Кыргыз Поэзиясы


Kanal geosi va tili: Qirg‘iziston, Qirg‘izcha


Кыргыз акындарынын мыкты ырларынан
күнүнө бир ырдан сунушталат.

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Kanal geosi va tili
Qirg‘iziston, Qirg‘izcha
Statistika
Postlar filtri


#Гүлзира_АБДИМАМАТ

*  *  *

…Өзүмдү унутуп баратсам,
Кез-кезде ушинтип эске сал;
Чындыкка кайрылып кайрадан,
Тынч гана ойлонуп алганга.

Өзүмдү  баалабай баратсам,
Эсиме сала кет кимдигим;
Турганым канча ирет жыгылсам,
Жардамын күтпөстөн эч кимдин.

Байланбай убада бергенге,
Айтылган сөздөргө ишенип,
Күтпөштү эч кимден эч нерсе,
Билишти өзүмө керегим…

Моюнга эч кандай милдетти,
Албаган кезиңдей эркиндик,
Беришим керектүү экенин,
Бизде жок болгондой келишим.

Кез-кезде ушинтип түшүндүр,
Чындыкты кабылдай албасам,
Айткандан тартынбай күткөнүң,
Келбеген күндөрдү эч качан.


____________________

👉 "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

🙏 Колдоо көрсөтүү


#Алик_АКИМАЛИЕВ

ШЕРТ

Арак менен адам туулат кас чыгып,
Шарап чыгат көздөн ачуу жаш сыгып.
Жалыны бар жакшы иш жасайм ичпестен,
Мейли, ич өрттөйт, ойлор, ыйлар мас кылып.

Ийле, тагдыр! Кирдет көңүл уу жайгын;
“Таткын дейсиң, - бал маңызын буудайдын.
Жубар таңда чайкагандай кыз жүзүн,
Жууйт жүрөк сарсанаасын убайдын.

Азгырдың бой жүрсөм кээде ачкараак,
Арманым күч, маанайым түнт, баш чатак.
Мээ сергитип, бой эритип суусунга,
Мен пивону жуткум келген «бочкалап».

«Буу мончодон чыккан ендүү тазалан»,
Арыл, - дейт бу жазмыш, - күнөө, жазадан».
Жок! Эргүүнүн кереги жок жасалма,
Ыр жаратат тунук акыл, адал жан!

Мен жоопкер эл үмүтүн сеземин,
Ой гүлдөтөт айыл... шаар... өзөнүм.
Чың ден соолук, тынчтык каалап дүйнөгө,
Кел ичелик, Хайём, Мидин, Есенин!

Журттун акын жылдыздары көрк чыгаан!
Түтөбөйүн түйшүктө бер, эрк, чыдам.
Бирден миңге жарык сүйүү жакшылык,
Бир сиздерге туздаамдаш шерт кылам:

“Тагдыр жеке кайгы берсин чөкпөймүн,
Мен эч качан арак ичип кетпеймин.
Кыжылдак сөз, майдачылык, пастыкты,
Кызыл жалын ырлар жазып өрттөймүн”.


____________________

👉 "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

🙏 Колдоо көрсөтүү




#Махабат_КАСЕЙИНОВА

*  *  *

Айыл, турмуш, азан-казан, дүйнө,  күн,
Ай чапчыган сезимдер жок менде бир.
Асылдыктан аласалып баратам,
Акындыгым билесиңби сен деги?..

Күндө ушул, күткөн нерсем белгисиз,
Күйгөнүмдөн айтып турам бир сабак.
Үй турмушу – үңүлдөгөн бир дүйнө,
Калем сынат, жазыла албай ыр калат.

Бирөөлөрдүн айтып үйүн, бак-шагын,
Бирөөлөрдүн санап дүйнө, мал-жанын,
Элдин шары менен жашап үйрөндүм,
Элестете албастырсың калганын...

А ырларчы, мунарыктайт алыстан
Алда неге таарынгандай карашып...
Анда-санда көз саламын ага да,
Айнектердин чаңын сүртүп баратып.

