Фильтр публикаций


Дуаларды Аллах Таалам кабыл кылуучу
Азыр сизге кайсы бир жакшы амал, ибаадаттын бир түрү оор келип жатса, тынбай дуа кыла бериңиз

Кураан окуу нафсым үчүн оор ибаадат эле.
Азыр болсо күнүмдүн көп бөлүгүн ээлеп бара жатат, АльхамдулиЛлях
Эрте менен хатм, кечинде сабак, жаттаганымды тапшыруу, күндүзү даярдануу. Ишенесиздерби, китепти да көп карабай калдым.
Инсанга милдет, тапшырма түшкөндө аракет кыла баштайт экен
Бул убакытка чейин тажвид илимин аз да болсо алгам, бирок, жашоодогу өзгөрүүлөргө байланыштуу токтоп калган
Улантууну насип кылганына шүгүр деп олтурам
Аллах Таалам соц.тармактар бар мезгилде жаратканына шүгүр айтам. Үйдө олтуруп эле илим алууга болот🫶
Соц.тармактар инсанды бузбайт. Инсанды анын ошол соц.тармакты “туура эмес жака иштет” деп турган нафсысы бузат.
Жоопкерчиликти мойнубуздан ыргытып, “телефон, интернет” күнөөлүү дегенибиз туура бекен ?
Келин-апалар үйдө тиричилигин, оокатын кылганча дүнүйөнүн аркы бурчунда туруп да илим алып жатышса🌷


🤍


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Жүрөгүмдүн эң кооз жеринен орун алсаң экен деген ниетим күн өткөн сайын күчөп баратканына шүгүрүм чексиз…


Бул жер менин жылуу бөлмөм же бакчам сыяктуу
Жакында эле “сырдуу бакча” (тайный сад) китебин окуп бүтүм эле.
Ошол сыяктуу сырдуу бакчам.
Жан дүнүйөмдүн түпкүрүндө катылган сезимдерим эркин бийлеген жайым.
Сыртта жашоодо башкачамын, тагыраагы инсандарга карап өзгөрүп турам. Ачыкка ачык, үнсүзгө үнсүздүк менен жооп берип.
Чыныгы жан дүнүйөмдүн абалы ушул жакта эле го деп ойлоп кетем
Ошол себептүүбү жагат🤍


🤍


Сен келсең эле ыймандын абалы жакшы жака сонун өзгөрчүүдөй болуп жан дүйнө жаш баладай кубанып жатат🌼
Рамазан…


Өзгөргөнүмдү байкап жатам.
Ойлуумун, унчукпай калдым.
Билбейм, көп нерсе кызыктырбай калдыбы же бактылуулук толгондо ушундай болуп калабы инсан
Билбейм
Көптөн бери издегенимди тапкандай тынчып, үнсүз болуп калдым.




Жагат
Жөн гана жагат )
Тынч, үйдө эч ким жок
Акыйда сабагын укканча камыр жууруп, быштак менен таттуу жасоо🤍
Соң ысып турган бышырыкты духовкадан алып, жылуу кофе менен даам татканча китеп окуп, тынчтыкка бөлөнүү☕️📖
Жактырам🤍
Менин дүнүйөм ушул нерселерден турса дейм
Себеби жактырам❤️


Жан дүнүйөмдүн инсанын жолуктурганда кандай сезимдерди сезинүүм керек деп көп ойлондум, кантип тааныйм аны дедим
Ал келди. Келип тынч жүрөк кандай болуусун көрсөттү, сездирди.
Ошондо аңдадым.
Тынчтыкты жактырган мендей үчүн.
тынчтык тартуулаган инсан керек.


Биздин унутчаактыгыбыздын негизги себеби - көзүбуздүн күнөөлөр менен алек болушу.


Күнөөлөр Роббибиздин биздин көңүлүбүзгө назар таштоосуна перде болот…


Бул көңүл эмне мынчалык назик болбосо🩰


Жан дүнүйөсү аруу адамдан да өткөн бактылуу, бай инсан барбы ?


Билесиңби,
Мага кандай бакыт берээриңди…


Жаңы айфон чыкса: албайтам мен деп шүгүрсүзбүз
Бир гүл бере албайт деп күйөбүзгө нааразыбыз
Балдарыбызды ызылдайт деп бакырабыз
Маршрутка тыгын болсо уфулдайбыз
Ата-энебиз иш айтса тыржыябыз.

Шүгүр деген сөз оозубуздан аз чыкчу болду…
Деним сак, жакындарым тирүү, тамагым, кийимим, көзүм, бутум, диним, акылым бар деп ойлонобузбу ? Шүгүр айтабызбы ?
Эмнеге оорулууларды зыярат кылуу керектигин, мында жаткан сансыз даанышмандыктарды эми түшүнүп баштадым.
Бул парзды аткаруу мүмкүнчүлүгүн ар күнү насип кылган Роббиме шүгүр
Кесибим үчүн шүгүр…


Биз сабыр, шүгүр тууралуу эмне билебиз ?
2 жашар баласы баспайт, даяр тамактан башка эч нерсе жебейт, гидроцефалия көзүнө берген, көздөрү сыртты карай чыгып калган. Сүйлөбөйт, ойнобойт
Туңгуч перзенти ушундай болуптур
Бирок, апасынын жүзүн айт, шүгүр деп нур төгүлүп турат. Жылмайып баласынын колдорунан кармалап күлүп карайт.
Биз сабыр, шүгүр тууралуу эмнени билебиз ?…




Инсандарга байланбоодон бир аз коркчу элем
Кызык, билбейм эмнеге
Бирок, бул нерсенин даамы ушунчалык башкача экендигин билген эмесмин
Балким, азыр деле билбейм
Бирок, мурдагыдай эмес
Эмнегедир инсандар капа кыла албай калышты, ыйлап же жек көрдүрө албай калышты
Билбейм эмнеге
Жүрөк башкаларды таштап, Өзүңө гана талпынып калганыбы Аллахым ?
Кана эле…


Я Роббим,
Жашоомду Өзүң менен ушунчалык топуктуу кыл
Сенден башкасынын бар-жоктугу билинбесин…

Показано 20 последних публикаций.