𝓜𝓸𝓶𝓾𝓷𝓭𝓾𝓷 𝓴𝓾𝓻𝓪𝓵𝔂 "𝓓𝓤𝓐"🍃💖


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Религия


Аллахым айтат: "Пендем мага алакан жайып кайрылса куру кол кайтаруудан уяламын"
Альхамдулиллах Аллахым кандай мээримдү

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Религия
Статистика
Фильтр публикаций




Такыбалык келген сайын , тилиң тыйыла баштайт.


Ар бир адамдын башына сыноо келет. Себеби бул дүйнө жашоосу сыноо үчүн жаратылган. Бүгүн соо жүргөн адам эртең оорукчан болуп калышы мүмкүн, бүгүн каткырып күлүп жүргөн адам эртең көз жашын токтото албай ыйлашы мүмкүн, бүгүн бай болуп жашаган адам эртең карызга батып, кедей болуп калышы мүмкүн. Эч бир адам эртең эмне болорун айта албайт.

Ошондуктан адам дайым дуба кылып, Аллахтан сыноо-кыйынчылыктардан сактоосун суроосу керек. Бирок кээде биз адамдардын башына түшкөн сыноолорду алдын алсак болот. Жогорудагы хадисте пайгамбарыбыз ﷺ бизге ошол дубаны үйрөттү. Эгерде биз жашоодо кыйналган бир адамды көрсөк, мисалы, оорукчан, майып, карызга баткан, жашоодо кыйналып жашаган, дегеле кыйын тагдырга туш болгон адамды көргөндө ушул дубаны ага угузбай ичибизден айткан болсок, ошол кыйынчылык биздин башыбызга түшпөйт. Аллах ушул дуба себептүү бизди ошол сыноодон сактайт. Андыктан бул дубаны сөзсүз жаттап, дайым айтып жүрүңүз.


Махабат деген:Пайгамбарыбыз(с.а.в) дын "Эй,Хадижа!Мен кедей элем, Аллах мени, сени менен бай кылды"-деген сөзү.




🔴 АЛЛАХКА ЭҢ ЖАКЫН БОЛГОН АБАЛ

Пендени Аллахка жакындатуучу ибадаттардын бири – Аллахка сажда кылуу. Сажда кылган кезде пенде Аллахка жакындайт. Ал эми Аллахка жакындоо – анын дубасынын кабыл болушуна себеп болот. Бул туурасында пайгамбарыбыз ﷺ мындай деп айтты:
«Пенде сажда кылганда Раббисине эң жакын абалда болот. Андыктан саждада көп-көп дуба кылгыла». (Сахих Муслим)

Имам Навави хадиске мындайча түшүндүрмө берет:
«Мунун мааниси пенде сажда кылганда Раббисинин ырайымына жана жакшылыгына эң жакын абалда болот дегенди билдирет». (Шарх Сахих Муслим)

Курандагы эң биринчи түшүрүлгөн “Аълак” сүрөөсүнүн акыркы аятында Аллах Таала пайгамбарыбызга ﷺ мындай деп буйрук кылган:
«Сажда кыл жана Аллахка жакында». Аълак сүрөөсү (96:19)

Аяттагы «сажда кыл» дегендин мааниси – Аллах үчүн намаз оку, ал эми «Аллахка жакында дегендин» мааниси – Аллахка моюн сунуу жана сыйынуу менен Ага жакында дегенди билдирет. Ошондой эле эгерде сажда кылсаң, анда Аллахка дуба кылуу менен Ага жакында деген мааниде келген деп да айтылган. (Тафсир аль-Куртуби)

Пайгамбарыбыз ﷺ өмүрүнүн акыркы күндөрүндө сахабаларына мындай деп насаатын айтып кеткен:
«Саждада дуба кылганга басым жасагыла, мына ушул силердин (дубаңарга) жооп берилишине татыктуусу». (Сахих Муслим)

Сажда кылган кезде адамдын дубалары эле кабыл болбостон, анын эки дүйнөдө кадыры көтөрүлөт жана күнөөлөрү кечирилет. Маадан ибну Абу Талха айтат: «Күндөрдүн биринде Аллахтын элчиси ﷺ азат кылган кулу Саубанга жолугуп калдым. Ошондо андан: «Аллах мени бейишке киргизүүсүнө себеп болгон (же Аллахка эң сүйүктүү болгон) ушундай бир иш-аракет тууралуу мага айт, мен аны аткарайын» – деп сурасам, ал мага эч нерсе деп жооп бербеди. Бир аз туруп кайра сурадым, анда да унчукпады. Андан соң үчүнчү жолу сурадым, ошондо гана мындай деп жооп берди: «Бул тууралуу Аллахтын элчисинен ﷺ сураганымда, ал мындай деп айткан:
«Сен Аллахка көп-көп сажда кылгын. Чындыгында, сен Аллах үчүн бир сажда кылган болсоң, Аллах ал себептүү сени бир даражага көтөрөт жана сенин бир күнөөңдү кечирет».
Маадан айтат: «Кийин Абу Дардага жолугуп, андан да ушул суроону сурасам, ал дагы Саубан айткандай эле сөздү айтты». (Сахих Муслим)

