"ИЛИМ НУРУ" онлайн окутуу борбору📚


Kanal geosi va tili: Qirg‘iziston, Qirg‘izcha
Toifa: Din


Похожие каналы

Kanal geosi va tili
Qirg‘iziston, Qirg‘izcha
Toifa
Din
Statistika
Postlar filtri


Сафийр жана Калкала сыпатынын каршылашы кайсыл сыпаттар?
So‘rovnoma
  •   Шидда, Рохова
  •   Истиьала, Инфитах
  •   Каршылашы жок
  •   Излак, Исмат
5 ta ovoz


Излак сыпатынын каршылашы кайсыл сыпат?
So‘rovnoma
  •   Каршылашы жок
  •   Жахр
  •   Итбак
  •   Истифал
  •   Исмат
9 ta ovoz


Итбак сыпатынын каршылашы кайсыл сыпат?
So‘rovnoma
  •   Хамс
  •   Исмат
  •   Инфитах
  •   Байния
  •   Истифал
10 ta ovoz


Истиьала сапатынын каршылашы кайсыл сыпат?
So‘rovnoma
  •   Истифал
  •   Каршылашы жок
  •   Исмат
  •   Рохова
  •   Инфитах
11 ta ovoz


Шидда сыпатынын каршылашы кайсыл сыпаттар?
So‘rovnoma
  •   Инфитах, Исмат
  •   Байния, Рохова
  •   Байния, Хамс
  •   Рохова, Истифал
11 ta ovoz


Жахр сыпатынын каршылашы кайсыл сыпат?
So‘rovnoma
  •   Рохова, Байния
  •   Истифал
  •   Итбак
  •   Хамс
11 ta ovoz


29 тыбышта канча каршылашы бар сыпат бар..?
So‘rovnoma
  •   6 сыпат
  •   5 сыпат
  •   7 сыпат
  •   10 сыпат
11 ta ovoz


Бул тамгалар Сүкүндүү болгон учурда гана, титиреп чыгуучу кошумча үн пайда кылат. Суроо: бул кайсыл сыпаттын тамгалары?
So‘rovnoma
  •   Калкала сыпаттын тамгалары ( ب، ج، د، ط، ق )
  •   Сафийр сыпаттын тамгалары ( ص، س، ز )
  •   Истиьала сапатынын тамгалары ( خ، ص، ض، غ، ط، ظ، ق )
  •   Шидда сыпатынын тамгалары ( أ، ج، د، ق، ط، ب، ك، ت )
14 ta ovoz


Сафийр сыпаттын тамгалары кайсылар?
So‘rovnoma
  •   ص، ظ، ذ
  •   ظ، ز، ث
  •   ص، س، ز
  •   ز، ذ، ث
19 ta ovoz


Излак сыпатындагы тамгалардан башка баардык тамгалар кайсыл карама каршысы бар сыпаттын тамгалары болуп эсептелет...?
So‘rovnoma
  •   Шидда, Рохова
  •   Жахр, Хамс
  •   Байния
  •   Инфитах
  •   Исмат
18 ta ovoz


Кайсыл сыпаттын тамгаларын айткан учурда,ал тамгалар тилдин же эки эриндин тараптарынан чыгат...?
So‘rovnoma
  •   Байния сыпатынын тамгаларын айткан учурда ( ل، ع، ن، م.، ر)
  •   Итбак сыпатынын тамгаларын айткан учурда ( ص،ض، ط، ظ)
  •   Истиьала сапатынын тамгаларын айткан учурда ( خ، ص،ض، غ، ط، ظ، ق )
  •   Излак сыпатынын тамгаларын айткан учурда ( ر، ن، ل، ف، م، ب )
18 ta ovoz


Инфитах сыпатынын тамгаларын айткан учурда тил жана таңдай бири-биринен ажырайт. Инфитах сыпатынын тамгалары кайсылар...?
So‘rovnoma
  •   ا، ب، ت، ث، ج، ح، خ، د، ذ، ز،س، ش، ص، ض، غ، ق،ف، ط، ظ، ك، ي، ء،ه، و.
  •   ا، ب، ت، ث، ج، ح، خ، د، ذ، ر، ز، س، ش، ع، غ، ف، ق، ك، ل، م، ن، ه، ي، ء.
  •   ف، ر، م، ن، ل، ب .
  •   ل، ن، ع، م، ر
15 ta ovoz


