КЫРГЫЗ ФУТБОЛ БИРИМДИГИ МЕЛДЕШТЕРДИН ФОРМАТТАРЫН ЖАНА КОМАНДАЛАРГА БОЛГОН ЖАҢЫ ТАЛАПТАРЫН БЕКИТТИ
Өткөн аптада Кыргыз футбол биримдигинин Техникалык комитетинин жыйыны болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө профессионалдык, балдар жана өспүрүмдөр, жана кыз-келиндер футбол лигалары үчүн мелдештердин форматтары жана командалардын заявкаларына коюлуучу жаңы чектөөлөр менен талаптар каралды.
Жыйында Техникалык комитеттин төрагасы Дастан Конокбаев жана КФБнын катчылыгы менен лигалардын өкүлдөрү катышты. Күн тартибинде Кыргыз профессионалдык футбол лигасынын, кыз-келиндер менен балдар жана өспүрүмдөр арасындагы мелдештеринин форматтары каралды.
Жыйында төмөндөгүдөй негизги чечимдер кабыл алынды.
✔️Премьер-Лига үчүн:
- Ар бир командага Сезондун жүрүшүндө өз курамына 10го чейин чет элдик оюнчуну кошууга уруксат берилет. (ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жарандары легионер катары саналбайт).
- Ар бир команданын Заявкасында жок дегенде 15 оюнчусу 2004-жылы жана андан кийин төрөлгөн Кыргыз Республикасынын жараны болуш милдеттүү.
- Оюндун заявкасында ар бир командада жок дегенде 10 оюнчу Кыргыз Республикасынын жараны болуш керек жана оюн учурунда талаада 4 оюнчу Кыргыз Республикасынын жараны болушу шарт.
- Оюндун заявкасында 2004-жылы же андан кийин төрөлгөн дарбазачы сөзсүз болушу керек.
✔️ Премьер-Лига командаларынын дублдук курамдары үчүн:
- Оюндун заявкасында 6 оюнчу гана 2004-жылы төрөлгөндөлдөн улуу болушу мүмкүн (жарандыгына карабастан). Оюн талаада бир убакта 3 гана мындай оюнчу болушу керек.
✔️ Жаштар Лигасы үчүн:
- Командалардын курамында 2007-жылы жана андан кийин төрөлгөн оюнчулар гана киргизилет.
✔️ Улуттук Лига үчүн:
- Сезонго заявкада Кыргыз Республикасынын 2007-жылы жана андан кийин төрөлгөн жок дегенде 5 оюнчусу болушу милдеттүү.
- Оюн талаада бир убакта 2007-жылы жана андан кийин төрөлгөн жок дегенде 1 оюнчу болушу керек.
Бул өзгөртүүлөр жергиликтүү оюнчулардын өнүгүүсүнө, жаш таланттарды тартууга багытталган. Өзгөчө көңүл жаш спортчуларды колдоого жана футболдук процесстерди эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүгө бурулган.
Техникалык комитет кабыл алган бул чечимдер КФБнын Аткаруу комитетинин кароосуна жиберилет
#kfu_kg