Орозону кантип пайдалуу өткөрөбүз?Пайгамбарыбыз Мухаммад ﷺ айтат:
“Канча адамдар бар, алар түнү менен намаз окушат, бирок (мындай ибадаттан) аларга уйкусуз калганынан башка эч нерсе жазылбайт. Канча адамдар бар, алар орозо кармашат, бирок (бул орозодон) аларга ачка жана суусаганынан башка эч нерсе жазылбайт.”
Ошондуктан биз бул айды толук пайда менее өткөрүүгө аракет кылуубуз керек.
Төмөндө бир нече күнүмдүк тапшырмаларды калтырам, пайдалуу болот деп ишенем. Жана бул пост менин такыбалыгымдын белгиси эмес, балким өзүмө эскертүү жана башкаларга пайдасы тийсе деген ниетте 👌🏻
Күнүмдүк зарыл тапшырмалар:
✔️Азында 1 пара (джуз) Куран окуу (тилават). Эгер окуганды билбесеңиз, күнүгө Куран үйрөгүүгө убакыт бөлүңүз
✔️Эртен мененки жана кечки зикирлер жана дуалар
✔️Диний китептерди окуу (таалим)
✔️Нафил намаздарды окуу (Тахажжуд, Ишрок, Духа, Авбабин, Таравих)
✔️Башка адамдарга эскертүү, жеткирүү (даават)
Эмнеден сактанабыз?❌Гыйбаттан (ушак)
❌Көп уктоодон
❌Көп жэөөдөн (өзгөчө ифтарда)
❌Талашып-тартышуу, урушуу, касташуу
❌Тик-Ток, сериал ж.б пайдасыз нерселерге уьакытты кетирүү
Кыскасы ушундай, дагы кошумчаңыз болсо комментарийге жазыңыз, пайдалуу болот 🙂