Баш мыйзамга ылайык Кыргызстан социалдык мамлекет болуп саналат. Мыйзамга баш ийип, 1-4-класстын окуучуларына ысык тамак үчүн 1.5 млрд сом, балага сүйүнчү программасына 600 млн сом бюджеттен каржыланып жатканын колдойм, анткени социалдык мамлекет болуу биздин милдетибиз. Жолдор менен энергетиканын экономиканын өсүшүнө оң таасир этерин эске алып, бул тармактарды колдоону да туура көрөм.
Бирок инфратүзүм жана социалдык максатка дал келбеген «Три вершины» лыжа кластерине (916 млн сом), ар бир райондо футбол стадион салууга, «мекен» аттуу ноутбук чогултканга, ошондой эле бенгал-пактарга жумуш орун түзүп жаткан курулуш долбоорлоруна мамлекет тарабынан каражат бөлүүнү туура көрбөйм. Өлкөбүздө бири-бирине атаандашып жүргөн эки мамлекеттик банктын болушуна да каршымын.
Мамлекет начар менеджер, мамлекеттик кызматка деңгээли жогору болгон адистер барбайт – бул көрүнүш Америкада да, Орусияда да байкалат. Ар бирибиз өзүнүн иши менен алектениши керек. Социалдык жана социалисттик деген түшүнүктөрдүн айырмасын билип жүрөлү. Мамлекет чакан ресурстарын бизнес аткара турган тармактарга эмес, коопсуздук жана коргонууга багыттоосу керек. Туризм, мык-сык, телефон, стройка — бул мамлекеттин деңгээли эмес.