Нурбек Аширмухаммад уулу


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Религия


Каналдын автору: Нурбек Аширмухаммад уулу
🎓Медина шаарындагы Ислам университетинин хадис факультетинде бакалавр баскычын бүтүргөн

🎓Хадис факультетинин Фикх ас-Сунна бөлүмүндө магистратура баскычын бүтүргөн

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Религия
Статистика
Фильтр публикаций


Орозо кармоо адамдын сабырдуулугун үч түрдө өнүктүрөт:

1. Ибадатка сабыр кылуу: Орозо кармоо аркылуу адам Аллахтын буйруктарын аткарууда туруктуулукка көнө баштайт.


2. Күнөөдөн алыс болууга сабыр кылуу: Орозо учурунда адам жаман иштерден, күнөөлөрдөн оолак болууга аракет кылат.


3. Тагдырга сабыр кылуу: Орозо кармоо менен адам ачкачылык жана суусоо сыяктуу кыйынчылыктарга чыдамдуулук көрсөтүп, Аллахтын сыноолоруна сабыр кылат.

Бул сабырдуулуктун үч түрү – орозонун маанилүү пазилеттери болуп саналат.

🖊 Нурбек Аширмухаммад уулу




📜Орозонун артыкчылыктарынын бири – ким бир күн орозо кармап көз жумса, ал Бейишке кирет

❒ Пайгамбар (саллаллаху алейхи ва саллам) айтты:

«Ким бир күн Аллахтын ыраазылыгын үмүт кылып орозо тутуп, ошол орозосу менен (өмүрү) аяктаса, ал Бейишке кирет».

📚 Муснад Ахмад (сахих).

Башка риваятта мындайча келет:

«Ким бир күн орозо кармап, ошол орозосу менен (өмүрү) бүтсө, Аллах аны Бейишке киргизет».

📚 Муснад Ахмад (сахих).


📋 Хадистин мааниси:

✍🏻 Имам Мунави (рахимахуллах) мындай деп айткан:

«Бул хадис – ким бир күн орозо тутуп, өмүрүнүн аягы ошол орозо менен бүтсө (мисалы, орозо учурунда көз жумса же ооз ачкандан кийин көз жумса), ал Бейишке алдыңкы муундар менен же эч азап тартпай кирет».

📚 [Файзул-Кадир]

🖊 Нурбек Аширмухаммад уулу
------------------------
#Бир_күн_орозо_менен_аяктоо | #Хадис_жана_шархы




Урматтуу мусулман бир туугандарым!

Аллах Таала Рамазан айын баарыбызга берекелүү кылсын!

Аллахтан сурайм, Рамазан айын ар бир мусулман эркекке жана аялга алардын күнөөлөрүн кечирип, туура жолго салган абалда жеткирсин!

Ошондой эле Аллахтан сурайм, мусулман элибизге биримдик берип, жамаатты бекемдеп, жетекчилерге пайдалуу иштерин жеңилдетип, элибизди тынчтык жана мол ырыскы менен сыйласын!

Оо, Аллах! Кайгыга батып, түйшүк тартып жаткандардын көйгөйлөрүн чечип, жүрөктөрүн кубанычка бөлө!

Оо, Аллах! Ооруга чалдыккандарга шыпаа берип, карызга баткандардын карыздарын өтө!

Оо, Аллах! Рамазанда тирүү болгондорду орозого, түнкү намаздарга жана Куран окууга бекем кыл, жана алардан ар түрдүү ибадаттарын кабыл кыл!

Оо, Аллах! Мусулмандардын кайтыш болгондорунун күнөөлөрүн кечирип, аларды кабырларында бактылуулардын катарына кош!

Оо, Аллахым! Өлкө башчыбызга жана ал тарабынан дайындалган башчыларыбызга жардам бер, аларга өлкөбүз жана элибиз үчүн пайдалуу нерселерди жасоону жеңилдете көр!

🖊 Нурбек Аширмухаммад уулу


﴿وَمِنهُم مَن عاهَدَ اللَّهَ لَئِن آتانا مِن فَضلِهِ لَنَصَّدَّقَنَّ وَلَنَكونَنَّ مِنَ الصّالِحينَ۝فَلَمّا آتاهُم مِن فَضلِهِ بَخِلوا بِهِ وَتَوَلَّوا وَهُم مُعرِضونَ۝فَأَعقَبَهُم نِفاقًا في قُلوبِهِم إِلى يَومِ يَلقَونَهُ بِما أَخلَفُوا اللَّهَ ما وَعَدوهُ وَبِما كانوا يَكذِبونَ﴾ [التوبة: ٧٥-٧٧]

Аллах Таала Куранда мындай деп айтат:

«Алардын арасында Аллахка: «Эгер Ал бизге Өз пазилетинен (байлык) берсе, сөзсүз садака кылабыз жана такыбалардан болобуз» - деп убада бергендери бар».

