🥇
Айсулуу Тыныбекова эл аралык турнирде алтын медаль алды Балбан Варшава шаарында (Польша) өтүп жаткан Memorial Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open 2024 аттуу рейтингдик турнирге катышкан.
Спортчу биринчи кармашында польшалык Ольга Падошикти 8:0, андан кийин канадалык Мики Руботтомду 8:2 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңген. Ал эми финалда германиялык Луиза Нимешти 4:1 эсеби менен утуп, биринчи орунга татыган.
Ошондой эле дагы бир кыргызстандык балбан Калмира Билимбек кызы Польшадагы рейтингдик турнирде күмүш байгеге ээ болду.
@Sputnik_Kyrgyzstan_KG