Кыргызская профессиональная футбольная лига


Гео и язык канала: Киргизия, Русский
Категория: Спорт


Кыргызская Профессиональная футбольная лига – спортивная организация, осуществляющая контроль и управление клубными соревнованиями в Кыргызстане.

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Русский
Категория
Спорт
Статистика
Фильтр публикаций


Репост из: Kyrgyz Football Union
КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАШТАР КУРАМАСЫ МОНГОЛИЯНЫ ИРИ ЭСЕП САНЫ МЕНЕН ЖЕҢДИ

Бүгүн, 16-ноябрь күнү Кытайдын Чэнду шаарында «Panda Cup» эл аралык мелдешинин кезектеги туру орун алып, анын алкагында Кыргызстандын U-20 жаштар курамасы Монголия менен кез келди. Мелдеште Кытай жана Австралия курамалары да ат салышууда.

Беттеш 7-0 эсебиндеги биздин кураманын ири эсеп санындагы жеңиши менен аяктады.

Регламентке ылайык, турнир айлампа системасы боюнча орун алып, жеңүүчү эң көп топтолгон упайлар боюнча аныкталат. Азырынча курамабыздын капчыгында 3 упай бар.

Аталган мелдешке Мирлан Эшеновдун оюнчулары жаштар арасындагы Азия Кубогуна болгон даярдыктын алкагында катышууда. Эске салсак, Азия Кубогунда биздин курама «А» тайпада Австралия, Катар жана Кытай менен бирге жайгашты. Азия биринчилигинин финалдык этабы 2025-жылдын 12-февралдан тарта 1-мартка чейин Кытайда өтөт.

Кийинки оюнду жаштар курамабыз турнир кожоюндары Кытайга каршы 19-ноябрда өткөрөт.

#kfu_kg


Репост из: Kyrgyz Football Union
🇰🇬🇦🇪 АКШУМКАРЛАР БАЭ КУРАМАСЫНА ЖЕҢИЛДИ

Бүгүн, 14-ноябрь күнү Абу-Дабинин «Мухаммед бин Зайед» стадионунда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылкы Дүйнө Чемпионатынын квалификациялык үчүнчү раундунун алкагында Бириккен Араб Эмирлигинин курамасы менен кез келди.

Беттеш 3-0 эсеби менен оюн талаа ээлеринин жеңиши менен аяктады.

Курамабыздын кийинки оюнун 19-ноябрь күнү Иранга каршы Бишкектин Д.Өмүрзаков атындагы стадионунда өткөрөт.

✔️ Маалымат үчүн: Белгилей кетсек, Кыргызстандын Улуттук курамасы тарыхта алгачы жолу Дүйнө Чемпионатынын үчүнчү раундунда ойноодо. Үчүнчү баскычта 18 курама алты командадан турган үч тайпага бөлүнөт. Бул этаптагы оюндардын жыйынтыгы боюнча ар бир тайпадан эң мыкты эки команда 2026-жылкы Дүйнөлүк биринчиликке жолдомо алышат. Төртүнчү квалификациялык раундда Азиядан дагы эки катышуучуну аныкталат жана континенттер аралык плей-офф аркылуу Дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн дагы бир орун үчүн күрөш жүрөт. Биздин курама команда Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын курама командалары менен биргеликте «А» тайпасында орун алган.

#kfu_kg


Репост из: KYRGYZ KURAMA
Старттык курам 🇦🇪🇰🇬

#kyrgyzkurama


ТОП-6 вратарей Премьер-Лиги 2024:
🔝Марсель Исламкулов - лучший по матчам на ноль
🔝Михаил Пономаренко больше всех провёл минут на поле

До конца сезона осталось 2 тура 🏁


Репост из: Kyrgyz Football Union
🇰🇬🇦🇪 АКШУМКАРЛАР БҮГҮН БАЭ МЕНЕН ОЮНДА КЕЗ КЕЛЕТ

Бүгүн, 14-ноябрь күнү Абу-Дабинин «Мухаммед бин Зайед» стадионунда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылкы Дүйнө Чемпионатынын квалификациялык үчүнчү раундунун алкагында Бириккен Араб Эмирлигинин курамасы менен беттешет.

Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 22:15те башталат. Беттештин түз алып берүүсү УТРК Спорт каналында жана Кыргыз Спорт ТВ каналынын Megaline, Aknet, Neotelecom кабелдик түйүндөрүндө жеткиликтүү болот.

