Номад | Жаңылыктар


Гео и язык канала: Киргизия, Казахский
Категория: Блоги


Кабарлар жөнөкөй жана түшүнүктүү
https://nomadtv.kg

Связанные каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Казахский
Категория
Блоги
Статистика
Фильтр публикаций


Фермерлердин ишин жеңилдетүүчү тиркеме иштелип чыкты
 
«iDyikan» санариптик платформасын колдонгон фермер насыя алуу үчүн банкка барып, документ чогултуп, кезек күтпөйт.
 
Тактап айтканда, фермерлерге аралыктан эле насыя берүү багытындагы жаңы этап башталды, деп билдирет Айыл чарба министрлиги.
 
Эми арыздарды кабыл алуудан тарта анын жыйынтыгына чейинки бардык иштер санариптешет.
 
@nomad_news_kg


🦠🦠Кыргызстанда санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлдү
 
Мамлекеттик чек арадагы бардык санитардык-карантиндик пункттар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги таратты.
 
Мындай чара Россияда кара тумоо (чума) оорусу катталгандыгы тууралуу маалыматка байланыштуу.
  
Иркутск облусунда 28 жаштагы бейтап каза болгондон кийин Шелехов шаарындагы оорукана карантинге жабылган. Кийинчерээк бийлик өлүмгө кара тумоо себеп болгонун тастыктады.
 
Андан кийин байланышта болушу мүмкүн делген  197 адам медициналык көзөмөлгө алынды. Бирок бул дарт башка эч кимден тастыкталган эмес.
 
@nomad_news_kg


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Кыргызстандык айымдар Москва шаарында эл аралык конференция уюштурушту
 
Москва шаарында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы аялдардын образына жана жазуучунун 100 жылдыгына арналган эл аралык конференция өттү. Анын катышуучулары Жамийла, Толгонай, Алтынай жана жазуучунун башка каармандарынын тагдыры тууралуу, алардын азыркы учурдагы айымдар менен байланышы жөнүндө сөз кылышты.  
 
Конференцияга жазуучулар, окумуштуулар, маданият тармагынын жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү чогулду.
 
@nomad_news_kg


Бүгүн Кыргызстан менен Ливандын футболчулары ойнойт
 
Жолдоштук беттеш Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:00дө башталат.
 
Эки команда буга чейин 3 жолу беттешкен. Эки оюн тең чыгуу менен аяктаса, биринде ливандыктар 2:0 эсебинде жеңишке жеткен.
 
ФИФАнын рейтингинде Кыргызстан 106-орунда, Ливан 111-орунда турат.
 
@nomad_news_kg


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Эрлист Акунбеков Ыдырыс Исаковду дебатка чакырды
 
Минкаб төрагасынын орун басары жана айыл чарба министри дебатты 7-октябрга пландаганын айтты.
 
Ага журналист жана блогер Ыдырыс Исаковдун аны сындаган маалыматтары себеп болгон. Ал эми Исаков бул чакырууну кабыл алганын айтты.
 
@nomad_news_kg


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Ырчы Ёлка кыргызстандык жаш талантты жогору баалады
 
Анын хит чыгармасын «Ты супер! Кыргызстан» долбоорундагы жаш талант жогорку чеберчилик менен аткарды.
 
«Кыргызстандагы ”Ты супер!” шоусунун таланттуу катышуучулары көрүүчүлөрдү кубандырып жатышат. Аруна, тандооң үчүн рахмат жана ийгиликтерди каалайм», - деп жазды Елка.

Шоунун 4-чыгарылышын YouTube-каналдан көрүңүз.

@nomad_news_kg


Валентина Шевченконун куруна бразилиялык спортчу ээ болду
 
UFC 332 турниринин негизги беттеши Американын Солт-Лейк-Сити шаарында өттү. Анда бразилиялык Наталья Силва менен кытайлык Ван Цун беттешти.
 
Жыйынтыгында Наталья Силва UFC уюмунун аялдар арасындагы эң жеңил салмак категориясындагы чемпиондук курунун жеңүүчүсү болду. Ал 29 жашта, учурда анын эсебинде 9 жеңиш бар.
 
Бул беттеште кыргызстандык Валентина Шевченкого таандык болгон бош чемпиондук титул ойнотулду. Ал жаракатына байланыштуу чемпиондук наамдан баш тарткан.
 
@nomad_news_kg


Шакиранын концертине 22 миң сомдон башталган билеттер сатыкта бар

Мындай маалыматты Президенттин иш башкармалыгы жарыялады.

«40 миң сомдук категориядан тышкары баасы кыйла жеткиликтүү болгон 22 миң, 27 миң, 28 миң жана 34 миң сомдук билеттер да бар», - деп айтылат маалыматта.


Концерт 18-октябрда «Бишкек Аренада» өтөт.

@nomad_news_kg


Оштогу бокс боюнча эл аралык турнирдин жеңүүчүсү аныкталды

Эл аралык турнир менен катар бокс боюнча Ош шаарынын мэринин кубогу жыйынтыкталды.

Рингге эл аралык курамдагы мушкерлер чыгышты. Турнирдин жыйынтыгында кыргызстандык мушкер Мирзохид Имамназаров чемпиондук курга ээ болду.

