Kloop кыргызча


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: не указана


Кыргызстандын маанилүү жана кызыктуу жаңылыктары кыргыз тилинде.
Сайт: https://ky.kloop.kg
Фейсбук: https://www.facebook.com/KloopKyrgyz/
Инстаграм: https://instagram.com/kloopkyrgyz

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
не указана
Статистика
Фильтр публикаций


Нурланбек Шакиев жаңы Агартуу министрлиги түзүлөрүн айтты

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев кийинки жылы Билим берүү министрлиги экиге бөлүнүп, жаңы Агартуу министрлиги түзүлөт деп билдирди.

Анын айтымында, мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүнү Агартуу министрлиги, ал эми жогорку окуу жайдагы билим берүүнү Билим жана илим министрлиги тескеши керек.

«Билим берүү министрлигине эки баштуу министр койсок да ишти алып кете албай жатат. Ошол багытта демилге көтөрүп, парламентте да айттым, министрликти бөлүш керек. Сапаттуу билим берүү болбосо, сапаттуу келечек болбойт. Мына ушул демилгени прездентибиз кубаттап, жаңы жылда жаңы министрлик түзүлгөнү турат»,

— деди Шакиев.

#кабарлар


Аламүдүндө кыз уурдоого шектелген эки киши кармалды

20-декабрда Чүй облусунун Аламүдүн районунда мажбурлап никеге тургузуу үчүн кыз ала качкан эки шектүү камакка алынды.

Жабырлануучу кыздын айтымында, окуя 18-декабрда болгон. Шектүүлөр аны уурдап, Маевка айылына алып барышкан. Молдо чакырып нике кыюуга аракет кылышкан, бирок кыз макул болгон эмес. 

Кийин шектүүлөр кызды Беловодское айылына алып барып, ал жерде анын эркине каршы кармап турушкан.

Бул боюнча «Кыз ала качуу» беренеси менен иш козголуп, 30 жана 35 жаштагы эки шектүү тергөө абагына киргизилди.

#кабарлар


Жарандар 1-январдан тарта бензиндин ар бир литрине 1 сомдон кошумча төлөй баштайт — Минкаб жобону бекитти

Минкаб «Автоунаа жолдорун оңдоого, тейлөөгө, курууга жана реконструкциялоого жыйымдарды алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтом кабыл алды.

Буга чейин президент кол койгон «Жол фонду жөнүндө» мыйзам 1-январда күчүнө кирет. Аны Жогорку Кеңеш 20-ноябрда кабыл алган.

Мыйзамга ылайык, эми күйүүчү майдын ар бир литри үчүн 1 сомдон кошумча жыйым алына баштайт — ал Транспорт министрлигинин алдындагы Жол фондуна түшөт.

Минкабдан жыйымдарды бензин жана дизель отунун импорттоочулар менен өндүрүүчүлөр төлөй турганын белгилешти.

«Жыйымдардан түшкөн каражат автоунаа жолдорун оңдоого, тейлөөгө, курууга жана реконструкциялоого гана пайдаланылат»,

— деп жазылган Минкабдын билдирүүсүндө.

Документтин демилгечилеринин маалыматына ылайык, азыр жылына жолдорду коопсуз абалда кармап туруу үчүн талап кылынган 10 млрд сомдун ордуна мамлекеттик бюджеттен 2 млрд гана сом бөлүнөт. Бөлө келгенде бул жолдун ар бир чакырымына 100 сомдон гана туура келет. Демилгечилер жолдорду талаптагыдай кармап туруу үчүн бул «өтө эле аз» экенин белгилеп жатышат.

#кабарлар


Президент: Ар бир аял, бала өзүн коопсуз сезиши үчүн болгон күч аракетти жумшайбыз

20-декабрда үчүнчү Элдик Курултайда президент Садыр Жапаров аялдар менен балдарга болгон зордук-зомбулук маселесине токтолуп, мындай учурларга шалаакылык кылган күч кызматкерлери иштен ажырай турганын белгиледи.

«Мен аялдар менен балдарга болгон зордук-зомблукту терс кабыл алуу менен карайм. Буга жол бербешибиз керек. [..] Коомубузда ар бир аялзаты, ар бир бала өзүн коопсуз сезиши үчүн болгон күч аракетти жумшоо биздин негизги милдетибиз болушу керек. Укук коргоо органдардын бирден бир ыйык милдети алсыздарды коргоо экенин эскертип келем»,

— деди ал.