Бардык футбол сүйүүчүлөрү жана Акшумкар күйөрмандары үчүн «Бишкек Парк» соода борборунда беттешке чоогу күбө болуу үчүн фан-зона уюштурулат. Оюн-зоок программа саат 20:00дө башталат. Сиздерди кызыктуу конкурстар, баалуу байгелер жана белектер күтөт. Баш байге Кыргызстандын курама командасынын келерки жылдын март айында өтө турган Өзбекстанга каршы беттешине жолдомо. Футболдук майрамдын бир бөлүгү болуп, кураманы колдоп кетиңиздер!

✔️ Маалымат үчүн: Белгилей кетсек, Кыргызстандын Улуттук курамасы тарыхта алгачы жолу Дүйнө Чемпионатынын үчүнчү раундунда ойноодо. Үчүнчү баскычта 18 курама алты командадан турган үч тайпага бөлүнөт. Бул этаптагы оюндардын жыйынтыгы боюнча ар бир тайпадан эң мыкты эки команда 2026-жылкы Дүйнөлүк биринчиликке жолдомо алышат. Төртүнчү квалификациялык раундда Азиядан дагы эки катышуучуну аныкталат жана континенттер аралык плей-офф аркылуу Дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн дагы бир орун үчүн күрөш жүрөт. Биздин курама команда Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын курама командалары менен биргеликте «А» тайпасында орун алган.

-

🇰🇬🇦🇪НАЦИОНАЛЬНАЯ СБОРНАЯ КЫРГЫЗСТАНА СЫГРАЕТ СЕГОДНЯ С ОАЭ

Сегодня, 14 ноября, на стадионе «Мухаммед Бин Зайед» в Абу-Даби Национальная сборная Кыргызстана по футболу в рамках третьего раунда отборочного раунда Чемпионата мира 2026 года встретится со сборной Объединённых Арабских Эмиратов.

Начало матча в 22:15 по Бишкекскому времени. Трансляция встречи будет доступна на канале УТРК Спорт и в кабельных сетях канала Кыргыз Спорт ТВ (Megaline, Aknet, Neotelecom).

Для всех любителей футбола и болельщиков Акшумкар в торговом центре «Бишкек Парк» будет организована фан-зона для совместного просмотра матча. Программа начнется в 20:00. Вас ждут захватывающие конкурсы, яркие призы и подарки. Главный приз — это поездка на матч сборной Кыргызстана против Узбекистана, который состоится в марте следующего года. Станьте частью футбольного праздника и поддержите главную команду страны!

✔️ Для информации:
В этом раунде 18 сборных команд разделены на 3 группы по 6 команд. По итогам матчей две лучшие команды из каждой группы получат путёвки на чемпионат мира. Сборные, занявшие третье и четвёртое места, продолжат борьбу в четвёртом раунде, где будут определены ещё два участника мирового первенства. Также одно место может быть получено через межконтинентальный плей-офф. Наша сборная находится в группе «А», в которой также играют сборные Ирана, Катара, ОАЭ, Северной Кореи и Узбекистана.

#kfu_kg


Репост из: Kyrgyz Football Union
КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАШТАР КУРАМАСЫ АВСТРАЛИЯДАН ЖЕҢИЛҮҮ ЫЗААСЫН ТАРТТЫ

Бүгүн, 13-ноябрь күнү Кытайдын Чэнду шаарында «Panda Cup» эл аралык мелдеши старт алып, анын алкагында Кыргызстандын U-20 жаштар курамасы Австралия менен кез келди. Мелдеште Кытай жана Монголия курамалары да ат салышууда.

Беттеш 4-2 эсебиндеги атаандаштын жеңиши менен аяктады. Голдордун авторлору - Кайрат Абдирасулов (50') жана Эмир Эрнисов (70').

Регламентке ылайык, турнир айлампа системасы боюнча орун алып, жеңүүчү эң көп топтолгон упайлар боюнча аныкталат.

Аталган мелдешке Мирлан Эшеновдун оюнчулары жаштар арасындагы Азия Кубогуна болгон даярдыктын алкагында катышууда. Эске салсак, Азия Кубогунда биздин курама «А» тайпада Австралия, Катар жана Кытай менен бирге жайгашты. Азия биринчилигинин финалдык этабы 2025-жылдын 12-февралдан тарта 1-мартка чейин Кытайда өтөт.

