💸 Ар бир он кыргызстандыктын алтоосу каржылык стресске кабылганКыргызстанда калктын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча
2027–2031-жылдарга жаңы программа сунушталды. Тиешелүү токтомдун долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
📊 2025-жылдагы изилдөөгө ылайык, кыргызстандыктардын жалпы каржылык сабаттуулук индекси
59% түзгөн. Ал эми жарандардын
59%ы жогорку деңгээлдеги каржылык стрессти баштан кечирет.
Изилдөөдө калктын болгону
34%ы зарыл болгон минималдуу каржылык билимге ээ экени, ал эми узак мөөнөттүү туура каржылык көз карашы калыптанган адамдардын үлүшү
7% гана экени айтылат.
📌 Жаңы программада калкты:
• жеке каражатты туура башкарууга;
• насыяларды жоопкерчиликтүү пайдаланууга;
• санариптик каржы кызматтарын коопсуз колдонууга;
• каржылык алдамчылыкты таанууга;
• топтоо, камсыздандыруу жана инвестициялык инструменттерди туура пайдаланууга үйрөтүү каралган.
🎯 2031-жылга карата каржылык стресси жогору жарандардын үлүшүн
59%дан 40%дан төмөн түшүрүү, каржылык сабаттуулук индексин
кеминде 63%га жеткирүү жана алдамчылыктын белгилерин тааный алган адамдардын үлүшүн
85%га чейин көбөйтүү максат кылынууда.
💰 Ошондой эле алты айдан ашык чыгымга жетерлик
каржылык коопсуздук жаздыгы бар жарандардын үлүшүн 15%дан 25%га көбөйтүү сунушталды.
Программа балдарга жана жаштарга, аялдарга, эмгек мигранттарына жана алардын үй-бүлөлөрүнө, айыл тургундарына, аз камсыз болгон жана улгайган адамдарга, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана жаңыдан иш баштаган ишкерлерге өзгөчө көңүл бурат.
📅 Программаны Улуттук банк координациялайт. Аралык баалоо
2029-жылы, жыйынтыктоочу баалоо
2031-жылы жүргүзүлөт. Долбоор азырынча коомдук талкууда.
@kgosho Билип жаша!