Өлкө башчы Эмгек министрлигине үй-бүлөнү бекемдөө үчүн сунуштарды берүүнү тапшырды.

Маалыматтарга ылайык, өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандардын саны өсүүдө. Жабыркагандардын басымдуу бөлүгү — аялдар. Быйыл сегиз айда эле үй-бүлөлүк зомбулуктун 10 миңден ашык учуру катталган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 24,1%га көп.

#кабарлар


Бишкекте үчүнчү Элдик курултай башталды

Ага өлкөнүн бардык аймактарынан келген 700 делегат катышат.

Президент Садыр Жапаров быйыл да жыйынтыктоочу маалымат жыйынын өткөрбөйт. Буга чейин анын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов журналисттер өз суроолорун мамлекет башчысына курултайда бере алышарын «Клоопко» билдирген.

Бирок өткөн курултайларда делегаттар президентке дээрлик курч суроолорду берген эмес — негизинен алар азыркы бийликти макташкан.

Ноябрда Жапаров «бийликке нааразы» журналисттерди курултайга делегат болуп шайланууга чакырган.

Сүрөт: Аскат Алагөзов

#кабарлар


💡Энергетика министри: 1-майдан тарта өлкөдө электр энергиясы кымбаттайт

Энергетика министри Таалайбек Ибраев 2025-жылга карата пландар боюнча өткөрүлгөн брифингде 1-майдан тартып электр энергиясынын баасы 15-20% жогорулай турганын билдирди.

Министр инфляцияга карата тарифтер жыл сайын жогорулап турат деп белгиледи.

Ибраевдин айтымында, азыркы учурда 700 кВт саат 1 сом 11 тыйын турса, тариф жогорулагандан кийин бул суммага дагы 20-23 тыйын кошулушу мүмкүн. Министр бул сумманы «анча чоң эмес» деп белгиледи.

«Биз ошол эле зымдарды, трансформаторлорду, майларды жана башка өчүргүчтөрдү сатып алабыз. Инфляция алардын баасына жыл сайын таасир этет. Инфляция канча пайызга жогоруласа, биз да ошончо пайызга көтөрөбүз [...] Эгер тарифти акырындык менен көтөрбөсөк, бир күн келип караңгыда калышыбыз мүмкүн»,

— деди ал.

Жарыкты өчүрүүлөр качан аяктайт деген суроого Ибраев электр энергиясын чектен аша пайдаланган гана райондордо өчүрүлүп жатат деп жооп берди.

Министрдин айтымында, убактылуу чектөөлөр болбосо айрым райондор бир жума же бир ай бою электр жарыгысыз калышы мүмкүн.

Буга чейин Таалайбек Ибраев кыш мезгилинде атайын өчүрүүлөр болбойт деп билдирген болчу.

11-12-декабрда өлкөдө жарык колдонуу эң жогорку чекке жеткени айтылып, убактылуу өчүрүүлөр болору эскертилген.

Көп өтпөй президент элди дагы үч-төрт жыл чыдап коюуга чакырып, Камбар-Ата-1 ГЭСи курулуп бүтсө маселе толугу менен чечилет деп ишендирген.

#кабарлар


Чүй облусунда УКМКнын кезектеги жаңы имараты ачылды

19-декабрда УКМКнын Чүй облустук башкармалыгынын имаратынын ачылыш аземине президент Садыр Жапаров катышты.

Жапаров атайын кызматтын Чүй облустук башкармалыгынын буга чейин өзүнүн имараты болбогонун айтып, бул калкы көп аймакта толук кандуу иш жүргүзүүгө кедергисин тийгизип келгенин белгиледи. Ошого ал 2022-жылы жаңы имарат курууну демилгелеп, аны УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өз колуна алган.

«Бул заманбап имараттардын ачылышы менен коопсуздук кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугу жана ыкчамдыгы артып, ички-тышкы коркунучтарга каршы күрөшүүнүн сапаты жогорулайт деп үмүт артам»,

– деди президент.

Имараттын жалпы аянты беш миң чарчы метрди түзөт. Бардык керектүү жабдыктар менен камсыздалган.