Мирлан Эшеновдун оюнчулары турнирдеги кийинки беттешин 16-ноябрь күнү Монголияга каршы өткөрөт.

#kfu_kg


ТОП игроков по системе "Гол + пас" за два тура до окончания чемпионата🔝


Репост из: Kyrgyz Football Union
КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАШТАР КУРАМАСЫ БҮГҮН АВСТРАЛИЯ МЕНЕН ОЮНДА КЕЗ КЕЛЕТ

Бүгүн, 13-ноябрь күнү Кытайдын Чэнду шаарында «Panda Cup» эл аралык мелдеши старт алат. Ага Кыргызстандын U-20 жаштар курамасынан сырткары, Австралия, Кытай жана Монголия катышат.

Турнирдин старттык күнү алкагында курамабыз Австралияга каршы оюнда кез келет. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 13:30 старт алат. Тилекке каршы, беттештин түз алып берүүсүн уюштуруучулар камсыздабайт.

Регламентке ылайык, турнир айлампа системасы боюнча орун алып, жеңүүчү эң көп топтолгон упайлар боюнча аныкталат.

Аталган мелдешке Мирлан Эшеновдун оюнчулары жаштар арасындагы Азия Кубогуна болгон даярдыктын алкагында катышууда. Эске салсак, Азия Кубогунда биздин курама «А» тайпада Австралия, Катар жана Кытай менен бирге жайгашты. Азия биринчилигинин финалдык этабы 2025-жылдын 12-февралдан тарта 1-мартка чейин Кытайда өтөт.

#kfu_kg


Репост из: Kyrgyz Football Union
ТАЛАС ШААРЫНЫН Э.КУТМАНАЛИЕВ АТЫНДАГЫ СТАДИОНУ ЖАҢЫЛАНАТ

12-ноябрь күнү Кыргыз футбол биримдигинин Президенти Камчыбек Ташиев Талас шаарынын Э.Кутманалиев атындагы стадионуна барып, облустук жана шаардык түзүмдөрдүн жетекчилери менен көчмө жыйын өткөрдү.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев, Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов жана КФБнын Талас облусу боюнча өкүлү Айбек Сүйүнтбеков катышты.

2025-жылы шаардык стадион заманбап талаптарга ылайык реконструкцияланат. Оңдоп-түзөө иштеринин алкагында арена эки машыгуу аянтчасы менен жабдылат: бири жасалма, экинчиси табигый газондуу. Ошондой эле трибуна алдындагы бардык бөлмөлөрдү толугу менен оңдоо пландалууда.

Мындан тышкары, стадиондун инфраструктурасы менен бирге шаардык балдар жана өспүрүмдөр футбол спорт мектебинин имараты реконструкцияланат.

Аталган футболдук инфратүзүмдөрдү оңдоп-түзөө боюнча долбоорду ишке ашыруу жоопкерчилиги облустук өкүлчүлүккө жүктөлдү.

-

СТАДИОН ИМЕНИ Э.КУТМАНАЛИЕВА БУДЕТ РЕКОНСТРУИРОВАН

12 ноября Президент Кыргызского футбольного союза Камчыбек Ташиев посетил стадион имени Э.Кутманалиева города Талас, где прошло выездное собрание с руководителями областных и городских структур.

В собрании приняли участие Полномочный представитель Президента КР в Таласской области Эрмат Джумаев, мэр города Талас Байышбек Астанакулов и представитель КФС по Таласской области Айбек Суйунтбеков.

В 2025 году Центральный стадион города будет реконструирован в соответствии с современными стандартами. В рамках обновления предусмотрено оснащение арены двумя тренировочными полями: одно будет с искусственным покрытием, другое — с натуральным. Также планируется полный ремонт всех подтрибунных помещений.

Кроме того, будет реконструирована городская детско-юношеская спортивная школа по футболу, которая станет частью инфраструктуры стадиона.

Ответственность за реализацию проекта реконструкции футбольного объекта возложена на областное представительство.