Ал эми Ош шаарынын мэринин курун Ыйман Байзаев жеңип алды.

TURKSEN 3 эл аралык турнири Ош шаарынын күнүнө карата уюштурулган.

@nomad_news_kg


Эскертүү! Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болушу мүмкүн

Жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши ыктымал, деп билдирди ӨКМ.

@nomad_news_kg


Балет театрынан «Аста-секин: колукту!» спектаклин көрүңүз
 
А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театры 85-сезонун ачты. Анда бүгүн Бүбүсара Бейшеналиеванын 100 жылдыгына арналган «Чолпон» балети көрсөтүлдү.
 
Эртең «Аста-секин: колукту!» комедиясы тартууланат.
 
@nomad_news_kg


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
🥊🥊Дүйнөдөгү эң мыкты делген боксчулар Ошто чогулушту
 
Учурда шаарда эл аралык бокс кечеси өтүп жатат. Анда жалпысынан 8 жуп беттешет.
 
Уюштуруучулар Азиянын чемпиону деген наам менен алтын курдун ээси аныктала турганын жарыялаган.
 
@nomad_news_kg


Нарын шаары 158 жылдыгын белгилейт
 
Майрамдык иш-чара 7-октябрда Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтта өтөт.
 
Саат 18:00дөн тарта Нарындан чыккан таланттар жаңы алынган мобилдик сахнада ырдашат.
 
@nomad_news_kg


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Эне-баланы жол тандабас сүздү

Окуя кечээ түштө Бишкектеги Чүй проспектиси менен Манас көчөсүнүн (мурунку Фучик к.) кесилишинде болгон. 28 жаштагы келин менен 4 жаштагы уулу ооруканага кайрылышты.

@nomad_news_kg


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Кыргызстандагы алгачкы альпинизм музейи ачылды
 
Музей Бишкек шаарындагы К2 альпинизм борборунда жайгашкан. Бүгүнкү иш-чарада Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов К2 тоосунда көтөргөн Кыргызстандын мамлекеттик туусун тапшырды.

Музейде кыргыз альпинизминин тарыхына, белгилүү альпинисттердин жетишкендиктерине, тоо экспедицияларына жана өлкөнүн тоолуу аймактарына байланыштуу экспонаттар топтолгон.

@nomad_news_kg


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Ош шаарындагы таза суу көйгөйүн чечүү аракеттери

Ак-Буура дарыясындагы жаңы суу алуучу жайдын биринчи линиясынын курулушу аяктады. Учурда сыноо иштери жүрүп жатат.

Долбоор Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылды. Бул этаптын жалпы баасы болжол менен 380 млн сомду түзөт.

Бирок суу алуучу жай толук кандуу иштеши үчүн экинчи линияны да куруу зарыл. Ага болжол менен дагы 270 млн сом талап кылынат.

Ош шаарындагы таза суу көйгөйү көп жылдан бери толук чечилбей келет. Нөшөрлүү жаан жаап, сел жана суу ташкындары болгондо Ак-Буурадагы суу кирдеп, жашоочуларга маселе жаралат.

@nomad_news_kg


🎤🎤«Ты супер! Кыргызстан» долбоорунун акыркы тандоо этабы
 
«Номад ТВ» телеканалындагы шоу бүгүн саат 19:20да башталат.
 
Бул ирет да жаш таланттар өзгөчө өнөрүн көрсөтүп, алардын ичинен эң мыкты 5 катышуучу жарым финалга жолдомо алат.
 
@nomad_news_kg


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Ошто эл аралык бокс кечеси өтүп жатат
 
Коноктордун катарында дүйнөлүк бокс жылдызы Рой Жонс бар.
 
Рингде Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдүн мушкерлери беттешет.
 
@nomad_news_kg


6-октябрда Бишкектин бир бөлүгүндө таза суу жок болот
 
Саат 09:00—02:00 аралыгында суу түтүктөрүн оңдоо иштери жүргүзүлөт.
 
Дарек: Шабдан баатыр, Бакаев, Алтымышев, Жунусалиев, Гагарин, Махатма Ганди, Циалковский, Т.Фрунзе, Өмүр, Алыкулов, Ахунбаев, Көк-Жайык, Торугарт көчөлөрү, Жумушчу шаарчасы, Ак-Өргө, Ак-Ордо, Теңир-Тоо конуштары.
 
@nomad_news_kg


🚘🚘Борбордогу 2 мугалим айым автоунаа утуп алышты

Бишкек шаарында «2026-жылдын» мыкты мугалими сынагынын жыйынтыгы чыкты.

Анда эң жогорку жыйынтыктарга жетишкен үч педагогдун бири батир, экөө автоунаа менен сыйланды.

🚘№84 мектептин адам жана коом сабагынын мугалими Нургүл Карыбековага «Chevrolet Cobalt» үлгүсүндөгү автоунаанын ачкычы;

🚘№118 мектептин тарых мугалими Жылдыз Белековага «Chevrolet Tracker» үлгүсүндөгү автоунаанын ачкычы тапшырылды.

🏡Ал эми эң жогорку жыйынтык менен №31 мектептин музыка мугалими Нурбек Айдарбек уулу 1 бөлмөлүү батир утуп алды.

@nomad_news_kg

Показано 20 последних публикаций.