2021-жылдан тарта өлкөдө укук коргоо органдарынын, айрыкча, УКМКнын имараттары жаңыланып, ачылыш аземи салтанаттуу түрдө өткөрүлүп келет. Өткөн жылы Ташиев өлкө боюнча УКМКнын 50гө жакын жаңы имараты курулганын айткан.

#кабарлар


Жогорку Кеңеш милиция кызматкерлерин видеого тартууга тыюу салган мыйзам долбоорун четке какты

Парламенттин 19-декабрдагы жыйынында милиция кызматкерлерин сүрөткө жана видеого тартууга тыюу салган мыйзам долбоору экинчи окуудан өткөн жок.

Документти болгону 44 депутат колдоп, алты эл өкүлү каршы добуш берди.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Бактыяр Калпаев соцтүйүндөрдө милиция кызматкерлери азыртадан эле аларды видеого тартууга тыюу салынганын айткан видеолор тарап жатканын билдирди.

«Биз бул жөнүндө билебиз. Аны комитетте талкуулаганбыз, сиз бул маселени туура көтөрүп жатасыз [...] Ар бир жарандын видеого тартууга укугу бар»,

— деди долбоордун автору Сүйүнбек Өмүрзаков.

Ал ички иштер министринин орун басары Эркекбек Аширхожаевди кол алдындагы кызматкерлерге мыйзам долбоору дале парламентте каралып жатканын жеткирүүгө чакырды.

Бирок Калпаев милиция кызматкерлери азыр эле аларды видеого тартууга тыюу салынды деп ойлоп жатса, мыйзам кабыл алынгандан кийин башаламан болорун айтты.

«Мыйзам долбоорун артка кайтарып алгыла, анткени эл айыптарга каршы болуп жатат. Мындай жазалар менен биз жакшылыкка барбайбыз. Милиция өзү укук коргоо кызматкери болуп турса кантип өз укугун коргой албайт?»

— деди депутат.

Өмүрзаков эл мындай өзгөртүүлөргө каршы эмес экенин, тескерисинче колдоп жатканын билдирди. Ал кеп милиция кызматкерлери бар видеолорду монтаждап, окуянын маанисин бурмалаган учурлар жөнүндө болуп жатканын билдирди.

Документтин авторлорунун пикиринде, жарандар соцтүйүндөрдө мындай сүрөттөр менен видеолорду милиция кызматкерлеринин «кадырын кетирүү максатында» таркатып жатышат.

Мыйзам долбоорунда укук коргоо кызматкерлеринин «кадырын кетирген» сүрөт жана видеолорду соцтүйүндөрдө тараткандарга 5 миң сом өлчөмүндө айып салуу же беш суткадан жети суткага чейин камакка алуу жазасы сунушталууда.

Демилгечилер мындан тышкары Кылмыш-жаза кодексинин «Бейбаштык» беренесине толуктоо киргизүүнү сунуштоодо. Анда бийлик өкүлүнө же коомдук тартипти камсыздоо боюнча кызматтык милдетин аткарып жаткан адамга каршылык көрсөткөндөргө 50 миңден 200 миң сомго чейин айып салуу же бештен жети жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталууда.

#кабарлар


Бишкектен Сокулукка чейин жаңы автобус каттамы ишке кирди

Бишкек шаардык мэриясы Бишкек-Сокулук (Сары-Өзөн) багыты боюнча №32 автобус каттамын ишке киргизди.

Жалпысынан бул каттамда 25 автобус 10-14 мүнөттүк аралык менен каттайт. Автобустардын акыркы токтоочу аялдамасы— «Ак-Куу» тоок фабрикасы.

Жол кире акысы Сокулукка чейин 35 сом. Ал эми шаар ичинде 20 сом.

Мэриянын маалыматы боюнча, бул каттамдагы автобустар келечекте жаңы Isuzu маркасындагы автобустарга алмаштырылат. Алардын айтымында, алмаштыруу бажы жана каттоо процедураларынан кийин ишке ашат.

«Сокулук-Бишкек багыты боюнча туруктуу каттам ачылгандыктан, убактылуу иштеп жаткан № 19 автобус каттамы ишин токтотот», — деп кошумчалашты мэриядан.