«Бирок качан Аллах аларга Өз пазилетинен (байлык) бергенде, алар сараңдык кылышты жана (убадаларынан) баш тартып, жүз бурушту».

«Андан кийин Аллах аларга, Аны менен болгон жолугушуу (Кыямат) күнүнө чейин алардын жүрөктөрүнө эки жүздүүлүктү салып койду. Бул - алардын Аллахка берген убадаларын бузгандыктары жана жалган айткандыктары үчүн (жаза болду)».


[Тавба сүрөсү, 75-77-аяттар].
----------------------------------------

🔹БУЛ АЯТТАРДАН АЛЫНУУЧУ САБАКТАР:

1. Убаданы аткаруу - ыймандын белгиси.
2.
Убаданы бузуу - мунафыктыктын (эки жүздүүлүктүн) белгиси.
3. Байлык - адамдын чыныгы жүзүн көрсөтүүчү сыноо.
4. Аллах менен кылган убаданы бузуу - оор күнөө.
5. Эки жүздүүлүк - жүрөктөгү оору, ал убаданы бузуудан жана жалган сүйлөөдөн пайда болот
.

🖊 Нурбек Аширмухаммад уулу
t.me/sunnotjolu/1385


Аллах Таала башчыларыбызга мамлекеттин мүлкүнө кол салгандарга каршы күрөшүүгө жардам берсин!

✍️
Аалымдар айтат:
Өкмөттүн мүлкүнөн уурдоо - жеке адамдын мүлкүнөн уурдагандан да чоң күнөө, анткени өкмөттүн мүлкүндө ар бир адамдын, айрыкча кары-картаңдар, жаш балдар жана башка адамдардын укуктары бар. Анан дагы адам бул мүлктөн кутулууга аракет кылганда, бул абдан кыйын болушу мүмкүн
. Анткени ошол мүлккө байланышкан көптөгөн адамдардын акысын жеп койгон.

🖊 Нурбек Аширмухаммад уулу
t.me/sunnotjolu/1384


Аалымдар айтышат:
Исраил урпактарына (Бани Исраилге) «Хитта» (тообо) деген сөздү айткыла деп буйрулду. Бирок алар «Хинта» деп айтышты. Бир тамганы өзгөртүп айтышкандыктан, алар оор сыноолорго жана чоң азапка дуушар болушту.

Мындан алынуучу сабак:
Диндеги кошумчалар жана шарияттагы бидааттар - өтө коркунучтуу жана зыяны чоң. Эгер бир сөздү өзгөртүү ушундай жазага алып келсе, анда Жараткандын динин өзгөртүүнүн кесепети кандай болот?!

Демек, диндеги ар кандай өзгөртүү, кошумча же кемитүү - өтө коркунучтуу. Ислам дини толук түшүрүлгөн жана аны өзгөртүүгө болбойт.


🖊 Нурбек Аширмухаммад уулу
t.me/sunnotjolu/1383


Күнөө - бул пенденин Раббисинин алдында баркын төмөндөтүп, Анын назарынан түшүп калышына себеп болот.

Хасан аль-Басри айтты: «Алар Аллахтын алдында баркын жоготкондуктан гана Ага баш ийбей коюшту. Эгер алар Анын алдында кадыр-барктуу болгондо, Ал аларды (күнөөдөн) сактамак. Эгер пенде Аллахтын алдында баркын жоготсо, аны эч ким сыйлабайт».

Аллах Таала айткандай: «Аллах кимдин баркын түшүрсө, аны сыйлай турган эч ким болбойт» (Хаж сүрөсү, 18-аят).

Адамдар сыртынан аларга муктаждыгынан же жамандыгынан корккондуктан урмат көрсөткөнү менен, чындыгында алардын жүрөгүндө алар эң баркы жок жана эң төмөн даражада болот.

📚(Ад-Даа' вад-даваа китебинен).

🖊 Нурбек Аширмухаммад уулу
t.me/sunnotjolu/1382


Ибн аль-Жаузий (Аллах ага ырайым кылсын) айткан:

«Күнөө үчүн келүүчү (бул дүйнөдөгү) жазанын эң катуусу - ыймандын кетиши, Аллахка жалбаруу ырахатынан кур калуу, Куранды унутуу жана Истигфар айтуудан алыстап кетүү».

📚("Заммуль Хава", 210-бет).


