О'ШАКИР
ҮМҮТТҮН ТИЛЕГИ
I
"Шуу" – бул үн келиндин жүрөгүнө да, кулагына да угулду. Бир-эки кадам шилегиче болбоду. Ушунча тез жетип келди өркөчтөнгөн сел. Күтүүсүз "шуу" өнө боюн дүркүрөттү. "Көзүң жамандыкты көрбөсүн" дейт эл мындайды. Окторулган дарыя оозго кептеди жүрөгүн. Көз ачып жумганча ажал жетип келгенин сезген келин тестиер курактагы эки кызын чапчып, бооруна тартты. Далбастап жээкке кадам койду.
— Кач өйдөгө! – апасына жармашар болгон секелек бой кызына чаңырды. Өз үнүн өзү уккан жок келин. Күргүштөгөн сел оозунан жулуп кетти үндү. Өзүнө да угузбады өз үнүн.
Улуу кызы Үмүт экөөнүн аралыгы улам алыстап, жандалбастап экөө эки жакта...
Тоону томуруп келаткансыган сел агымы бел курчоодон тартты, чалып жыкты. Таман алдында таш да, жер да жылып, ага болбой өйдөгө тартылды. Кайра кулады. Оң, сол кучагына кыпчыган эки кызын бекем кысты боор-этке. Бири беш, бири алты жашар чүрпөлөрүн жүрөгүнө, бооруна кысты. Колунан жулкулдаткан суудан талашты периштелерин. Кыздарынын өмүрүн ажалдын оозунан жулуп алууга бар күчүн салды. Таканчыктап кайра турса, кайра көмөлөнүп кулап, буту жерден үзүлө берди. Арыда бой жетип, турмушка узар болуп турган кызы Үмүттү суу ала качып жөнөдү. Кыздарынын кайсы бирин куткарууга дарманы жетпеген энелик табияты өз жанын коргоону да унуткарып койду. Долуланган суу менен долуланып алышкан келиндин буту тамырынан жулунган өсүмдүктөй үзүлдү жерден. Тирүүлүктүн тамыры абадан үзүлүп баратты. Аба-демге жетпей баратып кайраттанды:
— Кучактагыла! Бекем! – оң, сол кучагындагы периштелерин абага – өйдөгө булкту. Он жети жашар кызы Үмүттүн караанын издеди көздөрү.
Таппады.
— Ап...ап-аа! – периштелери боорун тытмалаган келин жээктен, тирүүлүктөн алыстай берди. Үзүк-үзүк аба, үзүк-үзүк жашоо үчүн баш көтөрдү. Карышкан колдоруна кыпчыган чүрпөлөрүнө "кучакта!" дээр үнү үзүлгөнчө күрөштү өркөчтөнгөн суу менен.
Эки колун асманга сермегилеген Үмүттү көрдү.
— Үмү-үт!
— Ап-паа!
— Ап-ап...ап-паа! – эки колуна кыпчыган чүрпөлөрү сууга думугуп бараткан үндү укпады келин. Тирүү жандардын акыркы үндөрү эле бул.
II
— Чоңойгондо ким болосуң, кызым?
— Президент болом.
— Секетиң кетейиним, – дечү муну уккан чоң энесинин эбедейи эзилип. — Президент болушту ким коюптур сен экөөбүзгө. Адам болчу эң курдай. Адам болуу да оңойбу, – дечү көптү көргөн кары небересин мурундан чымчып эркелетип.
— Адам болом сөзсүз! – небереси Үмүт чечкиндүү жооп берчү такылдап.
— Кыз кишиге эл башкарууну ким коюптур... – дечү чоң энеси үшкүрүнүп. — Сен экөөбүздү падыша кылбай калышсын эркектер...
— Болом эле, – өзүнүкүн бербейт эле небереси.
— Адам эле болсоң экен үмүтүмдү актап... – улуу небересине Үмүт деген ысымды өзү ыйгарганына курсант эле чоң энеси.
— Көрөсүз чоң эне! Мен президент болгондо Баткендин чегарасын кайтарган солдаттар менен тажик солдаттары атышпай, коңшу элдер тынчтыкта жашайт. Жылыга сел каптаган айылдарды коопсуз жайга көчүрөм, – дечү.
А бүгүн ошол небересинин кепинин мыкчып-мыкчып сүлкүлдөп ыйлап отурду кемпир. Боз үйдө төрт өлүктүн кепинин биринен сала бирин мыжыгылап кармаган алсыз манжалар суу боюндагы куураган чөптөй дилдиреп турду.
— Үмүтүмдүн тилеги – эл коопсуз жайга көчүрүлмөк... – үшкүрүгү таш жарып, жер муштап боздоду чоң энеси.
____________________
👉 "Кыргыз поэзиясы"
🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
🎀 Ардак такта