тирмизи)

Сөз адамдын жүрөгүнүн күзгүсү. Сөгүнүү адамдын жүрөгү жана тили тазаланууга муктаж экенин көрсөтөт. Ар бир адам өз тилинин тазалыгына көңүл буруп, Алланын ырайымын жана кечиримин сурап, жакшы сөздөрдү сүйлөөгө аракет кылышы керек.
Эгер сөгүнүүгө же жаман сөз айтууга көнүмүш болуп калган болсоңуз, Алладан жардам сурап, сылык-сыпаа сүйлөө адатын өнүктүрүңүз. Пайгамбарыбыздын өмүрүнөн үлгү алып, жакшы сөз сүйлөө менен башкаларга таасир этүү – чоң сооп иш.




7 кылымдан бери Ислам менен жашап, араб болуп кеткен кыргызды көрбөдүм.

70 жылда орус болуп кеткен миңдеген кыргызды көрдүм.


Эмне үчүн Кыргызстанда элине, жерине кызмат кылып, элдин камын көргөн адамдарды башка адамдар көрө албастык жана жек көрүү менен карашат?
Ушул нерсе өтө өкүндүрөт.💔

(Макул алар менен ин шаа Аллах кыямат күнү сүйлөшөбүз).


Аллахтын сага сыноо бергени,
Үнүңдү уккусу келгени.
Сага дуба кылууга мүмкүндүк бергени,
Дубаңа жооп бергиси келгени.

✍🏻:@sol1ha_kg


Сыноо биз үчүн, мына ушул нерсени айтуу үчүн келет:

"Мен сени жакшы көрөмүн" мага кайткын эй пендем!

Мен сени"Тозок" үчүн жаратпадым, Мен сени "Бейишим" үчүн жараттым!

Мага жакындата турган жакшы амалдарды жаса!
Бейишимде коногум болууң үчүн!


"Дүнүйө – кыска өмүр, бирок Ахирет – түбөлүктүү жашоо."

(Өмүрүңдү акыйкат менен өткөр.)




Жигиттер нике кыйдырганда (тажвиди) жакшы молдого кыйдыргыла.


Жума күнү –

мусулмандар үчүн өзгөчө күн, анын өзүнө таандык сүннөттөрү жана адептери бар.
1. Гусул алуу (тазаланып жуунуу):
Жума күнү гусул алуу – бекемделген сүннөт. Пайгамбар (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деген:
"Кимде-ким Жума күнү гусул алып, намазга барса, анын бул күнү жасаган бардык кечиримге татыктуу иштеринин сыйлыгы эки эсе болот" (Бухари, Муслим).
2. Жакшы жыпар жыт колдонуу:
Жума күнү таза кийим кийип, денеге жыпар жыт себүү да сүннөт болуп саналат. Бул жамаат менен болгон сыйынууга өзгөчө маанилүүлүк берүү катары каралат.
3. Мисвак колдонуу:
Оозду тазалоо үчүн мисвак колдонуу – Жума күнүндөгү маанилүү сүннөттөрдүн бири.
4. Кахф сүрөсүн окуу:
Пайгамбар (саллаллаху алейхи васаллам) Жума күнү Кахф сүрөсүн окууну сунуштаган. Ал мындай деген:
"Ким Кахф сүрөсүн Жума күнү окуса, анын ортосундагы жарык келерки Жумага чейин нур чачат."
5. Жума намазга эрте баруу:
Жума намазга мүмкүн болушунча эрте баруу сүннөт болуп саналат. Ким эрте барып, имамга жакын отурса, анын сообу көбүрөөк болот.
6. Дуа жана салават кылуу:
Жума күнү дуа кылуу үчүн өзгөчө кабыл болуучу бир саат бар экени айтылган (Бухари, Муслим). Ошондой эле, Пайгамбарга (саллаллаху алейхи васаллам) көбүрөөк салават айтуу сунушталган.
7. Жамаатка көңүл буруу:
Имам хутба кылып жатканда сүйлөбөй, ынтымак менен угуу маанилүү.
8. Кошумча намаздар:
Жума намаздан мурун жана кийин кошумча сүннөт намаздарды окуу сунушталат. Жума намаздан кийин 2 же 4 ракәт сүннөт намаз окуу Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) адаты болгон.

Жума күнү – Аллах Тааланын берген өзгөчө күнү. Анын берекесин көбөйтүү үчүн ушул сүннөттөрдү аткарууга аракет кылуу маанилүү.