Аллахтын сөзү:
«Андыктан Аллахка качкыла, мен силерге Анын тарабынан келген ачык эскертүүчүмүн»
(аз-Зарият сүрөөсү, 50-аят).

Аллахка качуу — Анын буйруктарын аткарып, тыюуларынан алыс болуу менен ишке ашат. Анткени Аллахтын азабынан сени куткаруучу жалгыз жол — Анын буйруктарын аткаруу.

🖊 Нурбек А.У.
t.me/sunnotjolu/1380


🔰Ыйык айлар

Пайгамбар (саллаллаху алейхи ва саллам) мындай деген:
«Жыл 12 айдан турат, алардын төртөө - ыйык айлар: Зул-Каада, Зул-Хижжа, Мухаррам жана мудардын Ражаб айы, ал Жумада жана Шаъбан айларынын ортосунда келет».

📚(Бухари: 4406, Муслим: 1679).


Аллах Таала бул төрт айды башка айлардан өзгөчө кылып, ыйык айлар деп белгилеген.

Бул айларда жасалган күнөөлөр башка айларда жасалган күнөөлөрдөн чон болуп эсептелет, андыктан күнөөдөн оолак болуу керек.

Ошондой эле, жакшы амалдардын сообу да бул айларда өзгөчө чоң болот.

Ибн Аббас (Аллах алардан ыраазы болсун) минтип айткан:
«Аллах бул төрт айды ыйык айлар кылган. Бул айларда жасалган күнөөлөр чоң жазаланат. Ошол эле учурда бул айларда кылынган жакшы иштердин сообу да көбүрөөк болот».


Айлардын тизмеси:

1. Мухаррам (ыйык ай)

2. Сафар

3. Рабиуль-Авваль

4. Рабиуль-Ахир

5. Жумада ал-Уля

6. Жумада ал-Ахира

7. Ражаб (ыйык ай)

8. Шаъбан

9. Рамазан

10. Шавваль

11. Зул-Каада (ыйык ай)

12. Зул-Хижжа (ыйык ай)
----------------------

🖊 Нурбек Аширмухаммад уулу
t.me/sunnotjolu/1379


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Умрадагы сабактардан үзүндү (2014 г. Декабрь): акыйка чалуу жөнүндө

https://youtube.com/shorts/xfTcuB0-hQ4?si=avDrWtw6lSKNNQV3


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Ар бирибиздин менчик үйүбүз болот!

🎙Нурбек Аширмухаммад уулу




Пайгамбар (саллаллаху алейхи ва саллам) айтты:
«Адам баласы карыйт, бирок анын эки нерсеге болгон каалоосу жаш бойдон кала берет:
Байлыкка болгон ач көздүгү жана өмүрүнүн узак болушуна болгон үмүт».


📚 Сахих Муслим, №1047.

Бул хадис адам баласынын жүрөгүнө өтө терең ой салат. Пайгамбар (саллаллаху алейхи ва саллам) бизге адамдын өмүр бою жоголо бербеген эки каалоону айтып жатат: байлыкка болгон ач көздүк жана өмүрүнүн узак болушун эңсөө. Бирок бул каалоолор көбүнчө бизди чыныгы максатыбыздан алыстатып, түбөлүк жашообузду унутууга алып келет.

Байлыкка болгон ач көздүк - бул адамдын жүрөгүн каптаган эң күчтүү сыноолордун бири. Биз дүйнө чогултуп, "дагы көбүрөөк" деп жашап, өмүрүбүздү текке кетирип жатабыз. Байлыктын артынан аша чаап түшкөн сайын, ал чөйчөк сыяктуу болот: канча толтурсаң да, кайра бош сезиле берет. Бирок ал байлык бизди түбөлүктүү жашоого даярдабаса, бул дүйнөдө эмне пайдаларды табаабыз? Көрүстөнгө киргенде биз менен бирге байлык эмес, амалдарыбыз гана кетет. Ошол учурда, дүйнөдөгү ач көздүгүбүздүн бизге пайда эмес, зыян алып келгенин түшүнөбүз.

Өмүрдүн узак болушуна болгон үмүт - бул биздин чыныгы милдетибизди кечеңдетүүгө алып келген экинчи чоң тоскоолдук. "Эртең кылып алам, убакыт бар" деп жашайбыз. Бирок эртеңибиз бар экенине кепилдик жок. Канча адамдар "Кийин туура жолго түшөм, дагы жашайм" деп жүрүп, капыстан бул дүйнөдөн өтүп кетти. Узун өмүр эңсөө менен, биз өзгөчө мүмкүнчүлүктөрдү текке кетирип жатабыз. Жараткан бизге өмүрдү ибадат жана жакшылык үчүн берди, бирок биз аны тек гана дүйнө чогултууга жана убактылуу ырахатка арнап койбодукпу?!

