ЖЕНТЕК ТОЙ.
🔶Ошол кезде Алтай менен Кең тоодо Жакыптын жылкысы 38 миңге жеткен экен, койлору 80 миңге барыптыр, 6000 ашык төөсү, 7000 ую бар экен, аттары семиз мас болуп, алтыны жатат таш болуп. Анан ойротто жок бир той кылайын, эл-журтту бир балкытайын деп отуз адамды эл чакыргыч кылып жөнөтөт. Ошентип, байгеге миңдеген мал, эндей-эндей алтын зар коюп, той да өтөт.
ЫСЫМ БЕРЕ АЛБАЙ...
🔶Чогулган эл башчылары, аксакалдар, мыктылар ылайыктуу ат таба албай кыйналат. Ошентип эчен эл-журттун хандары балага ат коё албай турганда кайдан-жайдан чыга калганы белгисиз, бирөө пайда болот. Балага "Манас" ысымы ыйгарга думана кайрадан көздөн кайым болот.
МАНАС АЙТЫ АЙТЫЛБАЙ ...
Бир чети душмандардын алдын ала Манас деген бала тууларын, ал кек алып, буларды кууп чыгарын китептен окуп билип, ушундай ысымдагы балдарды өлтүрүп коюшун ойлоп, экинчи жагы кыргыздардын балдарга көз тийбесин деп жаман кийим кийгизип, жаман ат койгон салтын ээрчип, бул баланы эл көзүнө Чоң жинди аташат.
КЫРГЫЗДЫН АТ КОЮУ ЫРАСЫМЫ.
🔶Байыртадан эле балага ылайыктуу ат коюу – ата-энесинин бир парзы катары эсептелген жана ошол койгон аты үчүн алар баласынын алдында өмүр бою жооптуу болгон. Кыргыз эли үчүн баланын ысымы – ага энчиленген жеке байлыгы, өмүр тагдыры.
Уландысы бар.
@kyrgyz_kep