Умар бин аль-Хаттаб

(Аллах андан ыраазы болсун) Халифа болуп турган кезинде көбүнчө римдиктер менен согушкан. Римдиктер ар согушунда мусулмандардан саны көп болсо да жеңилүүгө учураган. Бир согушта римдиктер мусулмандардан жеңилип Дамаск шаарына качан, Гераклий (Римдиктердин бир кол башчысы) Антакъяга качат. Ошондо Гераклий Антакъяга барып римдиктердин кайра-кайра жеңилип жаткан сырын сурайт.
Гераклий: Согушуп жаткандар силер сыяктуу эле адамбы?
Римдик кол башчы: Ооба биздей эле адам.
Гераклий: Силердин саныңар көппү же мусулмандардын саны көппү?
Римдик кол башчы: Бардык беттеште (согушта) биздин саныбыз бир канча эсе көп болчу.
Гераклий: Анда эмне үчүн жеңилип жатасыңар?
Римдик кол башчы: Анткени, алар түндө намаз окуйт, күндүзү орозо кармайт, бири-бирин жаман иштен тыят жана бири-бирине жардам берет. Биз болсо күндүзү арак ичебиз, түнү зына кылабыз, убадабызды аткарбайбыз, бири-бирибизди сыйлабайбыз жана жардам бербейбиз. Жеңилүүнүн сыры мына ушул, - дейт.


✨•Көзүңдү сакта!•✨

"Көздү сактоо" Эгер кокус бирөөнү көрүп калсак,ал күнөө эмес. Андан кийин атайын кароо бул күнөө.
📌Эркекпи, аялбы ажыратуу үчүн кароо күнөө эмес.

📌Пайгамбарыбыз (с.а.в) Али (р.а)га айтты: "«Эй, Али! Бир карагандан кийин экинчи жолу караба! Экинчи караганың сен үчүн күнөө болот». М.а кокустан бирөөгө көзү түшсө, ошол замат көзүн башка тарапка буруу керек же көздү ылдый кылуу керек.Ушундай кылууда күнөө эмес.
📌Дагы бир жолу эгер атайлап караса анда күнөө болот.
عن الحسن مرسلا:قال بلغني أن رسول الله صلى الله عليه و سلم قال:لعن الله الناظر والمنظور إليه.
📌Хасан Басри (рахимахулла) айтат: "Мага мындайча хадис жетти: Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты:" (Махрам эместерге) караган адамга да,(махрам эместерге) өзүн көрсөткөн адамга да Алланын каргышы (наалаты) болсун!"

Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты:
"Үч түрдүү адамдардын көздөрү тозокту көрбөйт (Башкача айтканда алар тозокко киришпейт):
1)Алланын жолунда сакчылык кылган көз.
2)Алладан коркуп ыйлаган көз.
3)Алланын арам кылган нерселерин көрүүдөн баш тарткан көз".
📌Ким өзүнүн көзүн сактаса,анын көрөгөчтүгүндө Аллах нур койот деген.
📌Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: "Кайсы бир мусулман бир аялдын кооздугуна (байкабастан бир жолу) караса, андан соң ошол замат көзүнү ылдый кылса, Аллах Таала анын ордуна ага бир ибаадат берет ал анын даамын татат"
📚احكام تختص بالمؤمنات
📌 Көзүбүздү арамдан сактайлы!
📌 Көздү сактабоо унутчаактык ооруусуна алып келет.
📌Эмне учун Кураан же Хадис жаттай албай жатабыз? себеби - Көздү сактабоо зээнди начарлатат...✨)


✍🏻:@sol1ha_kg


Аз калды ин шаа Аллах, аз калды...☺️


Репост из: Солиха кыз)
Ар бир сүрөттө Пайгамбарлардын ысымдары катылган , алар кайсылар?

Жообун тапкандарга менден Хадия 🙊⤵️


Бүгүнкү күнгө Аллага шүгүр кылып, дуба менен башта. Бул күн сен үчүн берекелүү жана жакшылыктарга толо болушу мүмкүн. Ар бир ишиңде Аллахтын ыраазылыгын көздөп, сабыр жана шүгүр менен аракет кыл. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айткандай, "Эң жакшы адам – башкаларга пайдасы тийген адам", ошондуктан, бүгүн башкаларга жардам берүү, жакшы сөз айтуу же кичине болсо да кайрымдуулук кылуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарба. Аллахтан туура жолдо туруктуулук сурап, күндү ибадат жана жакшылыктар менен толукта.


Пайгамбарыбыз с.а.в айтты:

- Кимде ким ар бир намаздан кийин аят Аль - Курси сүрөсүн окуса, анда анын бейишке кирүүсүнө өлүм эле тоскоолдук болуп калат - деди.....


- Эй, Фатима! Тур намазыңды оку. Эч качан атам Пайгамбар экен деп, кабатыр болбой койбо. Эгер Аллахтын рахматы болбосо, мен да эч нерсе кыла албаймын!"

Эй, бейнамаз тууганым! Сен кимге ишенип кабатыр болбой намаз окубай жүрөсүң?!

Показано 20 последних публикаций.