Октябрдын аягында Сокулук жана анын тегерегиндеги шаарлардын тургундары коомдук транспорт каттамдарындагы өзгөрүүлөрдөн улам олуттуу көйгөйлөргө дуушар болушкан. Бишкек шаарынын бийлиги эми Чүй облусунун бардык жашоочулары жаңы шаар четиндеги автовокзал аркылуу кирип-чыгышы керек деп чечкен. Бийлик ойлоп тапкан бул жаңы жай Бишкектен Сокулукка баруу убактысын болжол менен 1,5 саатка узарткан.

«Клооптун» журналисттери Бишкектен Сокулукка жол тыгыны эң көп болгон маалда барып, жол кандай көрүнөрүн байкап көрдү. Жолдун узак жана ыңгайсыз экени аныкталды — кырдаалды түгөнбөгөн тыгындар жана элге толгон автобустар ого бетер оорлотууда.

#кабарлар


❗️Парламент интернетте жалаа жапкандарга айып салган мыйзам долбоорун кабыл алды

Депутаттар Жогорку Кеңештин 19-декабрдагы жыйынында ЖМКда жана интернетте «жалаа жабуу, мазактоо» үчүн айып салуу жөнүндө мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.

Ага 68 депутат макул, төрт депутат каршы добуш берди: Дастан Бекешев, Сеидбек Атамбаев, Элдар Абакиров жана Жанар Акаев.

Ноябрдын аягында парламенттин Укук тартиби боюнча комитети мыйзам долбоорунун өзгөртүлгөн вариантын кабыл алган. Эми жалган маалымат тараткан адамдарга 20 миң сом, медиаларга 65 миң сом айып салынат.

Буга чейин кайсыл маалыматтын жалаа же мазактоо экенин Маданият министрлиги аныктай турганы айтылса, эми укук коргоо органдары аныктай турган болду.

Мыйзам долбоорун Маданият министрлиги сунуштаган. Бирок активисттер жана укук коргоо боюнча эл аралык уюмдар ал сөз эркиндигин чектей турганын айтышууда.

#кабарлар


Салык кызматынын башчысы болуп Алмамбет Шыкмаматов дайындалды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Алмамбет Шыкмаматовду Салык кызматына жетекчи кылып дайындады.

Шыкмаматов быйыл июндан бери президенттин кеңешчиси болуп иштеп келген. 2023-жылдын сентябрынан 2024-жылдын июнуна чейин ал Мамлекеттик ипотекалык компанияны жетектеген.

Шыкмаматов юстиция министри, мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы сыяктуу бир катар кызматтарда иштеген. Ошондой эле ал Жогорку Кеңеште «Ата Мекен» партиясынын лидери болгон.

Буга чейин салык кызматынын башчысы Алтынбек Абдуваипов менен орун басары Исламбек Кыдыргычев кармалган. Алар электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазга байланышкан «алдамчылыкка» шектелип камакка алынган.

Бул иш боюнча Бишкектеги райондук жетекчилер да камалып, салыкчылардын мыйзамсыз ишинен бюджетке 3,2 млрд сом зыян келтирилгени айтылган. Ага Салык кызматына жетекчинин милдетин аткарууга дайындалган Кыдыкбек Кыдыровдун да катыштыгы бар экени айтылган.

#кабарлар


Аймактардагы 20 имамга кызматтык унаа берилди

18-декабрда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы аймактардагы райондук 20 имамга унаа берилгенин билдирди.

Муфтияттан «Клоопко» Кыргызстанда чыгарылган Chevrolet Cobalt үлгүсүндөгү 20 унаа мамлекеттик бюджеттен эмес, кайрымдуулук катары белек кылынганын айтышты. Бирок ким тарабынан берилгенин ачыкташкан жок.

«Иш-чаранын негизги максаты райондордо дин кызматкерлеринин ишин жеңилдетүү жана элге ыңгайлуу, сапаттуу кызмат көрсөтүүнү камсыздоо болуп эсептелет. Кызматтык унаалар баш имам-хатибдердин жумуштук милдеттерин ыкчам жана натыйжалуу аткаруусуна өбөлгө түзөт», — дешти муфтияттан.

Дин башкармалыгынан жакында дагы райондук 20 имамга унаа берилерин кошумчалашты.

