⚡️Бүгүн Пекин шаарында “Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан” темир жолу долбоорун биргелешип илгерилетүүдөгү кызматташуу макулдашуусуна кол коюу аземи өттү
Ага үч өлкөнүн Транспорт министрликтери кол койду. Президент Садыр Жапаров буга карата аземдин катышуучуларына видеокайрылуу жасады.
Мамлекет башчысынын куттуктоо сөзүндө төмөнкүдөй айтылат:
Ага үч өлкөнүн Транспорт министрликтери кол койду. Президент Садыр Жапаров буга карата аземдин катышуучуларына видеокайрылуу жасады.
Мамлекет башчысынын куттуктоо сөзүндө төмөнкүдөй айтылат:
«Урматтуу аземдин катышуучулары,
Урматтуу кесиптештер, достор!
Сиздерди Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруунун башталышын белгилеген тарыхый окуя менен куттуктайм.
Долбоор Кыргыз Республикасынын, Кытай Эл Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын ортосундагы жаңы доордо баарын камтыган стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында кызматташуунун символу болот. Евразия мейкиндигинде бул негизги континенталдык көпүрөнү түзүү биздин элдерге олуттуу пайда алып келет.
Темир жолдун курулушун баштоодо ийгилик каалайм жана долбоор биздин өлкөлөрдүн жана элдердин өнүгүшү үчүн тез арада бүтүп, жаңы темир жол ишке киргизилет деп ишенем».