УТРК


Гео и язык канала: Киргизия, Русский
Категория: Новости и СМИ


Информационный Telegram канал УТРК публикует самые интересные, популярные, важные политические и экономические новости, анонсы, программы из мира культуры и спорта, а также музыкальные и детские передачи.

Связанные каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Русский
Категория
Новости и СМИ
Статистика
Фильтр публикаций














Жеке менчик лабораторияларда калкка көрсөтүлүүчү лабораториялык кызматтардын баасы төмөндөтүлүүдө, деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, УКМК карапайым калк үчүн көрсөтүлүүчү медициналык лабораториялык кызматтардагы баа саясатын жөнгө салуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында ири жеке менчик медициналык мекемелердин катышуусунда жолугушууларды өткөрдү.
Аталган иш-чаралардын алкагында калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты жана алардын баа саясаты талкууланып, жыйынтыгында 30%га чейин төмөндөтүүгө жетишилди. Алар:
"Интелмед" ("Бонецкийдин лабораториясы");
"Аквалаб";
"Евролаб";
"Гемотест";
"Экспресс-Плюс";
"Медикана";
"Лазмед клиникасы";
"Гуман";
"Интер-Лаб" ("Инвитро");
"Интермедикал";
"Фарватер".
Ал эми реагенттерди жеткирүүчүлөр кызматтардын баасын 15%га чейин төмөндөттү. Алар:
"Юни-Хелп";
"Лаб-Сервис";
"Кокомерен";
"Юрфа";
"Эль-Фарм";
"Медикс-Элес";
“Медцентр.кж”;
“Би-Хелс-Фарм";
"Эрай-Фарм";
"Фарватер";
"Мээр-Чөп";
"Мирамед жана Ко";
"БиЛайв";
"Медитэк";
"Меди-Прогресс";
"Дайра-Фарм” сыяктуу бир катар ЖЧКлар.
Мындан тышкары, "Юрфа" ЖЧКнын жетекчилиги "Текшерүү томографиясынан" өтүү кызматын 20%га төмөндөттү.
"“Томографиядан өтүү" кызматынын баасын төмөндөтүү боюнча ушундай эле иш-чаралар калган жеке медициналык мекемелер менен да жүргүзүлмөкчү", - деп кошумчалашты УКМКдан.
Муну менен катар, лабораториялык изилдөөлөрдүн кеңири спектрин, ошондой эле республика боюнча кабыл алуу пункттарынын эң көп санын эске алуу менен "Интелмед" - "Бонецкий лабораториясы" ЖЧКсы менен мамлекеттик медициналык мекемелерден дарыгерлердин жолдомосу боюнча келген бейтаптарга 50%га чейин жеңилдетилген кызматтарды көрсөтүү боюнча макулдашууга жетишилди.
КР УКМК лабораториялардын жана медициналык мекемелердин кызмат көрсөтүүлөрүнүн баасын жөнгө салууга, ошондой эле жеке медициналык уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууга көмөк көрсөткөн мамлекеттик медициналык мекемелердин кызматкерлеринин ишин көзөмөлдөөнү күчөтүүгө багытталган иш-чараларды улантууда.


















Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген кезектеги маегинде өлкөдөгү сөз эркиндиги жана адам укуктарынын сакталышы боюнча пикирин билдирди.
— Саламатсызбы?
— Саламатчылык!
— Камалган 11 журналист-блогердин жакындары, эл аралык коомдук уюмдар Кыргызстанда сөз эркиндиги жок калды деген пикирлерин билдиришүүдө. Өлкөдө сөз эркиндиги боюнча абал чын эле ушундайбы?
— Кыргызстанда сөз эркиндигин чектей албайсың. Ага эл жол бербейт. Кыргызстандын эли илгертен сөз эркиндиги менен жашап келген эл. Мындан ары да сөз эркиндиги менен жашай берет. Сөз эркиндиги жок дегендер – “сөз эркиндиги” деген терминге жамынып алып, каалаганын кылып келгендер, сөз эркиндигине жамынып алып өлкөгө бүлүк салууну пландап жүргөн “лжемекенчилдер”. Биз өлкөгө бүлүк салгысы келген андай арам ойлууларга жол бербейбиз. “Сөз эркиндиги” деген терминге жамынып алып биздин менталитетибизге, салтыбызга, табиятыбызга туура келбеген үгүт иштерин жүргүзүп, элди бузуп жатышат. Жалган маалымат таратып, кимдир бирөөлөрдүн аброюна шек келтирген учурлар болуп жатат.
Элдин баары аларды көрүп-билип эле турат. Эгер бийлик сөз эркиндигине каршы адилетсиз кадамдарга барсак, эбак эле эл көтөрүлүп кетмек.
Ал эми чыныгы сөз эркиндигин колдонуп, бийликти сындап, бийликте олтурган коррупционерлердин бетин ачып, кемчиликтерди айтып тургусу келген жарандарыбыздын жөнү башка. Алардан бизге бир гана пайда келет. Андай жардам бергиси келген жарандарыбыз интернет аркылуу, же Бишкектеги М.Горький аянтында каалашынча айтып, кайрылуу кыла беришсин.
Уятсыз, мыйзам бузган чиновниктердин бетин ачканга салым кошкон болушат. Андайлардан дароо тазаланганга бизге жардам берген болушат.
Бизде ким эмнени кааласа сүйлөп атат го, сүйлөй беришсин. Ойлорун көчөгө чыгып айтабы, же интернеттен айтабы, айта беришсин. Эч ким тыйбайт. Биз мамлекет катары өлкөгө тартипти, мыйзамдуулукту орнотуп, адамдардын бири-бирин сыйлай билүүсүнүн эрежесин түзүп кетишибиз керек.
Буга чейин өлкөдө башаламандык болуп келген. Мындан ары бардык тармактарды ирээтке келтиребиз. Албетте, убакыт керек. Бардык тармакты бир күндө же бир жылда жолго кое албайсың.
— Адам укуктары боюнча дагы сөз болууда. Өлкөдө адам укуктарын жана демократияны сактоодо кабатыр боло турган маселелер барбы?
— Эч кандай кабатыр боло турган маселе жок. Адам укугу да толук сакталууда. Албетте, 100 пайыз жипке тизгендейбиз деп айткандан алысмын. Айрым учурларда кемчиликтер боло калып жатат. Бул эми адам факторлорунан улам болуп жатат. Сот, укук коргоо органдары тарабынан кемчиликтер кетип жаткан учурлар жок эмес. Айрым кезде жарандарга адилетсиз мамиле жасалып калган учурлар болуп атат. Аны моюнубузга алабыз. Бирок дароо ордуна келтирип, жарандардын мыйзамдуу укуктарын коргоп берүүгө аракет кылуудабыз. Адам баласы жашаган жерде баары болот. Анча-мынча укугу бузулган адамдар бизде эле эмес, дүйнө жүзүндөгү мамлекеттердин барында бар.
Ал эми демократия боюнча айтсам. Бизде бар демократия ошол бизди сындап аткан өлкөлөрдө жок. Демократия аларга караганда бизде алда канча жогорку деңгээлде. Бирок демократия деген түшүнүктү да кээ бир жарандарыбыз туура эмес багытка колдонуп жатышпайбы.
Демократия десе эле, жалган маалыматтарды каалашынча таратуу менен элди башаламандыкка чакырык жасашат. Же бирөөнө жалган жалаа жаап коюп, эч нерсе болбогондой жүрө берсек болот деп түшүнүп алып атышат. Айрым маалымат сайттары да иликтеп, тактабай туруп эле жалганды чындай кылып чыгарышууда. Кыскасы бизде ушундай жагдайлар көп. Ошол үчүн биз демократияны туура пайдаланганга үйрөнүшүбүз керек.
— Кыргызстан адам укугу, сөз эркиндиги боюнча дүйнөлүк рейтингде бир тепкичке ылдыйлады деген пикирлерди чыгарышууда...
— Дүйнөлүк рейтингди ким түзөт? Дал ушул сөз эркиндигине жамынган бузукулар түзөт. Эгер биз алардын айткан шарттарын, биздин элибиздин табиятына туура келбеген бузуку саясатын кабыл алып, элибиздин арасына таратып, сиңирип турсак, анда биз адам укугу, сөз эркиндиги жаатында алдыңкы орунга чыкмакпыз. Бизге мамлекетти, элди моралдык жактан бара-бара талкалап жок кыла турган андай биринчиликтин кереги жок.
Маектешкен "Кабар" КУМА директору Медербек Шерметалиев









Показано 20 последних публикаций.