Миң бөлүнүп, миң чыйырга түшсө да,
Мендеги ойлор билем бир күн биригет.
... Айнек сүртүп, алыстарга тигилип,
Акындыгым эске түштү бул ирет.

Айыл, тагдыр, азыноолак оокат-жай,
Ай чапчыган сезим кайда мендеги?
Айтып келбе келди-кетти сөздөрдү,
Акындыгым билчү белең сен деги?..


____________________

👉 "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

🙏 Колдоо көрсөтүү


#Анасбек_ЖУМАЛИЕВ

МӨЛ БУЛАК

Жылдыздар тунук булактын
Түбүндө ташка тийишкен,
Чачырап сынып жатышат
Бойлорун таштап бийиктен.

Ай окшоп көктүн периси,
Алыстан сүйкүм тигилет.
Шоктонгон мөлтүр булакка,
Шоолалар келип киринет.

Энтелеп аккан мөл булак
Эркеси жашыл жылганын.
Мөл булак окшоп көңүлдө,
Эркелейт жазчу ырларым.


____________________

👉 "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

🙏 Колдоо көрсөтүү


#Бурулкан_КАРАГУЛОВА

ИЗДЕРИМДИ ИЗДЕРИҢ

Өтө берип сен баскан асфальтыңан,
Таманымдын такасы тешип салган.
Менин изим көрүнөт бадырайып,
Миң-миллион издердин арасынан.

Үйгө кеткен жолуңду карап улам,
Таманымдын такасы таптап салган.
Сенин изиң көрүнөт бадырайып,
Санак жеткис издердин арасынан.

Издериңди издерим басат таптап,
Экөөнү тең учурат шамал жайпап.
Сага кеткен изимди улаштырса,
Айга жетип кайрадан жерге кайтат.

Табигаттын ичинин тардыгын эх,
Айга жеткен издерим сага жетпейт.
Күтүүлөрдүн буттары жолдо калып,
Таманымдын тактары эстен кетпейт.


____________________

👉 "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

🙏 Колдоо көрсөтүү


#Дайырбек_СТАНТЕГИН

КӨР ДҮЙНӨ

Ооз күйүп калбагандай от дегенден,
Асмандан түшпөйт дүйнө жок дегенден.
Опаасыз жапаа болуп жүргөнчөктү,
Ок жеген артыгыраак бок жегенден.

Аз дүйнө көп дүйнөнү топтоп берген,
Азгыны бозгун болуп жоктон өлгөн.
Чуу куйрук туу куйрукка жем болгончо,
Бок жеген артыгыраак ок жегенден.

Арман күч буруш кане дурусуна,
Ким каниет кылган экен ырысына?..
Көр дүйнө көктө мелжийт тунуп, тунуп,
Көз жетпейт бир учунан бир учуна.


____________________

👉 "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

🙏 Колдоо көрсөтүү


#Гүлзат_ОРМОНБЕКОВА

*  *  *

Шыбырың турат… жадымдан кетпей “жакшынам”,
Тагдырлар кайчы, таалайым жарты
Жакшы жан.
Тарк этсе бир күн дүйнөнү ушул өмүрүм,
Таптаттуу сүйүү татканым калаар жакшыдан.

Өзөккө кеткен бүтөлгүс жара, жарака,
Болобу аны кайрадан тигип-жамаса?
Сен жаша түгөл, бактыңа болуп тилектеш,
Аздектеп сени кыялда жүрөм жанаша.

Көңүлүм жарты… сезимим жарты өнө албай,
Буулугат дүйнөм тагдырды жазган жеңе албай.
Жалгыздык деген зардабы күчтүү жан оору,
Жан ширин экен, ага да көндүм өлө албай.

