🔸 Акындын чыгармачылыгында орчундуу орун ээлеген дагы бир тема – "Манас" эпосу.
Бул элдик чыгарманы мыкты билген, ыңгайы келе калганда күпүлдөтүп айта да койчу экен.
Улуу манасчылар Саякбай, Сагынбайдын жалпылашкан вариантынан турган "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтигин басууга даярдагандардан.
🔸Жоомарт. Замандаштары Маликовду колу ачык, кепти таба билген, тамашаны да таамай сүйлөгөн, жогорку жетекчилердин алдында тайманбай өз оюн айткан, чечкиндүү адам болгон деп эскеришет.
🔸Маликов орустун Пушкин, Лермонтов, Маяковский, Михалков, Маршак сыяктуу жазуучулардын ырларын которгон.
Акын, драматург жана жазуучу Кубанычбек Маликов 1978-жылы Фрунзе шаарында (азыркы Бишкекте) дүйнөдөн кайткан.
🔸Үч жыл... Урпактарынын эскерүүсүндө ал оюнда жазсам деп жүргөн чыгармалары жөнүндө айтып, "дагы бир үч жыл жашасам бүтөт элем", — деген экен…
🔸Урпактары демекчи, небере кызы Бермет Маликова журналистика тармагында эмгектенип келет. Бала чагында режиссер Альгимантас Видугиристин "Очкарик" киносуна тартылган.
Ал эми уул небереси Кадыр Маликов теолог, дин жаатындагы адис.
Сүрөттөр Маликовдордун үй-бүлөлүк архивинен алынды.
@kyrgyz_kep