Ош шаарында 73 жыл мурда жабылган "Ак көр" көрүстөнү рекультивациялана баштады
Мэрия кайра казуу иштери санитардык талаптарга ылайык жүргүзүлөрүн белгиледи. Эски мүрзөнүн аянты 19 сотых. Муниципалитет ал жер коомдук муктаждык үчүн пайдаланыларын кошумчалады.
Ишти баштаар алдында ал жерге мэрия, муфтият өкүлдөрү, аксакалдар чогулуп, куран окуп, курмандык чалышкан.
Мэр Жеңишбек Токторбаев шаар ичиндеги көрүстөндүн баары жыл этегине жабыларын, сөөктөр шаар четиндеги жаңы көрүстөнгө коюларын айткан.
Токторбаевдин айтымында, шаарда 200 гектар аянтты ээлеген 50 көрүстөн бар, анын 15и толук жабылган.
#ош #муфтият #мерия #мурзо
👉 @nasaattar_kg 👈