Мен анын унчукпас арманынын сырын билүү үчүн бырыш баскан жаак беттерин жана кападар кабагын астейдил карап турдум. Ал жоош-момун кой көзү менен мага тигилгенде, терс бурулуп кеттим. Мен анда жыйырма жашта элем. Мени теребелдеги бардык көрүнүштөр элжиретип, өзүнө тарта берчү, токой, асман, күзөткана, кандайдыр бир чөптөрдүн боолору, үйдүн айванчасындагы гүлдөрдүн таажылары, куураган жалбырактар... Мелитондун бутунда жамаачы, үстүндө жыртык көйнөк... Ушундай таптаза, жарык жана карапайым турмуш кечирүү кандай сонун! Ал береги гүлдөрдүн таажыларын кимге чогултуп, ким үчүн токуду болду экен? Таажычаларга таңдануу менен карап дагы кепке тарттым:
— Календерсиң сен, Мелитон!
Ал кайгылуу жана мээримдүү жылмайып койду:
— Календерликте да бактылуу ирмемдер болот, – деп Крутикке нандын сындырымын ыргытып жана чайдостон суу куюп, чокту өчүрүп жатып үн катты.
Чок акырындап өчүп баратты. Теребел караңгылады. Ошол замат токойго айдын шооласы тийип, кооз жарык экенин, андан чытырман тарабы карарып бөлүнүп турганын аңдадык. Крутик нандын бурдасын жеп, курсагын кампайткан соң өзүнүн түнкү ишине киришти. Ал бирде мында, бирде күзөткананын жанында катуу үрүп, машакаттанып, бүт токойдун ичи заардуу жана тынчы жок иттерге толуп кеткендей таасир калтырды. Мелитон жер тамда чыракданды күйгүздү. Мага чөптүн үймөгүнө жай кылды. Ал эми эски тамынын эки кичинекей терезеси кош көз сымал жаркырап турду. Анан ал чыракданды айванчага алып кетти. Мен ал жакка кирсем, дагы күлүмсүрөп тосуп алды:
— Аны каалабасаңыз, мындагы койкама жатыңыз, – деп көз кыры менен өзүнүн керебетине ишаарат кылды.
Кире бериште ак кайыңдын узун шактарынан саржандалып койкага окшош бирдеме жасалган экен. Ага да чөп салынып, баш жагына ат жабдыгы бекитилиптир.
Которгон Адылжан ЖАЖАНОВ
#котормо
____________________
👉 "Кыргыз поэзиясы"
🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
🎀 Ардак такта