Аллах Тааланын пенделерине ырайым кылган, улуу жакшылыктарынын бири, аларга таат-ибадаттар үчүн бир канча мезгилдерди белгилеп, ошол убакыттарда таат – ибадаттар көбөйүп, күнөөлөр кечирилип, жакшылыктар бир нече эсеге көбөйтүлүп, Аллахтын ырайымы түшүп турган мезгилдердин бири, ыйык “Рамазан айы”. Аллах Таала айтты:
شَهْرُ رَمَضَانَ الَّذِي أُنْزِلَ فِيهِ الْقُرْآنُ هُدًى لِلنَّاسِ وَبَيِّنَاتٍ مِنَ الْهُدَى وَالْفُفُرْقَانِ
Силер орозо кармай турган санактуу күндөр – бул Рамазан айы. Бул айда адамдарга хидаят – туура жол болуп, хидаят жана фуркандан турган анык далилдер катары Кураан түшүрүлдү. (Бакара: 185). Бул өтө улуу ай жана орду бийик мезгил!! Орозо айы-берекенин жана жакшылыктын, таат - ибадаттарда туруунун ырайымдуулуктун, кечиримдин, Тозоктон кутулуунун жана берешендиктин, жоомарттыктын, айкөлдүктүн, жакшылык кылуунун айы. Чындыгында Аллахтын элчиси (ага Аллахтын салават – саламдары болсун) бул улуу айдын келүүсүн, алдын ала куш кабарын берип, ошондой эле бул айда, парыз жана нафилдерден турган намаздарга жана садакаларга, жакшылыктарга үндөп, Аллахка таат - ибадат кылууда сабыр кылуу, анын күндүзүн орозо кармоо менен, түнүн болсо, ибадатта туруу менен, анын берекелүү убакыттарын, Аллахты эстөө, шүгүр келтирүү, тасбих, тахлил жана Куран окуу менен алектенүүдөн турган, жакшы амалдар менен өткөрүп, тырышууга кызыктырган. Имам Ахмад өз “Муснадында” Анас ибн Маликтен (андан Аллах ыраазы болсун) кабар берет. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын салават – саламдары болсун) айтты: “Бул Рамазан айы, чындыгында, ал кирип келди. Бул айда, Бейиш эшиктери ачылып, Тозок эшиктери жабылып, жана шайтандар чынжырланып коюлат. Тирмизий жана Ибн Мажа, Абу Хурайрадан (андан Аллах ыраазы болсун) кабарлашты. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын салават – саламдары болсун) мындай деди: “Рамазан айынын алгачкы түнүндө шайтандар жана баш ийбеген жиндер чынжырланат.Тозок эшиктери жабылып, андан бир эшик ачылбайт, жана Бейиш эшиктери ачылып, андан бир эшик жабылбайт. Чакыруучу: О, “Жакшылык каалоочу шашыл, О, жамандык каалоочу (күнөө кылуудан) токто”, деп чакырат. Рамазандын ар бир түнүндө, Аллах Тааланын Тозоктон кутула турган пенделери болуп, бул нерсе Рамазан айынын ар бир түнү болуп турат”.
https://t.me/muhsiin_kg❤️❤️❤️❤️