Кымбаттуу мекендештер!
Бүгүн мага карата Биринчи май райондук соту чыгарган актоо чечиминин үстүнөн прокурор Байбагышева Бишкек шаардык соттук коллегиясына аппеляциялык арыз менен кайрылып, жокко чыгарууну жана кайрадан райондук сотко жиберүүнү өтүнгөнүн сотко барганда капыстан билип калдым. Максатымда соттун чечими күчүнө кирди деп мөөр бастырып, Жалал-Абад облусуна барып, курорттон мындан аркы даарылануумду улантайын дегем.
Мен, сөздүн ачыгы, түз жүргөн, берген убадама бек турган жигитмин. Адвокаттарыма сунуш киргизип, акылдашып, мамлекеттен моралдык чыгым өндүрүү үчүн сотко кайрылбайбыз деп чечим кабыл алганбыз. Бул менин эч кимге кегим же таарынычым жок экендигинен кабар берет.
Эми мындай… Мен өзүм күткөндөй, ишенгендей эле жылдап созулган соттук териштирүүлөрдөн кийин акталдым. Сотто ачык айткандай, жаштыгыма салып Урматтуу президенттибиз Садыр Нуркожоевич менен Генералыбыз Камчыбек Кыдыршаевичтин алдында ката кетирип алгандырмын, бирок мыйзам алдында кымындай да күнөөм жок дегенмин. Бул менин туруктуу пикирим.
Мен 29-декабрь күнү ооруканада жатканда интервью берип, ошол жерде белгилеп өткөндөй эле мындан ары өзүмдүн ден-соолугумду чыңдап, билимимди бышыктоо менен, жакындарымды аёо менен гана алек болом дегем. Ал оюмдан кайтпайм.
Ошентсе да, мен баарыңыздарга ыраазычылык билдирем! Менин акталышыма, менин адилетти эңсеген үнүм керектүү адамдарга жеткенине себепчи болгондорго рахматымды айтуу парзым деп эсептейм.
Бирок, кандай болбосун, жалаң жакшыны ойлогон, оптимист жаным бу алдыдагы шаардык сотто райондук сот чыгарган чечимди бекемдеп, тактап айтканда мени дагы бир жолу соттук коллегия аркылуу актап койгону жатышат деп ойлоп турам.
Жараткан жалпыбызды жалгасын! Жакшылыктарда гана жүз көрүшөлү, журт жакшылары!
09.01.2023