#кабарлар


Абактагы ишкер Имамидин Ташов ачкачылыкты токтотту

Кыйноолорду алдын алуу борбору «KG Групп» курулуш компаниясынын абактагы негиздөөчүсү Имамидин Ташов ачкачылык кармоону токтотууга макул болгонун билдирди.

«18-декабрдан тартып ачкачылыктан расмий түрдө баш тартам. №21 мекеменин кызматкерлерине эч кандай арыз доом жок»,

— деп билдирген ишкер.

Ташовдун адвокаты Нурсултан Жаныбековдун айтымында, ал 6-декабрдан бери ачкачылык кармап жаткан.

Ташов бийликти күч менен басып алуу, бийликти күч менен басып алууга чакырык жасоо жана мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө айыпталып апрелден бери камакта отурат. Акыркы жолу абактагы мөөнөтү 8-февралга чейин узартылган.

Ишкерге кылмыш иши 2024-жылдын башында, ал УКМК кызматкерлерин аны уурдоого жана мыйзамсыз курулуш иши боюнча мамлекетке төгүп берген 52 млн сомдон тышкары, дагы 100 миллион сом талап кылууга айыптаган видеосу жарыялангандан кийин козголгон. Ишкер өзү тагылган айыптарды четке кагууда.

#кабарлар


«Таза иштегиле». Президент Акылбек Жапаров салык түзүмүндөгү алешемдик үчүн иштен алынганын айтты

Президент Садыр Жапаров минкабдын мурдагы төрагасы Акылбек Жапаровду салык кызматынын жетекчилери кармалганына байланыштуу иштен четтетүүгө аргасыз болгонун айтты.

Ал Жогорку Кеңештин 18-декабрдагы жыйынында Жапаровдун салык түзүмүндөгү мыйзамсыз аракеттерди мурдатан эле токтотуп калууга мүмкүнчүлүгү болгонун белгиледи.

«Анын кызматтан кетишин ашыкча саясатташтыруунун кажети жок деп ойлойм. Бирок, өлкө бюджетин түзүүчү Салык системасындагы оркойгон терс көрүнүштөр баарыбызды кейитти. Маселен, акциз маркаларына байланышкан махинациялар ашкереленип жатат. Бул Акылбек Үсөнбековичтин түздөн түз көзөмөлүндө болчу. Салык кызматынын жетекчилеринин кармалышы боюнча окуя тергелип жаткандыктан, кызыкчылыктар кагылышына жол бербөө үчүн аны кызматтан четтетүүгө мажбур болдум»,

— деди ал.

Президент министрлер тапшырмаларды ыкчам аткарганы үчүн жетишкендиктер болуп жатканын айтып, мында Жапаровдун да салымы бар экенин белгиледи.

Ал жаңы дайындалган өкмөт башчыны жана министрлерди таза иштөөгө чакырып, ага «көзү жетпесе азыртан арызын жазып, иштен кеткени оң экенин» эскертти.

«Биз да кетебиз. Мөөнөтүңөр бүткөндө сиздер да кетесиздер. Мамлекет, элибиз гана түбөлүк калат. Башкысы эл кызматына татыктуулар, чынчылдар, мекенчилдер келип, жалпы журтубузга ак кызмат кылып беришсе. Министрлерге айтаарым, араңарда мурдатан бери иштеп келгендер бар, ал заманды унуткула. Өз тармагыңарды ирээтке келтиргиле. Коррупциялык элементтерди, уурулукту түп тамыры менен жок кылгыла, таза иштегиле»,

— деди өлкө башчысы.

#кабарлар


Шаардык сот Temirov Live’дын журналисттерине чыккан өкүмдү өзгөртүүсүз  калтырды 

Бишкек шаардык сот Temirov Live жана «Айт Айт Десе» долбоорунун учурдагы жана мурдагы кызматкерлерине чыкгарган райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды.

Тагыраагы, долбоор жетекчиси Махабат Тажибек кызы алты жылга, акын Азамат Ишенбеков беш жылга соттолду. Журналисттер Актилек Капаров менен Айке Бейшекеева үч жылдык пробациялык көзөмөлгө алынып, калгандары кылмыш курамы жок деген негизде акталды.

