☑ *АРАФАТ КҮНҮНҮН ПАЗИЛЕТИ*
_(эртең, 15-июнь арафат күнү)_
✍ Арсланбек Абдырахман уулу
Арафат күнү Аллах тааланын берекелүү күндөрүнүн бири болуп саналат. Бул күн башка күндөрдөн өзгөчөлөнүп көптөгөн пазилеттерге, артыкчылыктарга жана улуу сыйлыктарга ээ. Бул күндө дубалар кабыл болот, кемчиликтер түздөлөт. Бул күндө Аллах таала периштелерге ажылыкка барып Арафат тоосунда турган адамдар менен сыймыктанат. Аллах таала Арафат күнүнүн кадырын башка күндөрдөн бийик кылган. Арафат күнүндө Ислам дини жана Аллахтын жакшылыктары толукталып берилген. Бул күндө ката-кемчиликтер, күнөөлөр кечирилет жана пенделер тозоктон куткарылат.
Арафат күнү зуль-хижжа айынын 9-күнү. Ушул күндө ажыга барган адамдар Арафат тоосуна чогулуп ибадат кылышат.
🔵 *АРАФАТ КҮНҮНҮН ОРОЗОСУ ЭКИ ЖЫЛДЫН КҮНӨӨЛӨРҮН КЕТИРЕТ*
Арафат күнүнүн орозосу өткөн жылдын жана келерки жылдын күнөөсүн кетирет. Бул жөнүндө Абу Катада, радыяллаху анху, айтат: Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Арафат күнүнүн орозосу жөнүндө суралганда, ал: *«Эки жылдын күнөөсүн кетирет, ал эми Ашура күнүнүн орозосу жөнүндө суралганда, бир жылдын күнөөсүн кетирет деп жооп берди»*. (Муслим)
Аллах таала Арафат тоосунда турган мусулмандар менен сыймыктанат. Абу Хурайра, радыяллаху анхудан, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: *«Чынында Аллах таала Арафат тоосунда турган адамдар менен сыймыктанып асмандагы периштелерине "Карагылачы, Менин кулдарымды! Мага чачтары үйпөлүп, үстүлөрү чаң болгон абалда келишти»* — деп айтат.
Арафат күнүндө Аллах таалага дуба кылып күнөөлөрдү кечирүүсүн, тозоктон куткаруусун сурап жалбаруу мустахаб (жакшы көрүлгөн амалдардан) болуп саналынат. Бул күндө дубалар кабыл болот деп үмүт кылынат. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтат: *«Дубалардын эң жакшысы — бул Арафат күнү кылынган дуба. Ал күндө мен жана пайгамбарлар айткан дубалардын эң жакшысы бул — "Лаа илааха иллаллаху уахдаху лаа шариика лаху, лахул мулку уа лахул хамду, уа хуа ьалаа кулли шай'ин кадиир»*. (Тирмизи)
Дубанын котормосу: "Жалгыз Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок. Анын шериги жок. Бардык мүлк жана бардык мактоолор Ага таандык. Ал бардык нерсеге кудуреттүү".
Ибну Абдулбир айтты: "Бул хадистен алынган пайдалар:
— Арафат күнүндө кылынган дубалар башка күндө кылынган дубалардан жакшыраак.
— Арафат күнү башка күндөрдөн жакшыраак.
— Арафат күнүндө кылынган дубалар кабыл болот.
— Зикирлердин эң жакшысы "Лаа илааха иллаллах".
https://chat.whatsapp.com/HCdfBwpHJWrLNbZNQ5RVjl