ЖАПОН ЫКТЫЯРЧЫСЫ КФБ АКАДЕМИЯСЫНДА ФИЗИОТЕРАПЕВТ КАТАРЫ ЭМГЕКТЕНЕ БАШТАЙТ
Кыргыз футбол биримдигинин Биринчи Вице-Президенти Нурдин Букуев Жапониядан JICA программасынын алкагында келген ыктыярчы Шимицу Норияку менен жолукту.
Жапон ыктыярчысы Улуттук футбол академиясында 2 жылдык келишим менен физиотерапевт катары эмгектенмекчи. Мындан сырткары адис улуттук курама команда менен да иш алып барат. Аталган жолугушуунун жүрүшүндө жапон ыктыярчысы техникалык бөлүмдүн адистери жана курама командалардын башкы медициналык адиси менен таанышты.
Шимицу Норияку спортчуларды реабилитациялоодо, машыгуу жана мелдештер учурунда жаракат алуу коркунучун азайтуу үчүн алдын алуу программаларын иштеп чыгууга, тейп колдонуу методикаларына жана жаракат алган учурда биринчи медициналык жардам көрсөтүүдө көмөктөшөт.
Белгилей кетсек, жапон адиси 2018-жылдан тартып физиотерепевт катары өз өлкөсүнүн бир катар клиникаларында жана футболдук клубдарында иштеген.
#kfu_kg