teliby


Kanal geosi va tili: Qirg‘iziston, Qirg‘izcha
Toifa: Bloglar


Эски бала жана эски китеп
#эссе
#аңгеме
#түшүмд
#интуитивныйтекст
#китепокуйбуз
#кинокөрөбүз
#музыкаугабыз
#портрет
#кат
#гэмси
#кино
жеке: @tynys

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Kanal geosi va tili
Qirg‘iziston, Qirg‘izcha
Toifa
Bloglar
Statistika
Postlar filtri


"Эпистольяр" деген жанр бар. Каттардан түзүлгөн романды, же кадимки адамдардын чыныгы каттарынан чогулган китептерди ушинтип атап коюшат. Бир кезде Кафканын атасына, Миленага жазган каттарын окуп алып, Францка жаным ачып жүрдү. Биз Адина экөөбүздүн да кат жазышкан комьюнити түзөбүз деген тилегибиз тилек боюнча эле калып кетти. Бирок өз ара айда-жылда бир кат алышып коймой адатыбыз кала элек.

Кат жазышуу деген жөн эле "Салам! Кандайсың?" деп коюу эмес. Сенин катыңда сенин жан дүйнөң, азыркы абалың, дүйнө таанымың, катты алып жаткан адамга мамилең ачылып, окулуп турушу керек. Анын үстүнө кат алышуу ортодогу чыр маселени, түшүнбөстүктү чечкенге, айтылбай калган сөздөрдү токтоо мүнөз менен жеткирип алганга жакшы жолу болуп берет.

Төмөндө туулган күнгө куттуктоо. Эски куттуктоо. Окуп алып өзүмө жакты, бөлүшкүм келди. Кимге арнап жазганымды айтпайын. Кимге жазылганы маанилүү деле эместей. Бул куттуктоо баарына, бардык Дон Кихотторго арналат. Эгер бүгүн бирөөңүн туулган күнүң болсо, бул сага да арналат:

2021-ж.

"Дон Кихотту окуп жатып, сизге окшоштурдум" дедим эле бир жолу. Бул сөзүмө сиз да, мен да күлгөнбүз. Бирок ал сөздү сизди күлдүрөйүн, же шылдыңдайын деп айткан эмесмин.

Ооба, Сервантес кезинде Дон Кихотту күлүш үчүн, күлдүрүш үчүн жазган. Чын эле, китеп жарыкка чыгары менен дароо дүйнөнүн эрмегине айланып кетти. Бирок көп өтпөй романтизм доору келгенде, Дон Кихоттун жеңил-желпи окуяларына трагедиянын түсү берилди. Бул жолу окурмандар ыйлашты. Анан бүгүнкү күнгө жеттик. Бүгүн Дон Кихот күлдүрчүү, же ыйлатчу каарман эмес. Ал эч ким.

Дон Кихоттун бары-жогу, ким экендиги адамдарга кызык эмес. Бирок Дон Кихот бар. Анын бүгүнкү образы күлкүлүү кемпай эмес, супергеройго жакыныраак. Бүгүнкү окурман үчүн айтылуу Рыцарь Печального образа дал ушундай заманбап термин менен ачылат – супергерой.

Бүгүнкүнүн Дон Кихоту да орто кылымдагы Росинантына минип алып рыцарларчасынан жолго чыгат. Бүт жеңишин ааламдын сулуусу, жалгыз сүйүүсү Дульсинея Тобосскаяга арнап коюп сапарын уланта берет. Көп иш жасайт, бир нече адамга пайдасы тийет. Бирок өзү да көп жарат алат. Жакындары аны бул опурталдуу сапардан артка кайтарууга аракет кылат. Бирок биздин рыцарь көздөгөнүнөн кайтпайт. Анткени аны алдыга түртүп турган ичиндеги бекем ишеничи, кыялдары бар.

Мындай Дон Кехеналар көп. Алардын баарына келесоосуң деп айтышат. Бирок алар сапарын уланта беришет. Идеалдары үчүн, ишеними үчүн, тегерегиндегилер үчүн, жертвуя своим здоровьем, энергией, жизнью.
Канчалык скептикалык мамиле кылбасын, дүйнөгө Дон Кихоттор керек. Аларсыз жашоо суз, караңгы, катаал. Алар бизге эң эле жок дегенде адам бойдон калууну үйрөтүшөт.

