☝🏻Аллахтан сураганды үйрөн..
"Эгер пендем Менден сураса, Мен ага жакынмын, Мага дуба кылуучунун кайтарбаймын”. Бул дубасын чынчылдардын жоопсуз чынчылы, убадасында бек туруучулардын бек туруучусу Улуу Аллахтын убадасы. Аллах Таала берген убадасын так аткарат.
Мурдараак айтып өткөндөй аял киши үй - бүлөөсүн дубасы менен калкалап сактап жүрүүгө тийиш. Аял кишин өмүрлүк жарына кылган дубасы, эненин балдарына кылган дубасы кабыл болуучу дубалардын катарында. Аял күнү - түнү дуба кылуудан тажабасын. Күйөөсүнө, балдарына, ыйман тилесин. Балдарынын, кыздарынын бактысын тилесин.
Үйүнө ынтымак, ырыскы, береке тилесин. Үй - бүлөсүндө болуп жаткан жакшылыктар өзүнйн түн уйкудан кечип, көз жашын агызып, алакан жайган дубаларынын кайрымжысы экенин билсин.
📍 Пайгамбарыбыз (ага Аллах тын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Чокоюӊардын боосуна чейин Аллахтан сурап алгыла” деп осуят кылган.
Алакан жай, дуба кыл, сура...
Сурай турган нерселер огеле көп...
Пайгамбарды канчалык сүйөсүӊ?
“Оӊ тарабымды карасам да, сол тарабымды карасам да Насибанын жан үрөп салгылашып жатканын көрдүм”. Бул “Ухуд” согушунан кийинки Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткан сөзү.
Насиба бинт Каьб Каьбдын кызы Насиба, күйөөсү жана баласы менен бирге “Ухуд” согушуна катышкан баатыр аял. Согушка жөн эле катышпай, эркектердин көбү артын карабай качып, душмандын чок ортосунда Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бирин - серин сахабалары менен калганда, көкүрөгүн өлүмгө тосуп, Пайгамбарыбызды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) коргогон аял.
Ошол согуштагы бир ирмемди Насиба минтип кеп салат:
“Аскерлер туш тарапка тозуп качып, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) душмандын ортосунда жалгыз калыптыр. Ибн Камия деген эме “Кана, мага Мухаммадды көрсөткүлө, же мен же ал...!” деп кылычын жалаӊдатып оолугуп чыкты. Мен анын алдына чуркап чыктым. Бир жактан Умайрдын уулу Мусаьб да жетип келди. Экөөбүз тигини Аллахтын элчисине жеткирбей ара жолдо тосуп калдык. Тиги мени дал желкеме уруп калды.Ооруну сезбедим. Менда кылычым менен көкүрөккө чаптым, бирок, жаныӊ жегирдин эки кабат темир чопкуту аны өлүмдөн сактап калды”.
Кийин Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аларга: “Аллахым бул үй - бүлөгө береке бергин” деп дуба кылганда бүлөгө, Насиба: “Оо, Аллахтын элчиси, сени менен бейиште кошуна болууну дуба кылчы” - деп суранды. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактосу болсун) ушинтип дуба кылды. Насиба айтат: “Аллахтын элчиси ушинтип дуба кылгандан кийин, башыма кандай балээ түшпөсүн, аны такыр сезчү эмесмин”.
Чындап эле “Ямама” казатында он эки жеринен жаракат алып, кыймылга жарабай калган колун кесип салышканда да Насиба ооруну түк сезген эмес экен.
🤗 Менин сүйүктүү эжем, сүйүктүү карындашым. Сен Пайгамбарды канчалык сүйөсүӊ?
“Оо, Аллахтын элчиси, мен сен үчүн мына мындай иштерди кылып жатам, акыретте сени менен кошуна болуума дуба кылчы” деп, кайсы ишиӊди Аллахтын элчисине көрсөтө аласыӊ...?!
Жума маарек, кылган дубаларыбыз кабыл болсун жакшылар!
👤Автор: Алайчы Сеитбеков.
📔"Аял сен асылсың" китебинен.
https://t.me/ilimnurusabaktar