Бул хадис жүрөгүбүздү селт эттирип, бизди ойготушу керек. Адам карыйт, бирок бул дүйнөдөгү каалоолору токтобойт. Бирок ошол каалоолордун артынан түшүп, түбөлүктүү жашоону унутуп калуу - бул эң чоң жоготуу.

Ошондуктан, ар бирибиз өзүбүздөн сурайлы: бул дүйнөгө чогултуп жаткан нерселерибизден эмнелери бизге эртең акыретте пайда берет? Өмүрүбүздү кантип өткөрүп жатабыз? Эртең кеч болуп калгыча, бүгүн өзгөрөлү. Байлыкка акыреттик амалдардан алыстатып жиберчүдөй берилүү эмес, амалдарга; убактылуу өмүргө эмес, түбөлүктүү жашоого умтулалы.

🖊 Нурбек Аширмухаммад уулу

Сүннөт Жолу
t.me/sunnotjolu/1375


КҮНДҮН ТЕМАСЫ

Урматтуу мусулман бир туугандар!

Өлкөбүздөгү динге тиешелүү болгон мыйзамдарга карата илимдин негизинде караганга аракет кылуубуз керек, эгерде туура чечимге жетүүнү каалаган болсок.

Бул мыйзамдагы кээ бирөөлөр ызычуу жаратып жаткан жерлерин карап көрсөк, бул жерде Даават (динге чакыруу) кылууда тартипке келүү, ирээтке келүү деген мыйзам кирип жатат.

Мыйзамга кирип жаткан тартип шариятка каршы келбейт. Бул нерсе Пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) мурас болуп келген илимден үлүшү бар адамга белгилүү.

Биз Куран жана Сүннөттү түшүнүп жана ал экөөнө амал кылууда сахабаларга, табаиндерге жана ошол сахаба жана табаиндерге ээрчиген төрт мазхаб имамдарына жана аларга ээрчиген кийинки дин аалымдарына карашыбыз керек. Биз мына ошондо гана динди туура түшүнүп, туура карманган болобуз.

Ошондуктан, бул маселеде өлкө башчыбыз менен бирге болуп, жана ал дайындаган башчыларыбыз менен бирге болушубуз керек.

Аллах Таала өлкөбүзгө тынчтык жана өнүгүүнү берсин!

Аллах Тааладан өлкө башчыбызга жана ал тарабынан дайындалган башчыларга элибиздин эки дүйнөлүк иштеринде жардам берүүсүн сурайбыз!

🖊 Нурбек Аширмухаммад уулу

Сүннөт Жолу
t.me/sunnotjolu/1374


Уктап жаткан адам түш көрүп жатканын ойгонгондон кийин гана түшүнөт. Ошо сыяктуу эле, акыреттен кабарсыз адам да эмне деген сооптуу амалдарды жоготуп жатканын өлүм келгенде гана түшүнөт.

Аллах Таала баарыбызды Өзүнүн ыраазычылыгына багыттасын!


Тамактануу сүннөттөрүнөн:

Пайгамбар (саллаллаху алейхи ва саллам) айтты: «Тамак алдыңарга коюлганда, анын четинен алып жегиле, ортосунан жебегиле,
анткени, береке анын ортосуна түшөт».


📚(Сахих аль-Жамиъ, 829)
t.me/sunnotjolu/1372


Башкалардын кемчиликтерине көз жумуу

Пайгамбар (саллаллоху алейхи ва саллам) мындай деп айтат:
«Ким башка бир мусулмандын айыбын жашырса, Аллах Таала анын айыбын бул дүйнө жана акыретте жашырат».

Аалым Абдуррахман ас-Саади (рахимахуллах) мындай деген:

«Башкалардын кемчиликтерине көз жумуп, алардын өздөрү ачыктоону каалабаган сырларын аңдыбай, тилин алардын жамандыктарын жайылтуудан тыя билген адам өз динин жана ар-намысын сактап калат. Ошондой эле Аллах Таала ал адамды пенделеринин жүрөгүнө сүйүктүү кылып коёт жана анын каталарын жаап жашырат. Себеби, амал кандай болсо, анын сыйлыгы да ошого жараша болот. Сенин Раббиң пенделерине эч качан зулум кылбайт».

📚 [Ал-Фаваких аш-Шахия, 1/112]

🖊 Нурбек Аширмухаммад уулу
t.me/sunnotjolu/1371

Показано 20 последних публикаций.