Отурумда Махабата Тажибек кызы баласына көз жаш менен «сени таштап кетти деп ойлобо. Биз болгону сен жакшы өлкөдө өмүр сүрүшүң үчүн күрөшүп жатабыз» деп кайрылды.

Ал эми адвокат Ишенбековго негизсиз айып тагылып жатканын айтып, чоң апасынын жагдайына байланыштуу сот жеңилдик кылып, же бошотушу керек экенин билдирди.

Ишенбеков «мени көрбөсө, мен чыкпасам да, үнүмдү уксун» деп чоң апасына арнап ыр окуду.

Бул иш боюнча эксперттердин бири оруп калганын айтып, калгандары белгисиз жагдайлар менен сот отурумуна келген жок.

#кабарлар


Министрлер кабинетине жаңы жетекчилер дайындалды

Адылбек Касымалиев минкабдын төрагасы, Данияр Амангелдиев төраганын биринчи орун басары, Бакыт Сыдыков экономика министри болуп бекиди.

Тиешелүү жарлыкка 18-декабрда президент Садыр Жапаров кол койду.

Жаңы дайындалган жетекчилер Жогорку Кеңештин жыйынында президенттин катышуусунда ант беришти.

#кабарлар


ЖК комитети милиция кызматкерлерин видеого тартууга тыюу салган мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды

17-декабрда парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети милиция кызматкерлерин сүрөткө жана видеого тартууга тыюу салган мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды.

Документте укук коргоо кызматкерлеринин «кадырын кетирген» сүрөт жана видеолорду соцтүйүндөрдө тараткандарга 5 миң сом өлчөмүндө айып салуу же беш суткадан жети суткага чейин камакка алуу сунушталууда.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Дастан Бекешев «видео милиция кызматкеринин кадырын кетирүү максатында тартылганы кантип аныкталарын» сурады. Анын айтымында, мыйзам кабыл алына элек болсо да, айрым кызматкерлер азыртадан эле жарандарга видеого тартууга болбой турганын эскертүүдө.

Документтин демилгечиси Сүйүнбек Өмүрзаков кеп сүрөттөр менен видеолорду монтаждап, окуянын маанисин бурмалаган учурлар жөнүндө болуп жатканын билдирди.

«Эгер милиция кызматкери иш учурунда мыйзамга каршы аракеттерге барып жаткан болсо, анда аны ар бир жаран, активист жана блогер видеого тартууга укуктуу. Эч кандай тоскоолдук жок»,

— деди ал.

Бекешев ИИМ жарандардын макулдугун албастан эле шаардын көчөлөрүнө адамды жүзүнөн тааный турган камераларды орнотконун белгилеп, кыргызстандыктар да милиционерлерди кызмат учурунда видеого тартууга толук укуктуу экенин кошумчалады.

«Дастан Бекешев, мен сизди жакшы юрист деп эсептеп жүргөм, бирок сиз кайрадан юридикалык факультетте окушуңуз керек окшойт»,

— деп жооп берди Өмүрзаков.

Өз кезегинде депутат Айсулуу Мамашова видео монтаждалганын жана укук коргоо кызматкеринин кадырын кетирип жатканын ким аныктай турганын сурады. Өмүрзаков андай материалдар экспертизадан өтөрүн айтты.

Мыйзам долбоорун ички иштер министринин мурдагы орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков башында турган депутаттар тобу демилгелеген. Алардын пикиринде, «иш учурунда укук коргоо кызматкерлеринин ишине мыйзамсыз кийлигишүү, алардын кадырын кетирүү максатында сүрөткө жана видеого тартып, аны интернет-сайттарга жарыялоо, ошондой эле милиционерлерди коомчулуктун алдында басынтуу учурлары байкалууда». Депутаттар мындай аракеттер «милиция кызматкерлеринин гана кадырын кетирбестен, жалпы эле мамлекеттин беделине олуттуу зыян келтирүүдө» деп эсептешет.

Демилгечилер мындан тышкары Кылмыш-жаза кодексинин «Бейбаштык» беренесине толуктоо киргизүүнү сунуштоодо. Анда бийлик өкүлүнө же коомдук тартипти камсыздоо боюнча кызматтык милдетин аткарып жаткан адамга каршылык көрсөткөндөргө 50 миңден 200 миң сомго чейин айып салуу же бештен жети жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталууда.

