НУРДАНГАН ЖҮРӨК😍💖


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Религия


Жүрөгүңүз секунд сайын нурдансын🫀✨

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Религия
Статистика
Фильтр публикаций


Бараат түнүнүн өзгөчөлүктөрү:

Хикматтуу ар бир иш, кулдардын ырыскысы, өмүрү жана башка иштер - бул түнү аныкталат жана жазылат. Бул түнү ибадат кылуу абдан сооптуу.

Бул түнү мээрим түшөт. Кутту хадисте: "Шаабан айынын ортосу болгон түнү, Аллах Таала (мээрими менен) дүйнө асманына назар салат..." деп айтылган.
Момундар кечирилет, күнөөлөрүнөн тазаланат.

Пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи ва салламга толук шапаат укугу бул түнү берилген. Пайгамбарыбыз (с.а.в.), Шаабан айынын он үчүнчү түнүндө Аллах Таалага үммөтү үчүн шапаат урукстатын сураган.

Аллах Таала үммөтүнүн үчтөн бирине шапаат уруксатын берген. Он төртүнчү түнү, калган үммөтү үчүн шапаат уруксатын сураган. Аллах Таала үммөтүнүн үчтөн экисине шапаат уруксатын берген.

Он бешинчи түнү, калган үммөтү үчүн шапаат уруксатын сураган. Аллах Таала (төөнүн ээсинен качкандай Аллах Тааладан качкандардан башка) үммөтүнүн бардыгына шапаат кылууга уруксат берген.

Бул түнү Замзам суусунун айкын түрдө көбөйүшү, Аллаху Тааланын бир адаты (Илахий адаты). Мында Илахий билимдердин, акыйкат ээлеринин жүрөгүндө көбөйөрүнө белги бар.


БАРААТ ТҮНҮНҮН ПАЗИЛЕТТЕРИ

Пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи ва саллам мындай деп айткан:

Шаабан айынын он бешинчи (Бараат) түнү келгенде, түндү ибадат менен өткөргүлө, күндүз орозо кармагыла.

Ким бул (Бараат) түнүндө жүз ракат намаз окуса, Аллах Таала ага жүз периште жиберет. Алардын отузу ага Бейишти сүйүнчүлөйт, отузу Тозок азабынан аман экенин айтат, отузу дүйнөдөгү балээлерди андан кайтарат. Он периште да аны шайтандын тузактарынан коргойт.


Ким ушул беш түндү ибадат менен өткөрсө, ал адамга Бейиш важип болот: Тарвия түнү (Арапа күнүнүн алдындагы түн), Арапа түнү, Курман айт түнү, Рамазан айт түнү, Шаабан айынын он бешинчи түнү.


Расулуллах (с.а.в.) айтты:

«Чындыгында Аллах Таала, Шаабан (айынын) он бешинчи (тактап айттыда, Бараат) түнүндө (өзүнүн мээрими менен) көрүнүп, ширк кошкондор жана (момундарга) душмандык кылгандардан башка, бардык кулдарынын күнөөлөрүн кечирет.»


(Мунави, Файзул-Кадир)


Бараат кечеңиз маарек болсун🌙








Байтул-Макдиске келип, Меккеге карай жолго чыккандан кийин Курайш кербенин көргөн. Таң атканда, болгон окуяларды адамдарга кабар берген. Пайгамбарыбыздан (с.а.в) Байтул-Макдистен жана Курайш кербенинин абалынан сурашкан.

Сураган нерселердин ар бирин так маалымдап бергенде, Аллахтын жардамына ээ болгондор аны тастыкташкан; ыйман насиби болбогондор болсо жокко чыгарышкан.

Таңда мечитке чыгып, бул окуяны Курайшка кабар бергенде таң калып, жокко чыгаргандардын айрымдары кол чаап, кээ бирлери баштарын кармашкан. Ыйман келтиргендердин айрымдары дининен кайтышкан.

Ичинен бир тобу Азирети Абубакрга (р.а.) чуркашкан. Азирети Абубакр:

“Эгер муну ал айтса, албетте, чындык.” деген. “Муну дагы чындык деп эсептейсиңби?” деп сурашкан. “Мен, аны мындан да ашык нерсеге (б.а. пайгамбарлыгына) ишенем!” деген. Ошондон кийин ал “Сыддык” деп аталып калган.


Жараткан Аллахтын алдына барганда:

“Аттахияту лиллахи вассалавату ваттаййибат” деп Аллахты даңктап мактаган. Аллах Таала тарабынан ага урматтоо менен “Ассаламу ъалайка аййуханнабиййу ва рахматуллахи ва баракатуху” деп жооп берилген.


Бул саламдын урматына Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) үммөтүн да кошуп:

Ассаламу ъалайна ва ъалаа ибаадиллахис-салихин” деп айткан.


