Кемель Садыков өз арызынын негизинде кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.
3-мартта Садыковду расмий узатуу аземи өттү.
Белгилей кетсек, ал 2021-жылдын 16-сентябрынан бери ЖАМКнын биринчи орун басары кызматын аркалап келген.