Кумарлуу кездер… кумарлуу көздөр танчу эс,
Кылгыра тиктеп… кыялбай…
“кетпе… калчы …” деп.
Оо, андан бери бүлдүркөн даамдуу эрдимден,
Сумсайтып мерез мезгилдер өптү канча ирет…

Черткилеп тырс-тырс, өпкүлөп алып терезем,
Тамчылар акса… көлкүлдөп жашым, эх, эчен.
Жамгырга кошо буулуга ыйлап алганым
Кантейин анан… кантейин аны сезбесең…

Көрүүгө куштар, ынтызар болуп дегдесем,
Көндүргөн тагдыр, сурансам бербес “бер” десем.
Көкөйүм кескен кайрыгым обон, күүдөйүм
Көңүлдүн дартын унутам сени эстесем.

Эрдиңдин кетпей татымы калган эсимде,
Эстесем дүрт деп кан дүргүй түшөт сезимге,
Түшүмө кирет кылыгың кошо назым да
Элжиреп сүйүп, өпкөнүң балкып-эзиле.

Өкүттө өмүр… өкүттө жаштык куураган,
Өкүнтөт кээде… өксүбөй кантип тура алам.
Кусалык эзсе жаныма даба бир арга,
Саптарга гана сагынычымды улагам…

Көркөмүң сонун, боюма боюң жарашып,
Көйкөлүп бассак көлдөгү куудай жарашык.
Тушалган сезим… чындыгың кургур куу турмуш,
Тагдырым болдуң… сагынып жүрөм жан ачып…


____________________

👉 "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

🙏 Колдоо көрсөтүү




#Бектуруш_САЛГАМАНИ

МОЮН

Мен сүйгөн, мен көп чыккан эң  бийик жер -
атамдын моюну эле кичинемде.
Мойнуна көтөрүшкөн дагы кимдер,
миң ойлоп түшүралбайм бирин эске.

...Өзүм да ата болгом маалы келип,
уулумду мингизчүмүн мойнума.
Күлгөндө төбөм ылдый "шыр-шырр" этип,
кубаныч агып түшчү коюнума.

Жаш кетти – салып өчпөс кайгы мөөрүн,
жатат ал муздак, кара жерди жаздап.
— Тебелеп албайын деп кокус сөөгүн! -
турпакты дагы басам этияттап.

Кетпестен өңү-түсү, кылыгы ойдон,
кем болуп кең дүйнөнүн толугу да,
уулума кошуп жерди бүтүн бойдон
көтөрүп жүрөм эми мойнума...


____________________

👉 "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

🙏 Колдоо көрсөтүү


#Шербет_КЕЛДИБЕКОВА

*  *  *

...Кыйырсыз өмүр гүлдөп, көңүл гүлдөп,
Кызыл, көк көйнөк кийдим күндө түрдөп.
Кызыгып кызгалдактай жаштыгыма,
Кызарып сыр байкаттың үнсүз сүрдөп.

Узадың узун жолго кыялбадым,
Узак жыл унутулбай кыялдарың.
Кыздардай кызарганың жакынсынтып,
Кыйлага көңүлүмдөн чыгарбадым.

Жоодурап жаштык айлы мээрим төгүп,
Жанса да сезимге көп жаздар келип,
Жаштыкка жарчы болгон жапжаш бала,
Жүргөнсүйт жүрөгүнө сагыныч чөгүп…


____________________

👉 "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

🙏 Колдоо көрсөтүү


#Алым_ТОКТОМУШЕВ

*   *   *

Өткөн күндөр күүгүм менен бир кирип,
Күжүлдөшөт мас достордой чуу салып.
Жаш мезгилди жашообзуга пир кылып
Жаман эмес, аздык-көптүр дууладык.

Өткөн мезгил жылдыз менен бир чыгып,
Себет менин сезимиме ак жарык.
Кылыч болуп кынга сыйбай курчуду
Кыялга мас кыз мезгилдин аттары.

Жаш жаныма тардык кылып бүтүн жер,
Миңди көздөп, бирди дагы бүтүрбөй,
Жашап келдим… А жашоонун себеби
Көздөрүмдү ачыштырат түтүндөй.

Өткөн күндөр калкып чыгып кайдагы
Мени айлантат арзыбаган наркына.
Айтор достор, чоңбу же бир майдабы
Ар өлүмдүн өз күрөшү бар  тура...


