ОКУРМАНЫММ📖📚


Kanal geosi va tili: Qirg‘iziston, Qirg‘izcha
Toifa: Din


Ассаламу алейкум! Амансызбы, окурманым😊
Сиз:
🔸Диний
🔸мотивациялык
🔸руханий
Китептерди 📚 жана ошондой эле китептин аудио жана пдф форматын табасыз.

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Kanal geosi va tili
Qirg‘iziston, Qirg‘izcha
Toifa
Din
Statistika
Postlar filtri


Ошто болсоңуздар, катышыңыздар. Бул каналдын админкасы уюштуруп атат😊




Арыбаңыздар урматтуу мекендештерим.Китепти сүйгөндөр үчүн сиздерге соонун канал таптым.Сиз издеген баардык китептер ушул каналда экен.Атакул айткандай пай-пай китептер экен.Китептердин мекени деп ушул каналды айтсак болот.😍👍
Катталып жетишип калыңыздар.




Чайдын даамы чайда эмес чайлашкан адамда дешет го) чайлашкым келип жүрөт.... Чайлашалы:) бул жолу мен угам сен сүйлөп бер...
Ал чайды ансыз деле күндө ичем, ооба. Бирок бул жолу сен менен чогу отуруп ичким келип жатат.
Жүрөгүм сага муктаж. Сен менен чогу отуруп чайлашып, сырдашып кайткым келип жатат.
Кел чайлашалы :)
Дүйнөмдө бир боштук бар, балким ал ошол менен толукталат.


Эгер келечектеги жубайыңыз сизге баш ийип,сизди угушун кааласаңыз,
Анда,биринчиден сиз өзүңүз Жаратканды угуп,ага баш ийүүнү үйрөнүңүз.


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish


Пайгамбарыбыз Мухаммед (Алланын ага салам-салаваттары болсун) Фатиманын ал-абалы, жашоо-турумушуна аралашып, ага боор тартып, кеп-кеңештерин көп айтар эле. Түн ортосунда Али экөөнүн үйүнө келип, түнкү намазга ойготуп кетчү.
Али менен Фатиманы жанына отургузуп, Алиге кайрылып:

“Мен Фатиманы сага караганда көбүрөөк жакшы көрөм”, - деп айткан. А Фатимага карап: “Али сага караганда мага көбүрөөк урматтуураак”,- деген.

Ошентип Пайгамбарыбыз 2 жакты тең ыраазы кылган.

Оор турмуштун айынан Фатиманын колундагы пайда болгон ыйлаакчаларды көрүп, жолдошуАли: “Пайгамбарыбызга барып, өзүңө жардамчы сурап көрбөйсүңбү?”,- деген. Анткени Фатима үй-жумуштарын бүт өз колу менен аткарган. Бул тууралуу Пайгамбарыбызга кабар жеткенде, ал Али менен Фатиманын үйүнө келип: “Мен силерге жеңилдик берүүчү жардамчыдан да сонун нерсе айтайынбы? Уктаар алдында 33 жолу “субханАллах”, 33 жолу “АльхадулилЛях”, 34 жолу “Аллаху акбар” дегиле. Бул -силер үчүн эң жакшы”, -деген. Мына ушинтип Алла элчиси кызына жана анын үй-бүлөсүндө бул дүйнөдөн миң эсе артык болгон акыретке керектүү диинй билимдерди айтып, аларды билимге сугарганга аракеттенген.
Фатима эч качан “Мен урматтуу аялмын, мен пайгамбардын кызымын, ошондуктан, жыргал турмушта жашашым керек”, - деп айткан эмес. Ал атасынын кандай кыйынчылыктарга туш келип жатканын көрүп, аларды аны менен тең бөлүшкөн.
Пайгамбарыбыз бул дүйнө менен кош айтышып жатканда, анын кыйналып жатканын көрүп, Фатима чоң кайгыга баткан. Ошондо Алла элчиси кызын өзүнө чакырып, анын кулагына бир нерселерди шыбыраган соң, Фатиманын кайгысы дагы да күчөгөн. Дагы бир жолу чакырып, кулагына бирдемелерди шыбыраганда, Фатима күлө баштаган. Жанында отурган элдер буга таң калышкан. Кийин Айша (Аллах андан ыраазы болсун) Фатимадан Пайгамбарыбыздын ага эмне деп айтканын сураган. Башында Фатима айтып берүүгө көнбөй жатып, акыры Айша менен бул сырды бөлүшкөн.
“1-жолу кулагыма шыбыраганда атам бул оорудан айыкпасытыгын айтты. 2-жолкусунда, биринчилерден болуп ага кошула турган адам мен болорумду сүйүнчүлөдү”, - деген.
Ошентип пайгамбарыбыз Мухаммеддин (Алланын ага салам-салаваттары болсун) жан бергенинен 4-6 ай өткөн соң, Фатима да ооруп жан берет.
Эгер ойлонуп көрсөк, эң кымбат махр, укмуштуудай үйлөнүү-үлпөткө, жылуу-жумшак жашоого Фатимадан башка ким татыктуу эле? Бирок Фатима да, атасы да булар чыныгы байлык эмес экенин жакшы түшүнүшкөн. Чыныгы байлык бул - түбөлүк, түгөнбөй турчу байлык. Ага Фатима бейиште айымдардын ханышасы, алдыңкысы катары татыктуу өз ордун ээлемекчи.


