#Чолпон_БОСУМБАЕВА
БОЗ ДҮЙНӨ
Көкүрөк тушум аңылдап,
Көөдөнгө батпай кусалык.
Баратам күздү чогуу ээрчип,
Буттарым бутка тушалып.
Мезгилди коем өзүмө,
Окшотуп күңүрт дүйнөлүү.
Кеч кирип иңир түшкөндөй,
Ичимде турат түйшөлүү.
Жалбырак чачкан сары түс,
Бул убак мендей чарчаңкы.
Асманды карайм булуттуу,
Боз түшкөн эски качанкы.
Бугума турат шериктеш,
Боз түшкөн ушул теребел.
Жанардай атып чыгаар дейм,
Жүрөктөн бир ыр керемет.
Жөн эле кызык абалдан,
Көзүмөн жашым ирмелет...
Капырай, ушул боз дүйнө,
Коштосо сонун ыр келет.
Боз дүйнө сенден издеген,
Бир абал менден иргелет.
Бүтүндөй бир өмүрдүн,
Азабын, багын бүт берет...
____________________
👉 "КЫСКА-НУСКА"
🖌️ Авторлор
🙏 Колдоо көрсөтүү
БОЗ ДҮЙНӨ
Көкүрөк тушум аңылдап,
Көөдөнгө батпай кусалык.
Баратам күздү чогуу ээрчип,
Буттарым бутка тушалып.
Мезгилди коем өзүмө,
Окшотуп күңүрт дүйнөлүү.
Кеч кирип иңир түшкөндөй,
Ичимде турат түйшөлүү.
Жалбырак чачкан сары түс,
Бул убак мендей чарчаңкы.
Асманды карайм булуттуу,
Боз түшкөн эски качанкы.
Бугума турат шериктеш,
Боз түшкөн ушул теребел.
Жанардай атып чыгаар дейм,
Жүрөктөн бир ыр керемет.
Жөн эле кызык абалдан,
Көзүмөн жашым ирмелет...
Капырай, ушул боз дүйнө,
Коштосо сонун ыр келет.
Боз дүйнө сенден издеген,
Бир абал менден иргелет.
Бүтүндөй бир өмүрдүн,
Азабын, багын бүт берет...
____________________
👉 "КЫСКА-НУСКА"
🖌️ Авторлор
🙏 Колдоо көрсөтүү