Үммөтүнө бир түн жана күн ичинде элүү убакыт намаз буйрук кылынган, бирок Пайгамбарыбыздын (с.а.в) кайра-кайра өтүнүүсү менен беш убакытка кыскартылган.

Кайтып келе жатканда, бардык даражалары менен Бейишти жана бардык төмөнкү деңгээлдери менен Тозокту көргөн.


МИРАЖ МУЖИЗАСЫ

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (с.а.в) хижраттан бир жарым жыл мурун Ражап айынын 27-түнүндө, Бурак аттуу унаа менен Мекке Мукаррамадан Акса мечитине жеткирилген. Андан соң мираж (лифт сыяктуу) менен Сахрадан (Акса мечитиндеги ыйык таштан) асманга чыгарылган.


Асман катмарларынын ар биринде пайгамбарлардан бирөө менен көрүшүп, алар менен саламдашып сүйлөшкөндөн кийин Сидратул Мунтахага жеткен. Ал жерден Рафрафка минип, Жараткан Аллахтын алдына барган. Ага Аллахтын периштелеринен көптөгөн кереметтер көрсөтүлгөн.


Мираж түнүнүн артынан келген күнү, бешим намаз менен асыр намазынын ортосунда 4 рекет намаз окулат.

Ар бир рекетте Фатиха сүрөсүнөн кийин:

5 Аятал-Курси
5 Кул йа айюхал-кафирун,
5 Ихлас сүрөсү,
5 Кул аъузу бирраббил-фалак,
5 Кул аъузу бирраббин-нас сүрөлөрү окулат.




МИРАЖ ТҮНҮНДӨ ЖАНА КҮНДҮЗҮ АТКАРЫЛА ТУРГАН ИБАДАТТАР

Мираж түнүндө, куптан намазынан кийин 12 рекетте хажат намазы окулат🧎‍♂️
Ар бир рекетте Фатиха сүрөсүнөн кийин 10 Ихлас сүрөсү окулган намазга мындай ниет кылынат:

“Оо, Рабби! Ыраазычылыгың үчүн ниет кылдым намазга. Бул түндө, жетимиш кабат асмандарды жана бардык сырларын көрсөтүп, сүйүүң менен урмат кылган сүйүктүү Пайгамбарыңдын (саллаллаху алейхи ва саллам) урматына, мен алсыз кулуңду кечиримиңе, пейзиңе жана ыраазычылыгыңа жеткир.” Аллаху Акбар.

Намаздан кийин:

4 Фатиха сүрөсү, 100 жолу:

“Субханаллахи вал-хамду лиллахи ва ла илаха иллаллаху валлаху акбар, ва ла хавла ва ла куввата илла биллахил-Ъалиййил-ъазим.”


100 истигфар, 100 салават окулуп, дуба кылынат.

Бул намаз, ар бир рекетте жүз Ихлас сүрөсүн окуп он рекет же ар бир рекетте он Ихлас сүрөсүн окуп 100 рекет кылынса, муну аткарган момун, бул намаздын пейзи жана берекети менен Аллахтын алдында намаздан карыз болбогон абалда чыгат (намаз карыздарын аткарууга жетишет).
Бир хадисте, Ражап айынын 27-күнүндө, башкача айтканда, түндүн артынан келген күнү орозо туткан адамга алтымыш айлык орозо сообу жазылары убада кылынган.


Ражап айынын 27-түнү (эртең кечинде) Мираж түнү болот🌙


Расулуллах (с.а.в.) айткан:


«(Миражда Аллах Таала тарабынан) мындай деп жар салынды: Шек жок, Мен парзымды (намазды беш убакыт кылып) белгиледим жана кулдарымдан (элүү убакытты) жеңилдеттим. Жана Мен жакшылыктардын акыбетин он эселеп берем. (Башкача айтканда, беш убакыт намазга элүү убакыт намаздын сообун берем).»


(Сахих Бухари)




Адамга Кааба сыяктуу үй, Абу Бакр (ра) сыяктуу дос керек.


Акчасы бар базарга баргандан коркпойт.
Ыйманы бар кабырга баргандан коркпойт. 🫀


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Белегибиз баарыңыздарга жагат деген ойдобуз😍🎁

Жалпы
@umra.kyzmatsayakat ‘тын катталуучуларынын атынан жума күнүнүн урматына Меккеде курма тараттык😍❤️


Аллах биздин шүгүрчүлүгүбүздү арттырган, #берекеге толгон күндөрдөн ажыратпасын🌹 Баарыбызга Өзүн жана Элчисин сүйө турган жүрөк берсин💝🤲🏻

#Жумаңыз маарек болсун🌹

@umra.kyzmatsayakat


Белегибиз баарыңыздарга жагат деген ойдобуз😍🎁

https://www.instagram.com/reel/DEWSMfWiANx/?igsh=MTg3Z3hkeDEwNHFiaQ==

Видеону башкалар менен бөлүшүп, комментерий жаза кетиңиз🤗

Показано 20 последних публикаций.