“БЕЙИШТЕГИ АЯЛДАРДЫН ХАНЫШАСЫ БОЛГОН АЗИРЕТИ ФАТИМА (р.а)”.

Белгилей кетсек, пайгамбарыбыз Мухаммеддин (Алланын ага салам-салаваттары болсун) 6 баласынын 5өө Хадижа энебизден, ал эми Ибрахим гана Мариядан төрөлгөн.
Ошентип Фатимадан гана Пайгамбарыбыздын тукуму уланган.
Фатима Пайгамбарыбыздын Меккеде пайгамбарлык миссиясы башталгандан 1 жылдан соң, айрым булактар боюнча 5 жылдан соң төрөлгөн. Алла элчисинин кызы атасы тарткан түйшүктөрдү бирге тартып, эң оор учурларда анын жанында болгон. Меккеликтердин Пайгамбарыбызды шылдыңдап, басынтуу иш-аракеттеринин көбүнө Фатима кичинекейинен күбө болгон. Бир окуяны айтып берели: Күндөрдүн биринде Пайгамбарыбыз каабанын алдында сыйынып отурган. Анын жанында исламдын жана пайгамбарыбыздын душмандары Абу Жахль, Укба ибн Абу Муайт, Шейба да бар эле. Абу Жахль санаалаштарына төөнүн ичеги-карынын Пайгамбарыбыздын аркасына (далысына) төгүп салууну сунуштайт. Муну менен ал Алла элчисин басмырлап, төмөндөткүсү келген. Абу Жахль кезинде Пайгамбарыбыз намаз окуп жаткан убакта, башын саждага койгондо моюнун тепселеп, ар кандай таштандыларды Пайгамбарыбызга ыргыткан жоруктары бар эле. Укба абу Жахльдын айтканын колдоп, Алла Элчиси сажда кылып жатканда төөнүн ичеги-карынын анын далысына төгүп иет. Бул убакта башка карап турган элдер каткырып күлүшүп, Пайгамбарыбызды шылдыңга алышат. Ошондо кичинекей Фатима чуркап келип, атасынын далысындагы таштандыларды тазалап, ыйлай баштаган. Элестетип көрүңүз, ошондо кичинекей Фатима кандай кордукту сезген? Атасы көздөрү жашка толгон Фатиманы (Аллах андан ыраазы болсун) карап:

“Ыйлаба кызым, чындыгында, Аллах сенин атаңа жардам берет. Аллах сенин атаңа жеңиш тартуулайт”, -деген.


Фатима толугу менен ислам тарбиясында чоңойгон. Апасы Хадижа менен көп убакыт бирге болуп, анын кулк-мүнөзүн, адеп-ахлагын сиңирип алган.
Пайгамбарыбыздын таянычы, жубайы Хадижа менен абасы Абу Талиб дүйнөдөн кайтканда, ал чоң кайгы тарткан. Бул убакта Фатима атасынын жанында болуп, ар тараптуу колдоо көрсөткөн. Үйдө тамак жасап, апасынын ордун баскан. Ошондуктан да, Фатиманын лакап аты “Умм Абиха- атасынын апасы”.
Фатиманын дагы бир лакап аттарынын бири- “аз Захра – нур жүздүү, жарык жүздүү”. Нур жүздүү Пайгамбарыбыздын кызы да албетте толгон айдай жаркырап турган.
Фатима атасынын мүнөзүнүн көп жерлерин сиңирип алган. Алла Элчисинин 3-жубайы Айша (Аллах андан ыраазы болсун) Фатима тууралуу минтип айткан:

“Мен Пайгамбарга сөзүндө жана мүнөзүндө ушунчалык окшош болгон Фатимадан башка адамды жолуктурган эмесмин”.


Алла Элчиси кызын жанынан артык жакшы көргөн. Ал Фатиманы “Бейиштеги айымдардын ханышасы, алдыңкысы” деп айткан.
Айша (Аллах андан ыраазы болсун) :

“Фатима Пайгамбарыбыз отурган бөлмөгө киргенде ал ордунан туруп, кызынын жүзүнөн сүйүп, колунан жетелеп, өзү отурган жерге отургузчу. Ушуну менен ал сүйүктүү кызына урмат көрсөтүп, анын даражасынын бийиктигин билдирген”.


