🌳 БУЛ ИШТЕРДИН АКЫЙКАТЫН КАЙДАН БИЛМЕК ЭЛЕҢ?Ушактоо – жылдар бою топтогон соопторду мүнөттөрдө кетирип салуу- бул жеткен акылсыздык ❗
Текебердик – ааламдагы эң алгачкы жасалган күнөө- ар бир адам эмнеден жаралганын унутпашы керек❗
Намаз – бардык тирүү жанга керектелүүчү суу сыяктуу адамга зарыл болгон амал - акырет үчүн бейишке жолдомо ❗
Ата-эне – алар кадамдары менен жер бетинде баскан бейиштин бир бөлүгү - ата эненин көзү тирүүсүндө сыйлап, жакшы сөздү аябоо абзел ❗
Ажылык – Кыяматта Аллахтын алдында турууга даярдык болгон жер бетиндеги эң чоң жыйналыш - эгер ыкластуулук менен ажылык кылынган болсо энеден төрөлгөн кездегидей күнөөлөр кечирилерин унутпаңыз ❗
Орозо – Бул дүйнөдө саналуу сааттар гана тамаксыз жүрүү, тиги дүйнөдө нечендеген жылдарга бейишке жакындоо- эң негизгиси напси менен күрөшүү ❗
Ыкластуулук – ар бир иштин кабыл болуусунун эң негизги сыры- эң мыкты амал ❗
Сообу уланып турган садака – ал сенин колуңдан кармап сага бейиштин эшигин ачып бергенге чейин сообу улана берет - илим, бак тигүү, суу чыгаруу, көпүрө салуу, жол оңдоо, жол салуу, мектеп,медресе,мечит салуу ❗
Туугандык мамиле – ырыскыны көбөйтүүнүн башкача бир жолу- бай жашоону каалаган инсан сөзсүз туугандар арасындагы ынтымакка маани берип,бекем кармайт ❗
Диндеш бир тууган – ал рухундун жарымы- момун мусулман баары бир тууган❗
Зекет – адамдын акчасын кирден тазалаган кедейлердин акылары- сага келе жаткан кырсыктан, оору сыркоодон, бей ажал өлүмдөн калкан ❗
Үйлөнүү – эң чоң жоопкерчилик. Анткени андагы ар бир иште сооп аласын же күнөөкөр болосуң - жалгыздык Аллах Таалага гана таандык ❗
Сүткордук (процентке акча алуу же берүү) – Аллахка ачык түрдө согуш ачуу- банк кызматкерлери процент менен акча берүү кызматында иштеген бардыгы арам. Ломбард арам, алган дагы, берген дагы арам ❗
Сүннөттөр – жашоо эрежеси жана эң жакшы жашоого жеткирген бир тартиптүүлүк- сүннөт бул шам чырак, мусулмандын жолу ❗
Бир мүнөт – анда зикир менен тасбих менен бейиштен 60 бак-дарактарды тиксеңиз болот. Ар бир дарактын бир жалбырагы бул дүйнөдөгү бардык нерседен баалуу болот - Аллах Тааланы эстөө бул зикир ❗
Мечиттер – жер бетиндеги Аллахтын сүйгөн пенделерин тосуп алуучу Аллахтын үйлөрү- колдон келсе мечиттен калбай намаз окуңуз бир тууганым ❗
Илим жыйындары – периштелер Аллахка түзмө-түз сыймыктанып айтып барган жыйындар- таалим сабактар, Аллах Тааланын илими окулган жерлер❗
Лаа илааха илла Аллах, Мухаммадур расуул Аллах– бул жашоонун кислороду жана бейиштин ачкычы- ыйман келмеси ❗
@kundolukt