"Анын байлыгынан жакшылыкча өзүңө жана балдарыңа жетиштүү гана нерсени ал".
📕(Сахих аль-Бухари, 5049; Муслим, 1714).
Жаабирден риваят кылынат: Аллахтын элчиси ﷺ коштошуу хутбасында:
«Аялдарга карата Аллахтан корккула! Чындыгында, аларды Аллахтын аманаты катары алдыңар жана алардын жыныс мүчөлөрүн Аллахтын сөзү менен өзүңөргө адал кылдыңар. Силердин да аларга болгон укугуңар бар, жана алар силердин төшөгүңөрдө [б.а. үйгө киргизбөө] силер жактырбаган адамды отургузбашы керек. Бирок эгерде алар ушундай кылышса, анда аларды зыян жетпегидей кылып ургула. Алардын укугу - силер тамак-аш жана кийим-кече менен жакшылыкча камсыз кылууңар".
📕
(Сахих Муслим, 1218)
(в)
Турак жай.
Бул да ошондой эле аялдын укуктарынын бири, демек, күйөөсү мүмкүнчүлүгүнө жараша турак жай даярдоосу керек. Аллах Таала айтты:
۞ أسكنوهنَّ من حيث سكنتم مِن وُجدكم ۞
"Аларга мүмкүн болушунча өзүңөр жашаган үйлөрдөн орун бергиле".
[Ат-Талак сүрөсү, 6].
2)
Финансылык эмес укуктар:
а)
Күңдөштөрү менен бирге аялга адилеттүү мамиле.
Аялдын күйөөсүнө болгон укуктарынын бири - эгерде күйөөсүнүн башка аялдары болсо, алар менен чогуу өткөргөн түндөргө, сарптоолоруна жана кийим-кечесине байланыштуу, ага жана анын аялдарына бирдей мамиле кылуу керек.
б)
Боорукердик
. Күйөөсү аялына жакшы мамиле жасап, ага боорукердик менен мамиле кылып, анын жүрөгүн жумшартууга мүмкүн болгон нерселерди тартуулашы керек, анткени Аллах Таала мындай дейт:
۞ وعاشروهن بالمعروف ۞
"Аялдар менен сылык-сыпаа жашагыла".
(Ан-Ниса сүрөсү, 19).
۞ ولهن مثل الذي عليهن بالمعروف ۞
"Ошондой эле, аларга үстүндөгү милдетине жараша жакшылыкка болгон акылары да бар".
(Аль-Бакара сүрөсү, 228).
Сүннөттөн: Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтты: "Аллахтын элчиси ﷺ айтты:
{ استوصوا بالنساء }
"Аялдарга жакшы мамиле кылгыла!"
📕
(Сахих аль-Бухари, 3153; Муслим, 1468).
Төмөндө Пайгамбардын ﷺ аялдарына жасаган жакшы мамилесинин мисалдары келтирилген, анткени ал эң сонун өрнөк:
1. Зейнеп бинт Аби Саламадан риваят кылынган:
Умм Салама: "Мен Пайгамбар ﷺ менен жүндөн жасалган шейшептин астында жаткан кезде менин айызым келди. Сыртка чыгып, этек кир келгенде кийген кийимдеримди кийип алдым. Аллахтын элчиси ﷺ мага: "Этек кириң келдиби?" - деп сурады, мен: "Ооба", - дедим. Анан мени чакырып, ошол эле шейшептин астына мени жаткырды".
Ал айтты: Жана ал мага Пайгамбар ﷺ орозо кармаганда аны өпкүлөгөнүн айтты, жана Пайгамбар ﷺ менен мен жунуб болгондон кийин тазалануу үчүн бир идиштен гусул алчубуз".
📕
(Сахих аль-Бухари, 316; Муслим, 296).
2. Урва ибн Зубайрдын айтканы: "Аиша айтты: "Аллахка ант болсун! Хабашиялыктар Аллахтын элчисинин ﷺ мечитинде найза менен ойноп жатышкан. Мен алардын оюндарын көрө алышым үчүн, Пайгамбар ﷺ менин үстүмө чапан менен жаап койду, андан кийин менин моокумум канганча ошол жерде турду. Демек, жаш кыздардын көңүл ачканды жакшы көргөндүгүн баалашыңар керек".
📕
(Сахих аль-Бухари, 443; Муслим, 892).
3) Аиша момундардын энеси (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылды:
Аллахтын элчиси ﷺ отуруп намаз окуйт эле; ал отурганда Кураан окуп, андан кийин отуз-кырк аят калганда, туруп алып намазда аларды окуйт эле. Андан кийин ал рүкү кылды, андан кийин саждага барды; анда ал биринчи рекетте кылгандарын экинчи рекетте да кылчу. Намазын окуп бүткөндөн кийин, ал карайт эле, эгер мен ойго болсом, ал мени менен сүйлөшчү эле, мен уктап жатсам, ал да жатып алчу.
📕
(Сахих аль-Бухари, 1068).
в) Аялына зыян келтирбөө. Бул Исламдын негизги принциптеринин бири. Чоочун адамдарга зыян келтирүү арам болгондой, аялына зыян келтирүүдө арамдыгы көп болот. ‘Убаада ибн ас-Саамиттен риваят кылынат: Аллах Тааланын элчиси ﷺ:
{ لا ضرر ولا ضرار }
"Зыян берүү жок (себепсиз), зыян алуу жок (жооп катары)"
, - деп өкүм чыгарган.
📕
(Ибн Маажа , 2340).
Бул хадис Имам Ахмад, аль-Хаким, Ибн ас-Салах жана башкалар тарабынан сахих деп таанылган.
🔖Караңыз: Хулаасат аль-Бадр аль-Мунир, 2/438.
Бул маселеде мыйзам чыгаруучу көңүл бурган нерселердин катарында катуу урууга же сабоого тыюу салган. Жаабирден риваят кылынат: Аллахтын элчиси ﷺ коштошуу хутбасында: