ОКУРМАНЫММ📖📚


Kanal geosi va tili: Qirg‘iziston, Qirg‘izcha
Toifa: Din


Ассаламу алейкум! Амансызбы, окурманым😊
Сиз:
🔸Диний
🔸мотивациялык
🔸руханий
Китептерди 📚 жана ошондой эле китептин аудио жана пдф форматын табасыз.

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Kanal geosi va tili
Qirg‘iziston, Qirg‘izcha
Toifa
Din
Statistika
Postlar filtri




Талантты берсе тапташ керек,
Жалкоолонуп жатпаш керек.
Жаратканга шүгүр деп,
Кудай Тааланы макташ керек.

Эми талантты бергенден кийин аны таптай билели.Кадимкидей эле,Саяпкер атын таптагандай,мүнүшкөр кушун таптагандай.


Алтын такка минсең да,
Ааламды бүт билсең да,
Армансыз болбойт бу дүйнө.
Оокатың колдо аз болсо,
Тезек терип, от үйлө.
Асыл жаның өткөн соң,
Сөөгүң көрдө упурап,
Көзүң тирүү турганда,
Кыласың оокат кыбырап.

-Нурмолдо акын


Көңүлүң миң бөлүккө бөлүнүп кетсе дагы, башкалардын көңүлүн оорутуучу болбогун !


Ойно, жаша, күлгүн, сүйлөш, кайгыңды айт,
Байкадыңбы өмүр учуп жай жылбайт.
Ар мүнөттү жаркырата жашагын,
Кеткен жандар кайра кайтып, кайрылбайт...

© Акбар Кубанычбеков


Сулуулук өңдө эмес,жүрөктө болот.
-Мевлана Руми


Дарыгердин телефонуна күтүүсүздөн коңгуроо келди :
-Алоо! Сизди угуп жатам.
-Өтүнүч сизден,тез ооруканага келиңиз! Бир оорукчан бала өлүм алдында жатат.Тезинен операция жасоо керек.
-Бара жатам,-деди да машинага отуруп,ооруканага жол тартты.Аны эшик алдынан өлүм оозунда жаткан баланын атасы кабагын чытып тосуп алды:
-Неге кечигип жүрөсүз?! Балам өлөйүн деп жатат! Эгерде менин баламдын ордунда сиздин балаңыз болуп калса сиз да ушинтип жүрөсүзбү?
-Суук кабарды угаарым менен ушул жакка жөнөдүм,сиз
кабатырланбаңыз-деди да операция жасоочу бөлмөгө кирип кетти.
Операция убакыты узакка созулду.Операция аякталган соң хирург дарыгер бөлмөдөн чыгып, оорулуу баланын атасынын жанынан үнсүз өтүп кетти. Анын артынан дарыгердин жардамчысы чыкты да:
-Кайгырбаңыз,атасы! Сиздин балаңыз аман калды! Балаңыз буйруса өмүр сүрө турган болду-деп жакшы кабарды жеткизди.Баланын атасы аябай катуу кубанды,бирок хирург дарыгер тууралуу мындай деди:
- Бул хирург эмне мынча катаал адам.Эң кур дегенде жакшы кабарды да айтып койбойт...
-Жок сиз адашасыз! Ал өтө жакшы адам. Анын баласы... жол апаатынан каза тапты....Бүгүн жерге берилет. Ал ошол нерсенин баарын таштап,сиздин балаңызга операция жасоо үчүн дароо жетип келген болчу...Анын сабырдуулугун айтсаңыз...

.


«Жігіттің әдемі сөздері сені таң қалдырмасын, бірақ кім сөзінде
тұрар болса және өзгелердің сыртынан сөз қылудан өзін ұстаса - міне сол нағыз еркек»


Жашооңдо сен күткөн да күтпөгөн да,каалаган да такыр каалабаган да жагдайларга кезигесиң.Албетте далай чалынуулар болот,чалындым чаалыктым дебей дароо тур.Башкалар тараптан жыгытуулар болот,колуңдан башка бирөө тартып тургузушун күтпө күбүнүп тура кал.Ар убак күтүлбөгөн сыноолорго даяр бол.Кулаган көлчүккө батып ылай болуп жата бербе,силкин.Айтоор сыноолорго туруштук бер.Кайрак ташка кадалган сайын кайра кайралып курч бол,учтуу бол,күчтүү бол.Жеңил желпи нерселерге жеңилип жерде калба.Жылмайып жең,кайраттан,намыстан.
Колуңдан келет.Ойгон.Адам болуп жаралган соң айбандын жашоосун талашпа,адамча өмүр сүр.Жылмай,сыртта жаздын жыты келди,жаңылануу,жашылдануу алдыда.Кулпуруп гүлдөп жыпарыңды чачып жаша.Сен ошондой жашоого татыктуусуң.


Бакыттын баары - баарлашууда🪐


Руханий азык болсун сиздерге. Дуба, тасбих, ыйман сабактары бар канал экен. Баракчага көз жүгүртүп, катталанууну унутпаңыздар😊




Дагы бир сонун мотивациялык жана диний канал ачылыптыр.Кирип көрүп,сиздерге жакса катталып колдоп кетиңиздер.🇰🇬




Убакыт өтөт деп жатасызбы? Жок, убакыт калат. Биз Өтөбүз.

(с) Генри Остин Добсон


Сөз - ачкыч сыяктуу.
Туура колдонсоңуз,каалаган жүрөктү ачып, каалаган оозду жапсаңыз болот.


— Кыз баласы ачууланса жеңилет,Эркелесе жеңет...🍃

© Ғабит Мүсірепов.


Жашооңду өзгөрт,илим ал,изден,талпын,оку,аракет кыл,бекер жатпа.Эртең ошол жасаган ишиңдин жемишин көрөсүң.🪴🍃🌾🌼📚


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Жылдызы болбо жанымдын, секет,
Жыл өтпөй туруп сагындым, секет.
Айы сен болбо жанымдын, секет,
Ай өтпөй туруп сагындым, секет.
Өзгөчө кыздар элде көп бирок,
Өзүңө гана багындым, секет.


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Берекелүү Ош шаарым🫶

20 ta oxirgi post ko‘rsatilgan.