Туулган күнүңүз менен, Дон Кихот! Рыцарлык странствиеңизде көп-көп кыйынчылыктарды жана аларды дайым жеңип өтүшүңүздү каалайм. В конце концов, какой же рыцарь без сражений, без побед.


"Аң-сезим ташкыны" жөнүндө алгач жолу Гүлзада эжейден 2017-жылы уксам керек. Анан калп эле "Анна Каренинаны" окуп көргөм. Анан "поток сознания" тууралуу Маке да көп айтып берип жүрдү. Бүгүн иштеп отуруп, колума 2018ден 22-жылга чейин өзүмө смс жазып жүргөн чаттын архиви туш келди. Ташкындаган аң-сезимдер бар экен. Бул кат көңүлдү бурду.

09.01.2019

Лифт токтоду. Бирөөнүн эшиги ачылды. Ким болду экен. Эркек болуш керек. Кирип уктап аткан балдарын өбөт да, аялы жылытып койгон төшөккө кирип кетет. Жок. Үй бүлөсү болсо мынча кеч келет беле. Бойдок бирөө болсо керек.
Улам машинелер жолдогу көлчүктөрдү эки жакка чачыратып ары бери шуулдап өтүп жатышат. Көрүнбөйт, бирок сезилет. Караңгы бөлмө. Тынчтык. Эч капарсыз дем алган балдар. Уйкуда. Баары ушул уйкудагыдай жоош момун болсо. Хе. Нурбек байке: "Жеңеңи капа кылып алсам, түнкү он экиден кийин оңой эле сооротуп адам,"-дейт. Бул убактарда адамдардагы сезимталдык өөрчүйт экен. Чарчоо жана тынчтык.. Ичиңдегини ылгабай төгүп салып, бирөөнүн төккөнүн соруп алган убак.
Ойго ар кандай нерсе келет. Эртең жөнүндө көп ойлоном. Универге, бири-бирибизге ушунча көнүп алдык. Бүткөндө эмне болот? Азыркы тааныштарымын жарымынан көбү ушул жактан табылгандар. Кийин алар менен байланышта боломбу.
Түкүргөндөрдү, аларга каршы чыккандардын чатагын көрүп кускуң келет.
Кезектер. Кезекте туруп өзүңдү чоң организмдин бөлүгүндөй сезесиң. Тиги шляпачан томпойгон эже, бул орус аял, ары жактагы жигит, улам ары бери басып аткан сулуу кыз. Ооба, булардан көз карандысың, алар да сенден. Утурумдук.
Маршрутка. Тыгылыш. Баарынан азабы - жыт! Чыдай албайсың.
Кийинки чекит. Кезек жок экенине сүйүнүп ишимди бүтүрүп жолго түшөм. Жеңилдеп алам. Түйшүктөн арылаар замат дароо жүрөктө боштук сезилет. Апама чалам. Кубанычтуу үнү. Мен да кубанам. Атайын сагындырып үч-төрт күндө сүйлөшөбүз. Күнү тууралуу айтып берет. Мактайм. Күнүм тууралуу айтып берем. Мактайт. Өчүрөбүз. Жөө баскым келет. Басам. Бут чарчайт. Кайра маршрутка. Тыгылыш. Жыт. Улуу аялдар аякта баратышат. Алдынкы орундукта жаш кыз отурат. Аны жээрип караганадар... Байкуш өзү да ынгайсыз. Ичке, кыйшайган буттарын курткасынын этеги менен жабымыш болот.
Үй. Баягы балдар. Өз ара сүйлөшүп жатышат. Салам берем. Кулакчын чечилбейт. Мага сүйлөйт укпамыш болом. Кутуламбы? Кетпейт. Кайра сүйлөйт. "Ыя?". Бир нерсени сурайт. Жооп берем. Отурам. Саатты карайм. Эрте. Ушундан көрө уктап, түндөсү туруп окусамчы. Жок, баарыбир уктап калам. Андан көрө уктабай чыгайын дейм. Ошоооо.