____________________

👉 "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

🙏 Колдоо көрсөтүү


#Нур_Зат_МОКЕНОВА

*  *  *

Кечир дебейм... Кетчи дебейм... Кел дебейм.
Бийигимсиң, бийиктиктен иргелген.
Өз кадырын жоготпогон жан элең,
Барктуу бойдон басып кетчи.
Жүрөгүмдө ысмың калсын
Жадыраган Күн бойдон.

Келем десең эшигимди илбеймин.
Жүрөгүмдө башка барын билбей бир,
кучактасаң ооруп кетет жүрөгүм.
Жалп деп өчкөн бүт сүйүүм.
Эми сени мурункудай,
Алоолонуп сүйбөймүн.

Кечир дебейм... Кет да дебейм... Кел дебейм.
Ээлеп алып мага орун бербеген
жүрөк тура, өзү чечкен бардыгын.
Сен күнөөсүз бир жолуккан
Телегейи теп- тегиз жан,
Көптөн көңүл муздаганда
Өрт ээрчитип бир келген.

Кечир дебейм... Кет да дебейм... Кел дебейм...
Бийик бойдон калгын мага бир келген.
Сезер элең ирмемимен кирпиктин,
Эч сөз айтпай басып кетчи
Жүрөгүмдө ысмың калсын,
Жадыраган Күн бойдон.

Жок дегенде ысмың калсын
Жадыраган Күн бойдон.


____________________

👉 "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

🙏 Колдоо көрсөтүү


#Какен_АЛМАЗБЕКОВ

ЖЫПАРЫ БЕЛЕҢ БАЛАНЫН

Таратып шоокум асманга,
Таң атып келе жатканда.
Алмалуу бакты аралап,
Айылды көздөй басканда.

Кош дедиң колум бек кысып,
Козголуп жүрөк кетти ысып.
Жоодурап көпкө тиктештик,
Жок чыгар андан эч кызык.

Жылдыздай жарык кабагың,
Жылмайып жал-жал карадым.
Жытына кеттим магдырап,
Жыпары белең баланын.

Көрүнсө азыр карааның,
Жарк эте түшөт кабагым.
Убайым тартып кыйналам,
Укпасам бир пас кабарың.
Сүйүүгө эркин жол берген,
Ырахмат сага заманым.


____________________

👉 "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

🙏 Колдоо көрсөтүү


#Базарбү_МЕДЕТОВА 

КӨЗҮМ ОТ СЕНИ ИЗДЕГЕН

Түшүнбөй мага таарынып,
бүтүндөй дүйнөм өрттөдүң.
Жалынды жиреп баарын ук,
шагымды кыйып өтпөгүн.

Жанымды чокко кайырып,
барымды төгүп салдымбы?
Нуруна көздүн кайыгып,
кунуна сөздүн калдымбы?

Күтүүсүз жерден жар кулап,
Күтүүбүз кайда?... Күзүндө
чыгынып жүргөн жалбырак,
чыңырып барып үзүлмөк...

Сөзүм көп, бирок айталбайм,
көзүм – от, сени издеген.
Бурулуп артка кайталбай,
буулугуп келем из менен.


____________________

👉 "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

🙏 Колдоо көрсөтүү


#Бердибек_ЖАМГЫРЧИЕВ

*  *  *

Тээ деңиздин тереңинде,
Балык сүзөт тумчукпай.
Бүт ааламга жарык төгүп,
Күн да чыгат унчукпай!

Ай шооласын коюу түндө,
Милдет кылбай таратат.
А жылдыздар чексиздиктен,
Башын ийип карашат!

Ак пейилин ачык коюп,
Асман калкыйт төбөдө.
А адамдар кайкалашат,
Кичине бир дөбөдө…


____________________

👉 "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

🙏 Колдоо көрсөтүү


#Бактыгүл_КӨКӨТАЕВА

*  *  *

Төгөт, төгөт, төгөт жамгыр тышта түн,
Мен да жаанда, мен да тышта, түндөмүн.
Төккөн күнгө бактым өңдүү сүйүнүп,
Өткөн күнгө ыйлай албай келемин.