Сажда кылуу – бул адамдын эң урматтуу дене мүчөсү болгон башын өз буту менен тепселеп жүргөн жерге коюп, өзүнүн кул экенин көргөзүүсү жана аны жараткан кудурети чексиз Аллахтын буйругуна баш ийип, өзүнүн кул экенин моюнга алуусу. Адам өзү кул экенин билип, Кудай алдындагы милдеттерин талаптагыдай аткарганда гана кулчулук милдетин толук аткарган болот. Кул кулдай болгондо гана көздөгүнүнө жетет. Кул кулдай болгондо гана Кудай анын сураганын берет.


💝💞😍


Кечиресиң! Аллах үчүн!!!


🔴 ИБАДАТТЫН ЫРАХАТЫН СЕЗДИРГЕН ҮЧ НЕРСЕ

Ахмад ибн Харб айтат: 

«Элүү жыл бою Аллахка ибадат кылдым. Бирок үч нерсени таштагандан кийин гана ибадаттын чыныгы ырахатын сездим:

▷ Адамдардын ыраазылыгын таштап, чындыкты гана айта турган болдум.

▷ Күнөө кылган адамдардан алыстап, чыныгы такыба адамдарды дос туттум.

▷ Бул дүйнө ырахаттарын таштадым, акырет ырахатын таптым».

📕 “Сияр аль-Аълаам ан-Нубала”


Келген жоксуң өмүргө кайгыруу үчүн,
Болбой жатса таарынба кай бир ишиң.
Ар бир ишке сабырдуу, боло билсең,
Аллах өзү берет кайырлуусун.


Окуй албай өмүрүмдүн барактарын,
Жөн эле кызыгуусуз барактадым.
Уктабай түнү менен ойлоп чыгам,
Кандай жол, багыт менен баратамын.
Чыга албай тагдырдын сынагынан ,
Муңумду ыр кылып мен жаратамын.
Өзүмдү-өзүм издеп таппай жүрөм,
Жол көрсөт жалбарамын Жаратканым.




✨Сапарлардын эң жакшысы, сооптусу Аллах үчүн Аллахтын үйүнө болгон сапар! 🫀✨


Бир Күйөөсүн Аллах үчүн сыйлап, сүйгөн аял дуа кылып жатып, мындай дейт экен:

Оо Аллахым ар дайым Өмүр жолдошум жанымда болсун! Менин жанымда болбосо анда сенин гана жанын да (үйүңдө) болсун деген экен🤗😄


Ким кошулса Аамиин дей кетиңиз 😊🙊


Көзүн сактабаган эркекке - акыры барып ит да сулуу көрүнөт.

Өзүн сыйлабаган аялга - ар кимдин жабышканы бакыт болуп көрүнөт.



Биз жүрөгүбүздү күнөөлөр менен жаап алганбыз. Тообо кылып, жүрөктөрүбүздү ачалы да, Аллага жакындайлы. Бүт абалыбызда Алла биз менен. Алла Тааладан кечирим сурап, жашообузду туура жолго буруп, өз табиятыбызга, өзүбүздүн таза табиятыбызга кайталы.


Аллахым айтат экен :Бир болот менин каалоом, бир болот сенин каалооң бирок  билгин барибир болот менин каалоом...! 🥰
Ошол себебтен эч капаланбаңыз жакшым🫠Аллахка болгон чыныгы ишеним мн бирге табакал кылып, жүрөгүңүздү Аллахка тапшырып коюнуз 🤗албетте дуа кылууну таштабаңыз "Момундун куралы Дуа" 🤲 Аллахым мн сүйлөшкөн кандай сонун ээ ❤️мындай керемет сезимди сиздерге да каалайм😘


Ар ким кандай жашоону өзү гана тандайт.... бирок башкаларды күнөөлөйт оюндагындай болбосо.


🤲🫀


Мырзам! .
Кандай кыйынчылылык болбосун,сизди колдойм .
Жалгызмын ,артта калдым ,женилдим дебен .
Жанынызда мен бармын ар дайым дуа кылам, сизге ишенем женилбейсиз бирге кыялданып ошол кыялдарга чогу жетебиз  ишенин баары жакшы болот..
Ин шаа Аллах 😊
### .........адамыма 🕊 Ар дайым дуамдасыз🤲



Показано 20 последних публикаций.