КРЕДИТ...
Элдин баары кредит алып жүргөндө, биз албайт элек. Коркчубуз. Күйөөм кредиттин ,,к,, сын да уккусу келбейт, мен андан бетер...
Байкасам, элдин баары эле алып, жакшына оокат кылып атат. Анда мында бир ,,үйүн алдырып коюптур, кредиттин айынан,, дегенди угуп калабыз. Талдап көрүп, биз да алалы деп чечтик. Тагыраагы, мен чечтим😆😆Бир чоң жумуш бүтүрүш керек болду. Шефке (күйөөм) айтсам, көнбөй койду.
-Эй, кредитти эмне кыласың, сат тетиги малдан
-Койчу, мал көбөйө берсин, мен иштеп атам, уй саап,сүтүн өткөрүп атам, кудайга шүгүр, төлөйбүз
-Ии сага, үйдү алдырып ий, жүрөлү чийдин түбүндө
-Үй алдырма тийиптирби, жакшынакай эле төлөп турабыз.
-Албай, этпей эле турабыз деп, жайлоосуна кетип калды. Бир жумада бир келет. Келген сайын кулагын ушалай бердим, андан тил уга бердим, орустар айткандай ,,вода камень точит,, болуп, акыры, эки ай дегенде көндүрдүм. Кредиттин эмнесин кызык көрдүм десең😆😆
-Канча аласың
-Отуз миң. Мен документтин баарын тууралап, поручитель таап коём, сен үч күндөн кийин кел.
-Мени эмне кыласың,ала бер да өзүң, ким поручитель болмок эле (элдин баарын өзүндөй ойлойт, бирөө поручитель болуп бер деп келсе, урушканга чейин барчу.Төлөй албай калсаң,мен жүрөт экем да сүйрөлүп деп)
-Апей, мага бермек беле
сен да кол коюшуң керек, макулмун деп
-Барбайм анда, жүрөт экемин да, күндүн ысыгында... деп чалкасынан түшүп,кайра тоого кетип калды.(Мал менен чыкчу, мен болсо жумушум,балдар болуп, айылда калам) Бирок, үч күндөн кийин келди.Ага чейин кагаздарын бүтүрүп, банктан балдар келип, короо жайды,үйдү сүрөткө тартып кетишти. Кайнимди поручитель болуп бер десем, дароо эле макул болгон.
Кредит алар күнү банкка баратабыз. Машинада кайним экөөбүзгө нотация окуп барды
-төлөй албай калчу болсоңорбу.. сен да макул боло каласың, тимеле, поручитель болуп Кайним экөөбүз жылмайып коюп,калп келесоо болуп кете бердик. Каяша айтсак эле,артка кайта турган 😆😆Балээ баскыр, банкка жеткенде эмне болор экен деп коём😆😆Себеби, отуз миң алабыз деп коюп, өзүм элүү миңге заявление берип койгом. Деги мени уруп өлтүрөр киши жок, авантюраны баштап алып,тил угуп жүрөм.Өрт кез окшобойбу.
Банкка келдик. Киши көп экен ырас. Ырас дегеним, шеф элүү миңди укса кайним экөөбүзгө айкыра албай калат дегеним😆😆😆Тиги бала (ал дагы айылдашыбыз) бизди маңдайына отургузуп алып,
-Элүү миңге жазгансыз ээ деп атпайбы.😆😆Сурабай эле бере берсе эмне болот эле дейм да. Шеф эко́о́бу́з катар отурганбыз. Анын бетине да караган жокмун. Бирок жини келип атканын боковое зрением менен көрүп турдум го, чиркин. Аз жерден инфаркт болоюн деди
-Ооба дедим. Зоя Космедемьянскаядай болуп ,, өлүмгө тике карап,,😆😆
-Элүү миң дейби? ..Айла жок, бурулуп, жооп беришке туура келди.
-Ооба .Отуз миң эч нерсеге жетпейт. Ошондуктан элүү миңге жазгам.
-Үйдөн айтып койбойсуңбу.. деп шыбырап коёт
-Айтсам, келбей коймоксуң.. Элдин көзүнчө унчуга албады. Акчаны алып чыгып, машинага отурганда баштады Кайним экөөбүзду кабаттап тилдеди.
-Эй, эки уйду сатсам элүү миң болот эле го....
-Уйдун сүтү акча болуп атпайбы, аны менен кредитти төлөй беребиз деп, эптеп жоошуттук. Болбой эле, наалый берди. Келесоо чалыш болуп, үн сөзсүз отуруп бердим. Эми тынчып калганда
-Жүргүлө эми, тамак алып берейин... деп коём өлө албай атып
-Ии, сен очойгон кредит алып, кредиттин акчасына тамак ич...деп кайра от алып кетсе болобу😆😆Өлтүрөт да.
-Үйдөн акча алып чыккам, ошого ичебиз деп атып, араң көндүргөм. Мына ушинтип биринчи кредитти алганбыз. Азыр эстеп алып, аябай күлөм. Баягы орустар биринчи жолу трактор айдап келгенде, кыргыздар ал трактордон кандай корксо, шеф да кредиттен дал ошондой корккон. Кыйналбай эле төлөп, бүтүрүп алганбыз 😆😆😆 Кийинки жылы элүү миң алабыз деп барып, жүз миң алсам, дагы бир жолу күн күркүрөп, чагылган чартылдап, вулкандар атылып токтогон. Деги мага сооп жок. Өтө ак ниет, Ленин чапкан жол менен түптүз жүргөн шеф,чынчыл адам да. Өзү айткандай түз эле жашап аткан,кредит алам деп, Айгүл жолдон чыгарды. Ачуусу тез келип, тез тараган,ак көңүл адам да шефим