#kyrgyzkurama


Атай Джумашев возглавляет гонку бомбардиров сезона 2024 за два тура до окончания 🔝


Фархат Мусабеков возглавляет рейтинг ассистентов Премьер-Лиги 2024

Осталось всего 2 тура🏁


Репост из: Kyrgyz Football Union
🏟️ Каракол шаарынын спорт комплексинин реконструкциясы тууралуу Кыргызстан Спорт ТВ каналынын репортажы 🎥

#kfu_kg


Репост из: KYRGYZ KURAMA
🇰🇬 U-20 ЖАШТАР КУРАМАСЫНЫН ТИЗМЕСИ

«Panda Cup» эл аралык мелдешине болгон U-20 Кыргызстандын тизмеси менен тааныштырабыз. Белгилесек, кураманын негизин «Илбирс» футболдук клубунун оюнчулары түзөт.

✔️ 13-ноябрь
Кыргызстан 🇰🇬 - Австралия 🇦🇺
✔️ 16-ноябрь
Кыргызстан 🇰🇬 - Монголия 🇲🇳
✔️ 19-ноябрь
Кытай 🇨🇳 - Кыргызстан 🇰🇬

#kyrgyzkurama


Репост из: Kyrgyz Football Union
КАРАКОЛ ШААРЫНЫН СПОРТ КОМПЛЕКСИНИН РЕКОНСТРУКЦИЯСЫ КЫЗУУ ЖҮРҮҮДӨ

🇰🇬Кыргыз футбол биримдигинин башкы катчысы Медербек Сыдыков баштаган, КФБ өкүлдөрүнүн, аймактык жана шаардык жетекчилердин катышуусунда Каракол шаарынын спорт комплексинде көчмө жыйын орун алды.

Учурда комплексте оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүп, жарыктындыруучу мунаралар орнотулуп, трибуна үстүндөгү чатырдын курулушу, отургучтарды жайгаштыруу жана оюн талаасын каптоо боюнча иштер жүрүүдө.

Аянты 5 гектардан ашык болгон спорт комплекс замандын талабына ылайык жасалууда. Анда 3 футбол аянтчасы курулуп, бири гибриддик болот. Экөө машыгуу үчүн кызмат кылса, биринде беттештер уюшулат. Спорт ордо чуркоо аянтчасы, тосмо, унаа токтотуучу жай менен дагы жабдылат.

Аталган иштерди Каракол мэриясы аткарып, КФБ жарыктандыруу системасын, оюн талаасын орнотуу жана трибуна алдындагы бөлмөлөрдө ремонт жүргүзүү иштерин каржылады.

#kfu_kg


Репост из: Kyrgyz Football Union
КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАШТАР КУРАМАСЫ «PANDA CUP» ЭЛ АРАЛЫК МЕЛДЕШИНЕ КАТЫШАТ

13-19-ноябрь күндөрү Кытайдын Бейжин шаарында «Panda Cup» эл аралык мелдеши орун алат. Ага Кыргызстандын U-20 жаштар курамасынан сырткары, Австралия, Кытай жана Монголия катышат.

Регламентке ылайык, турнир айлампа системасы боюнча орун алып, жеңүүчү эң көп топтолгон упайлар боюнча аныкталат.

Аталган мелдешке Мирлан Эшеновдун оюнчулары жаштар арасындагы Азия Кубогуна болгон даярдыктын алкагында катышууда. Эске салсак, Азия Кубогунда биздин курама «А» тайпада Австралия, Катар жана Кытай менен бирге жайгашты. Азия биринчилигинин финалдык этабы 2025-жылдын 12-февралдан тарта 1-мартка чейин Кытайда өтөт.

-

МОЛОДЕЖНАЯ СБОРНАЯ КЫРГЫЗСТАНА СЫГРАЕТ В МЕЖДУНАРОДНОМ ТУРНИРЕ «PANDA CUP»

С 13 по 19 ноября в китайском городе Бейджин состоится международный турнир «Panda Cup». В нем примет участие молодежная сборная Кыргызстана U-20, а также сборные Австралии, Китая и Монголии.

Согласно регламенту, турнир пройдет по круговой системе в один круг, и победитель будет определен по наибольшему количеству набранных очков.

Этот турнир станет для подопечных Мирлана Эшенова подготовительным этапом к Кубку Азии U-20. Напомним, что по итогам жеребьевки сборная Кыргызстана оказалась в группе «А» вместе со сборными Австралии, Катара и Китая. Финальная стадия азиатского первенства пройдет с 12 февраля по 1 марта 2025 года.

#kfu_kg

Показано 15 последних публикаций.