ФИРДАУС АЛ-АМИИН🕋 dan repost
Жаңы жылдын шарияттагы өкүмү!
Жаңы жылдын шарияттагы өкүмүн бир нече бөлүккө бөлүп кароого тийишпиз, анткени бул маселеде бир тараптуу гана жооп берилбейт. Бир адам жаңы жыл менен куттуктоо же майрамдоо менен гана динден чыгып кетпейт, динден чыкпаса демек куттуктап, майрамдай берсе болот экен деген дагы ката түшүнүк. Төмөндө сиздерге бул маселени далилдер менен кененирээк ачыктап бергенге аракет кылдык. Бул майрамды майрамдагандарды, куттуктагандарды шарият өкүмдөрүнө ылайык бир нече топко бөлдүк, алардан:
Биринчи:
Кандай учурда ширк болот жана динден чыгат?
Бул топтогу адамдар жаңы жылды, «Иса (алейхи салам) Кудайдын баласынын туулган күнү болуп жатат» же «Аяз ата бардык тилектерди аткарат (ал кудайлык сыпатка ээ)» же «балатыны орнотсо кут келет (балаты пайда-зыян берет)» - деген ишенимде майрамдаса, куттуктаса эч бир талашсыз динден чыгат. Мындай ишенимде майрамдагандар, куттуктоочулар тообо кылып, ыйман келтирип, үй-бүлөлүү болсо никесин жаңылап алуусу керек болот. Мындай абалдагы бул өкүмгө, Ахлу сунна аалымдары бир пикирде.
Айта кетчү ачык сөз, азыркы заманда мындай ишенимде майрамдагандарды табыш оор, дээрлик жокко эсе, андыктан бул өкүмдү бир тараптуу колдонуп, адамдарды динден чыгарууга шашылбайлы. Ислам шарияты адамдарды динден чыгарууга эмес, динге киргизүүгө көбүрөөк ашыгат. Бир адам жаңы жылды майрамдап, куттуктап койсо эле каапыр болдуң деп баса калган өтө чоң катачылык. Мусулман адам каапыр болсо, анын каапырлыгына ылайык көптөгөн өкүмдөр курулат. Эң жөнөкөй мисалдардан: Мурдакы кылган ибадаттары жокко чыгат, ажылык өтөгөн болсо, жаңыдан милдет болот, аял-эркектердин никеси жаңылоого муктаж болот ж.б.у.с оңдоого мүмкүн болбогон толгон токой маселелер куралат. Андыктан мындай бир тараптуу өкүм берүү одоно ката жана негизсиз.
Экинчи:
Кандай учурда арам болуп, чоң күнөөкөр болот?
Бул топтогу адамдар жаңы жылды жогоруда айтылган ишенимдерде майрамдап же куттуктабайт, андыктан динден чыкпайт бирок чоң күнөөкөр болушат. Булар жаңы жылда чоң күнөөлөрдү жасайт жана чоң күнөөлөргө себепчи болушат. Ал чоң күнөөлөрдөн белгилүүлөрүн айта турган болсок: бузукулук (чоочун аял-эркектердин аралашуусу, ичилген ичимдиктер, абийиринен айрылган кыздар, бузукулук коштогон карнавалдар), капилеттик (окулбаган намаздар, араздашуулар), ысырапкорчулук (обу жок чыгымдалган жардыргычтар, таштандыга ташталган тамактар), мындай чоң күнөөлөрдү ким кылса жана мындайга ким себепчи болсо, мисалы: өзү бул күнөөлөрдү кылбастан, бирок отуруш тозсо (ал жерде ичимдик ичилсе, чоочун аял эркек аралашса) кыскасы эмне бузукулук болсо баарына тең шерик болот. Мындай абалдагы бул өкүмгө, Ахлу сунна аалымдары бир пикирде.
Бул күнү мындай бузукулуктар адаттан тыш, көп болот. Андыктан мындай күнөөлөрдөн сактаналы, башкаларды да сактанууга чакыралы. Биз кыргыздар оюн-күлкү, той-топурга маш келебиз. Көп жыл мээнет кылып топтогон акчабызды бир күндө чачып жок кылабыз, ата-энелер гана эмес, жаңы жылда отуруш тозобуз деп окуучулар да канчалаган чыгымга, бузукулуктарга кабылышат. Андыктан бизге керексиз нерсе үчүн, көп нерсебизди коротпойлу. Учурда бул топтогулардын саны аз эмес, мындай бузукулуктарды токтотууга аракет кылалы, тек гана баарын бир эрежеге салып албай, даанышмандык менен иш кылуубуз зарыл. Ширк деп жатып адамдардын баарын динден качыруу туура эмес. Баарынан да диндин маанилүүлүгүн үйрөтүүгө аракет жасайлы, динди түшүнгөн адамга бул нерсени жасоо жеңил эле.
Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!
Телеграм каналга кошулууңуз! https://t.me/firdauskanal