Бала кезде көп ыр жазчумун. Аным студенттик кездин алгачкы жылдарына чейин уланды. Анан чыныгы акындарды окуп-билип калганда, калп эле акын экендигим көзүмө сайылып туруп алды. Анан ал адатты койдум. Кээде талмам кармап, буулукканда чиймелей салган бир нерселерди эч кимдин көзү жетпес бурчтарга тыга салып, тообо келтире жашап жүрөм.

Бир сааттан бери жылуу жуурканга оронуп алып, ошо эски-жаңы ырларды окуп алып кринж болуп отурам. Мен аларды жазып жаткан кезде "кринж" сөзү жок болчу. Ошого кринж болбой эле жаза бериптирмин да. Анткен менен азыр тамашалап атып ал ырлардын баасын кетирген туура эместир. Алар да улуу себеп менен, улуу толгонуу менен жазылгандыр. Айтор, изилдөө уланып жатат, өзүмдү, баягы эле өзүмдү.

Төмөндөгү ошондой бир кринж ыр:

Туура жол кыйындабы, оңойдобу...
Тагдырдын тамашасы оройлоду.
Байкатпай буттан ала жыгытсам дейт,
Бай болгур бүгүнкүнүн "Жолойлору".

Жыгылам, чалынамын, бошойм, жоном.
Жалакай сезим менен кошо ойгоном.
Жөрмөлөп, сойлоп жүрүп болсо дагы,
Жыл өтпөй жеңилбеген Кошой болом.
Жолойду жыга чапчу Кошой болом.

13.04.2018 20:24

Алты жыл айланыптыр. Кайдагы Кошой, ска. Баёолук да..


Улуу ойлорду ойлоп коюп, майда конфликттер менен жашайм.

Тооктор менен кошо жатып, короз менен чогуу турууга тынбай аракет кылганым жана таңда корозду ойготуп алып, анан уйкуга кеткеним ошол майда конфликттердин бири. Азыр таңкы беш. Корозду ойготуп коюп жатайын деп, Тимирязев көчөсүндөгү токсон жетинчи үйдүн бешинчи кабатындагы караңгы бөлмөдө жатам. Бирок Тимирязев көчөсүндөгү токсон жети үйдүн биринде да короз жоктур. Тимирязев көчөсүндөгү токсон жети үйдү кайта-кайта кайрып жазган бул сүйлөмдөрдүн мааниси да жоктур.

Мен ушинтип караңгы бөлмөдө жатып алып, ойлогонго ой калбай калганда, эски сезим менен жактырган ырларды угуп, эски жазышкан каттарды окуйм. Азыр да айпонумда эски бир ыр ойноп жатат. Анын атын жазгандан жаңы сезим тартынат. Эски сезим жактырган ырларды, кыздарды, сырларды жазгандан тартынат жаңы сезим. Азырынча ушундай. Мен азыр жаңы сезимди түшүнгөнгө тырышып жүрөм. Аның да түшүнүп алгыча эскирип кетпесе деп күн сайын короздун кыйкырышынан чоочулап таң атырам. Жаңылануу, өзгөрүү дайым кыйын болот да. Жаңылануудан кийин эскини, өзгөрүүдөн кийин өзгөрбөй калып кеткендерди кабыл алуу анан кое берүү кыйын да. Кабыл алуу анан кое берүү. Бул эки сөздү акыркы айларда өтө көп ойлодум. “Өтө” деп апыртпай эле коеюн. Көп ойлодум, жөн эле көп ойлодум. Ошо жөн эле көп ойлогон кабыл алуу менен кое берүү биз умтулган ыйман, нирвана, Кудай, бейиштин башаты болот турбайбы. Муну мен айтып-айтпасам деле, жазбасам деле баарыңар билесиңер. Бирок биз баарыбыз балакет басып билген эле нерселерибизди күн сайын унутуп кала берет турбайбызбы.

Эмне деп жаттым эле?..