Ошондуктан пайгамбарыбыз Мухаммед (Алланын ага салам-салаваттары болсун) Фатимага ханышага кылгандай мамиле жасаган. Бирок “ханышага кылган мамиледей” дегенде, бизге көндүм болгон кымбат баалуу үй, машина, эң кооз кийимдер эмес. Алла элчиси кызынын ички жан дүйнөсүнө, адеп-ахлагына, Аллахка жакындоодогу амалдарына өтө чоң маани берген. Фатиманын колун сурап, канчалаган бай сахабалар пайгамбарыбыздын алдына келишкен. Бирок Алла Элчиси Фатиманы калканынан башка эч нерсеси жок Алиге (Аллах андан ыраазы болсун) турмушка берген.
Али Фатиманын колун сурап келгенде, анын сүрдөп жатканын сезген Алла элчиси, Алинин сүрдөгөнүн токтотуш үчүн өзү биринчи: “Сен Фатиманын колун суроого келдиң окшойт”, - дейт. “Ооба”,- деп жооп берет Али. Анда Пайгамбарыбыз: “Махрга эмне даярдадың?”, - дейт. Алинин колундагы калканынан башка эч нерсеси жок эле. Пайгамбарыбыз Алиге (Аллах андан ыраазы болсун): “Сен калканыңды сатып, андан түшкөн акчаны махрга колдонбойсуңбу”, - деп кеңеш берет. Али так ошондой кылат.
Фатима менен Алинин үй-бүлөсү чоң сүйүү менен сый-урматта курулуп, Хасан, Хусейн, Мухсин аттуу балдары жана Зайнаб менен Умм Кульсум аттуу кыздары болгон.




Сыноолорго күчүм жетпей калган кезде,көзүмдү жумуп:
— Жаннат,сабырдуу адамдардыкы деймин…


- Жашоо деген ушундай, кымбаттуум.

Бирде жеңиш,бирде жеңилүү.
Кээде кубаныч, кээде кайгы.

Турмуш деген бул — деңиздин тынымсыз ташкындаган толкундарына каршы сүзүү дегендик.Күндүн көздөрү да түбөлүккө жылмайып,ачылып тура бербейт...


Кыздын тарбиясы ата-энесинен гана эмес,
өзүнүн аң-сезимине да байланыштуу болот.


Аᴩ биᴩ ᴀдᴀʍдын жᴀн-дүйнөᴄүнө үңүᴧүᴨ ᴋᴀᴩᴀй ᴛуᴩᴦᴀн бᴏᴧᴄᴏᴋ, ᴀᴩ ᴋиʍибиɜдин ϶ч ᴋиʍᴦᴇ ᴀйᴛᴀ ᴀᴧбᴀᴦᴀн ᴄыᴩᴧᴀᴩыбыɜ, ϶ч ᴋиʍ ʍᴇнᴇн бөᴧүɯᴨөᴦөн ʍуңубуɜ бᴏᴧᴏᴛ. Буᴧ ᴀᴩ биᴩ ᴀдᴀʍдᴀ бᴀᴩ нᴇᴦиɜиндᴇ. К϶϶дᴇ биᴩ ᴋыйынчыᴧыᴋ бᴏᴧᴄᴏ, биɜ ᴋᴀᴀᴧᴀбᴀᴦᴀн жᴀᴦдᴀйᴧᴀᴩᴦᴀ дууɯᴀᴩ бᴏᴧᴄᴏᴋ, ᴄᴀбыᴩ ᴋыᴧыᴨ, жᴇңᴇ биᴧиɯибиɜ ᴋᴇᴩᴇᴋ. Анᴛᴋᴇни буᴧ өʍүᴩдө бᴀᴀᴩы биɜ ᴋᴀᴀᴧᴀᴦᴀндᴀй бᴏᴧᴏ бᴇᴩбᴇйᴛ…🖤✨




🌸Руханий кризис #3

Аракет кылып ар күндө
Короого толду мал дүйнө.
Акча деп чуркап жүрөбүз,
А бирок ачка жан дүйнө

Илимге чуркап арыштап,
Жакшылык иште жарышсак.
Жаркырап бүтөт келечек,
Жан дүйнөнү байытсак.

©Мамбетасан Ибраев🌸


А сиз китеп издөөнүн ушундай оңой жолун мурда билет белеңиз?
So‘rovnoma
  •   Ооба мурда билет болчумун
  •   Жок,азыр эле билдим,ыракмат сизге.
36 ta ovoz


Телеграмдан электрондук китепти эң оңой табуунун жолун сиздерге видео запись аркылуу үйрөттүм.Телеграмдан эле поиск бөлүмүнө өзүңүз каалаган Кыргызча китепти жазсаңыздар,эгер сиз катталган каналда бар болсо ошол издеген китебиңиз мени оку деп жарк этип чыга калат.😄


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish


АТА -ЭНЕ ҮЧҮН ЭҢ ЧОҢ БАКЫТ БУЛ —


Балдары аркылуу келе турган сүйүнүч Алардын ийгилиги.


АТА -ЭНЕ ҮЧҮН ЭҢ ЧОҢ КҮЙҮТ БУЛ —


Балдары аркылуу келе турган элдин оозунан чыккан жаман сөз.

20 ta oxirgi post ko‘rsatilgan.