Кайсыл сыпаттын тамгаларын айткан учурда тилдин алдыңкы тарабы төр тарабы менен үстүңкү таңдайга жармашат..?
So‘rovnoma
  •   Излак сыпатынын тамгаларын айткан учурда ( ف، ر، م، ن، ل، ب)
  •   Исмат сыпаттын тамгаларын айткан учурда
  •   Итбак сыпатынын тамгаларын айткан учурда ( ص، ض، ط، ظ)
  •   Инфитах сыпатынын тамгаларын айткан учурда
22 ta ovoz


Кайсыл сыпаттын тамгаларын айткан учурда тил үстүңкү таңдайдан алыстайт..?
So‘rovnoma
  •   Истиьала сапатынын тамгаларын айткан учурда
  •   Исмат сыпаттын тамгаларын айткан учурда
  •   Истифал сыпаттын тамгаларын айткан учурда
  •   Итбак сапатынын тамгаларын айткан учурда
25 ta ovoz


Бул тамгаларды айткан учурда тилдин төр тарабы үстүңкү таңдай тарапка көтөрүлөт, бул кайсыл сыпаттын тамгалары..?
So‘rovnoma
  •   Истиьала сыпатынын тамгалары ( خ، ص، ض، غ،ط، ق،ظ )
  •   Итбак сыпатынын тамгалары ( ص، ض، ط، ظ )
  •   Байния сыпатынын тамгалары ( ل ،ن ،ع ،م ،ر )
  •   Истифал сыпаттын тамгалары


⚫БЕКЕРЧИЛИК

✍🏻Бекерчилер тынчыңды алган ушакчы инсандар болушат, анткени, алардын кулактары ар тарапка таралган.

"Ал адамдар калуучулар менен болууга ыраазы болушту. Натыйжада, жүрөктөрүнө мөөр урулуп коюлду. Эми алар өздөрүнө эмне пайда, эмне зыян экенин түшүнө алышпайт". (Тобо сүрөөсү: 87-аят)

Акылдын эң коркунучтуу болуп турган убагы инсан жумушунан бошогондон соңку убак, ошондо ал ылдый бараткан айдоочусу жок машина сыяктуу, өз алдынча оңго-солго кайрыла берет.

Турмушуңда бекер калган убак болсо, анда кайгы-капа коркунучтарды күтө берсең болот. Анткени, бекерчилик мурдагы, азыркы, келечектеги көйгөйлөрдү алып келет да, турмушуңда башаламандык пайда боло баштайт, алгач өзүмө, анан сага кеңеш айтаарым бош убактыңа караганда пайда бере турган жумушту жаса, анткени, бекерчилик жашыруун өлүм сыяктуу, дарыларды ичип өзүн-өзү өлтүрүү сыяктуу.

Бекерчилик акырындык менен кыйнаган азап сыяктуу, бир инсанды түрмөгө камап, анын башына бир чанач суу куюп, ал суу ар бир мүнөттө бирден жанагы кишинин башына тамчылайт, натыйжада, ар бир тамчынын тамчылаарын күтүп, ошонун азабынан тиги адам жинди болуп калат, ошондуктан, бекерчилик ушул сыяктуу азап.

Ырахат алып жата берүү караңгылык, бекерчилик дасыккан ууру, ошондуктан, акылың ушундай нерселер менен күрөшө турган акыл болуусу керек.

Анда эмне кылуубуз керек? Ордуңдан тур да намаз оку, китеп оку, тасбих айт, изден, жаз, ишканаңды иретте, үйүңдү оңдо, башкага пайдаңды тийгиз, кыскасы бекерчиликтен кач, пайдалуу иш кыл, менин сага айтаар кеңешим ушул.