Жашаганы билбейм бирок, кечтим күн.
Тазалыгын кимдер туйду жүрөктүн ...
Адамдарга чачып жүрүп сүйүүмдү,
А мен өзүм тазарбастан кирдепмин.

Көктө сүзгөн кыялдарым жок болуп...
Көптөр жүргөн көчө менен агылам.
Бирок дале бир жүрөккө багынып,
Бирок дале бир жашоону сагынам.

А сиз кайда, каяктасыз бул тапта,
Азыркы жаан кеттиби же чачылтып.
Асыл жаның аяп аккан тамчыны,
Акын жаның турса керек жанчылып.

Барам сизге бакыты зор бир күнү,
Балким ушул жааны катуу түндөрдө.
Сен жөнүндө айтсам дагы чоң жомок,
Мен жөнүндө туйган жоксуң эч нерсе.

Кайта эле мен жамгырлардан суурулуп,
Кайта эле мен кара ойлордон кирдеймин.
Калгандыктан өзүмдү эбак унутуп,
Канча жерге жөө келгеним билбеймин.

Чарт этип күн жамгыр дале төгүлүп,
Чагылгандан жолдор кетет көрүнүп.
Сен да азыр мени туйбас сыяктуу,
Мен да мынча жаанда калган эмесмин.

Төгөт, төгөт, төгөт жамгыр тышта түн.
Мен да жаанда, мен да тышта, түндөмүн...
Төккөн күнгө бактым өңдүү сүйүнүп.
Өткөн күнгө ыйлай албай келемин.


____________________

👉 "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

🙏 Колдоо көрсөтүү




#Эрлан_ЖУМАГАЗИЕВ

ОТ УУРТТАП АЛГАН КӨРҮНӨМ

Коргошундай эритүүмдү самасаң,
Сени эритпей өзүм эрип баратам.
Ысык демиң дене-бойду көлкүтүп,
Кылат чиркин, ызгаар кышты саратан!

Көлкүп денем оттой жанган демиңен,
Эрий берип, жок болбоймбу деги мен!
Оозуңан өөп, жүрөгүңдүн байкабай,
Отун кошо уурттап алган көрүнөм!


____________________

👉 "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

🙏 Колдоо көрсөтүү


#Санира_СЫДЫКОВА

*  *  *

Күндө арман,
Тосулуп туман менен,
Миң түркүн шоолаларын
чача албаган.
Булутта арман,
Айдалып оңго-солго,
Илебинен шамалдын
кача албаган.

Гүлдө арман,
Үлбүрөк желекчеге,
Тийбеген желдин деми.
Үйдө арман,
Караңгы терезеси,
Бакыт үчүн бекилген
эшиктери…

Түндө арман,
Коюнунда жылдыздар
жанбай калган.
Жамгырда  арман,
Тоо-талаага, тоолорго
куюп өтүп,
Тамчылары чөлдөргө
тамбай калган…

Көздөрдө арман,
Тереңинен
Эртеңи көрүнбөгөн.
Эринде арман,
Сүйүлүп,
Мээрим менен
өбүлбөгөн…

Жылда арман,
Айланчыктап,
Жаз, күзү билинбеген.
Ырда арман,
Жазылып бүтүп анан
Окулуп, жүрөктөрдө
тирилбеген…

Жолдо арман,
Салынып басылбаган.
Ойдо арман
Ак кагазга атайы жазылбаган.
Көөдөндүн арманына кеп чак келбейт,
Кел-кели келген чакта ачылбаган…

Таңда арман,
Ултуна, соолуктаган.
Арзууда арман,
Сүйүүдөн соолукпаган.
Бизде арман,
Адашып мезгилдерден,
Керек кезде кезигип
жолукпаган.

Экөөбүздө бир жеңиш,
Кеч да болсо,
Бактылуу адам санын
толуктаган...


____

👉 "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

🙏 Колдоо көрсөтүү

20 ta oxirgi post ko‘rsatilgan.