Мыйзам долбоорунун сынчылары анын кабыл алынышына каршы болууда. Алардын пикиринде, документ «коркунучтуу кесепеттерге» алып келиши мүмкүн.
#кабарлар


Ошто аялы менен кайын энесин сабаган шектүү бир айга камалды

Аялын жана кайын энесин сабоого шектелген тургунга уруп-сабап кыйноо беренеси менен кылмыш иши козголду.

Сот анын баш коргоо чарасын карап, бир айга камакка алынды. Бул тууралуу Ош облустук ишки иштер башкармалыгынан билдиришти.

Буга чейин соцтармакта аёсуз сабалган келиндин видеосу тараган. Анда ал күйөөсү апасы экөөнү катуу ур-токмокко алганын, аны жана жакындарын өлтүрөм деп коркутканын айткан.

Шектүү 64 жаштагы кайын энеси жазган арыздын негизинде ден-соолугуна жеңил зыян келтирген деп табылып, 11-декабрда соттун чечими менен жети суткага камакка алынган.

#кабарлар


Бакыт Сыдыков Экономика жана коммерция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Тиешелүү жарлыкка 18-декабрда президент Садыр Жапаров кол койду.

46 жаштагы Бакыт Сыдыков президенттин администрациясынын саясий-экономикалык изилдөөлөр бөлүмүн жетектеп, кийин Кыргызстандын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин байкоочу кеңешинде президенттин атынан өкүл болуп келген.

Сыдыковдун экономика министрлигине талапкерлиги Жогорку Кеңеште каралат.

Буга чейинки экономика министри Данияр Амангелдиев 16-декабрда минкабдын төрагасынын биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

#кабарлар


Энергетика министри жарык өчүп жатканы үчүн элден кечирим сурады

Энергетика министри Таалайбек Ибраев «Биринчи Радионун» эфиринде жарыктын өчүрүлүп жатканына байланыштуу элден кечирим сурады.
Бирок ал мындай чаралар көрүлбөсө, бүтүндөй шаар жарыксыз калышы мүмкүн деп белгиледи.

«Азыр министр парламентте жарык өчүрүүлбөйт деп айткан дешүүдө. Ооба, энергетиктердин негизги милдети — жарыкты ар бир үйгө жеткирүү жана аны 24 саат жети күн бою камсыздоо. […] Жарыксыз сокурдай эле болуп калабыз, түшүнөм. Убакыттык ыңгайсыздыктар бар, бул үчүн кечирим сурайм»,

— деди ал.

Ошол эле учурда министр тургундар электр энергиясын үнөмдөбөй, чектен аша пайдаланып жатышканын белгиледи.

Анын айтымында, электр энергиясын пайдалануу таңкы 7:00 — 9:00 жана кечки 18:00 — 21:00 арасы жогорку чекке жетип жатат. Бул убакыт аралыгында трансформаторлорду бузуп албаш үчүн жарык өчүрүлөт.

«Эгер ушундай убакта, мисалы, Ала-Арча подстанциясын күйгүзүп алсак, оңдоого 120 млн сомго чейин кетет, анда бир гана кичи район эмес, бүтүндөй шаар жарыксыз калат. Биз абоненттерди башкы станцияга же башка подстанцияга бөлүштүрүп жатабыз, ошого 1-2 саатка жарык жок болушу мүмкүн»,

— деди министр.

Ибраев Кыргызстанда резервдик трансформаторлор жок экенин жана жаңы трансформаторду алууга 150-170 күн талап кылынарын, ошондой эле жабдууларды жеткирүүгө бир ай убакыт кетерин белгиледи.

Ага чейин Таалайбек Ибраев кыш мезгилинде атайын өчүрүүлөр болбойт деп билдирген болчу.

11-12-декабрда өлкөдө жарык колдонуу эң жогорку чекке жеткени айтылып, убактылуу өчүрүүлөр болору айтылган. 
Көп өтпөй президент элди дагы үч-төрт жыл чыдап коюуга чакырып, Камбар-Ата-1 ГЭСи курулуп бүтсө маселе толугу менен чечилет деп ишендирген.

#кабарлар

Показано 20 последних публикаций.