Бекерчиликти жумуш бычагы менен кесип сал, анткени, дүйнөдөгү эң чоң илимдүү докторлор да бактылуулуктун 50%ы пайдалуу нерсе менен алек болуу деп эсептешет. Мисалы: дыйкандарды, наабайчыларды, усталарды карасаң, алар сайраган куштай болуп ырахатта, бактылуулукта жүрүшөт, ал эми сен көз жашыңды аарчып, төшөктө жатасың, анткени, сени бекерчилик чагып алган.

📘Капаланба китебинен.

https://t.me/ilimnurusabaktar


"ИЛИМ НУРУ" ОНЛАЙН ОКУУ БОРБОРУ

📍КУРАНДЫ ОКУГАНДЫ БИЛГЕН , АРАП ТИЛИН ҮЙРӨНГҮСҮ КЕЛГЕН ЭЖЕ - СИҢДИЛЕРГЕ, ЖАШ КУРАГЫ 12- 16 ЖАШТАГЫ БАЛДАРГА, КЫЗДАРГА ОНЛАЙН КУРСУНА КАБЫЛ АЛУУ БАШТАЛДЫ.

📍САБАКТАР ОНЛАЙН ФОРМАТЫНДА ТЕЛЕГРАМ, ZOOM ПЛАТФОРМАЛАРЫНАН БОЛОТ.

📍"САЖИДА "САРФ. "БАЙНА ЯДАЙК" ХИВАР КИТЕПТЕРИНЕН ӨТҮЛӨТ.

📍 ЖУМАСЫНА ҮЧ ЖОЛУ , БИР СААТТАН БОЛОТ.

📍ТӨЛӨМ БААСЫ: 1200 СОМ.

🧕 САБАКТЫ ЖЕҢИЛ МЕТОД МЕНЕН КИУНУ БҮТҮРГӨН КӨП ЖЫЛДЫК МУГАЛИМДИК ТАЖРЫЙБАГА ЭЭ ЭШМАТОВА АМАНГҮЛ УСТАЗА ӨТӨТ.

📲 БАЙЛАНЫШ ҮЧҮН НОМЕРИБИЗ:+7 982 930-82-06


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish


🌹МҮНӨЗДҮН ЖАКШЫСЫ – КИЧИПЕЙИЛДИК

Жаштыгым жалындап турган чакта кутпадабы, дарс- табы, айтор кайсы жерде кеп курбайын, айтчумду түз айтып, оргу-баргы сүйлөп, оюмда мунумду тайманбастык деп баалачумун. Менимче бул көрүнүш бардык эле жаштарда болсо керек. Бирок, менин мындай “тайманбастыгымдын" айынан угуучуларым кача баштаганын, кээси ачык эле жек көргөнүн, ал тургай мени уккусу келбей, башка тарапка оой башташканын байкадым.

Акыл токтотсом, адамдарга кичипейил жумшак мамиле, жылуу сөз жагат тура. Дароо ушул ыкмага өттүм. Эми элдин мага тартыла баштаганын, кунт коюп угуп жатышканын, ал тургай, сыйлай башташканын байкадым. "Жылуу сөз жыланды ийнинен чыгарат", деген чын.

Ким бирөөлөргө даабат айтуудан алдын, адегенде жүрөгүн багынтуу зарыл. Ошондо гана ал сени угуп, укканын жүзөгө ашырат. Башкаларга таасир этүүнү каалагандарга даабатчыларга, тарбиячыларга, мугалимдерге айтар насаатым: жумшак мамиле, жылуу сөз менен элди багынткыла. Кайсыл иште сылыктык болсо, анын көркү ачылат; кайсыл иште оройлук болсо, анын айыбы ачылат.

Коркутуп-үркүтүүнү токтоткула. Антип максатыңарга жете албайсыңар. Адамдын жүрөгү жылуу сөз, жакшы мамиле, жарык маанайга бат жибийт. Ушундай жол менен чакырып, ушул жол менен үгүт кылгыла. Кулк-мүнөздүн жакшысы Алланын белеги кимге жакшы кулк-мүнөз, кичи пейилдик берилиптир. насип кылса, ага жакшылыктын баары берилиптир.

📘 Бакыттын сырын ачтым китебинен.

https://t.me/ilimnurusabaktar

20 ta oxirgi post ko‘rsatilgan.