Короз кыйкырды!
Апырттым.
Тимирязев көчөсүндө кайдагы короз.
Бирок кыйкырды болуш керек. Алайдагы тоокканалардын биринде кыйкырды болуш керек.
Ошо. Күнүңөр кутмандуу, асманыңар жарык, акылыңар тунук болсун.


Тиштеримди жууп жатып күзгүнү көпкө карап турдум. Айылга келгени бир жума болду. Бир жума күзгүгө карабаптырмын. Күн сайын тиш жууганда деле, кечээ мурут алганда деле күзгүгө маани бербепмин. Кечээтен бери башы көрүнө түшкөн кыл муруттарымды, Саманчынын жолундай чубалган калдарымды, оркойгон мурдумду, анан күлмүңдөгөн көздөрүмдү көпкө карап турдум. Мендеги көздөр кээде ошентип себеби жок эле күлмүңдөп алышат. Анан ошол күлмүңдөгөн көздөрдү чөмүлө тиктеген сонун, себепсиз эле күлмүңдөгөн көздөрдү.

Эртең шаарга кайтам. Шаарда күзгүлөр көп. Эртең күзгүлүү шаардагы күзгүлүү жашоого кайтам. Ал күзгүлөр кээде сени буулуктуруп жибергендей болушат. Айрыкча алдыңдан байкатпай чыга калганда, чаалыгып-чарчап, алдан тайып баратканыңда. Күзгүлөр сенин тегерекке чачылган көздөрүңдү өзүңө буруп салышат. Анан сен көк асмандын ордуна көз алдыңдагы бырыштарды, желге учкан жалбырактар ордуна жаман сары күрмөңдүн өчкөн өңүн көрүп, байкап жатып каласың. Күзгү ичине тынчтык орнобогон адамды бактысыз эле кыла берет, кыла берет.

Күзгү, күзгү, айтчы, бул дүйнөдө ким сулуу?

*
Балалыктан берки досум менен отуруп, көпкө кобураштык (Акыркы кездерде мен көпкө кобурашыш боюнча алдыма киши салдырбай жүрөм). Ал ичинде эч кимге айтпай сактап, таптап, даярданып жүргөн кыялдары менен бөлүшүп отурду. Мен анын эч кимге айтпай сактап, таптап, даярданып жүргөн кыялдары азыр эле ишке ашып кеткенсип маңдайым жарыла кубанып, кудуңдап отурдум. Кыялданган кандай жакшы. Балалыктан берки досуң менен көпкө кобурашуу андан да жакшы.




"Армен и Фёдор" деген канал бар YouTube'да. Автору Армен Захарян деген жигит. Адабият тууралуу тилинен бал тамыза айтып берет. Армен Дудьга келиптир. Көрбөй туруп эле бөлүшкүм келди. Дудь'дун үнү ушунча жылдан бери көңүлдү тынчтанткан бир сырдашка айланып калды. Ага Армендин үнү кошулса, экөөнүн акылынан укмуш бир коктейль чыкты болуш керек. Солодниковдун интервьюсун көргөндөн кийин ирээнжип калдым эле. Бул жолу андай болбостур.


Странная тема, странный текст.

С первой фразы. Биринчи сөздөн... Странная тема. Язык не хочет поворачиваться. Мой кыргызский язык не хочет поворачиваться. Вот и пишу на этом гордом, великом, красивом и холодном языке.

С первой фразы.
Вспоминается первая фраза Евангелия от Иоанны – в начале было слово. Слово – это Бог, Слово – это Абсолют. Слово, которое спасло грешний мир людей, наш с тобой грешний мир. Могучая же сила у слова!

С первой фразы.
Слушаю Баха. В наушниках играет его сюита для струнных, которая несет название "Воздух". Полет. После мыслей о Боге, если слушать кого, то это несомненно Бах, сам Bach. Не ищите в нем слов, фраз, тем более первых фраз. Нет место здесь человеческому языку. В музыке есть ритм – в начале был ритм. Музыку называют языком Богов. Она вершина творений человека. Когда человек познает себя, Бога, и снова себя, он создаст такую музыку – простую, неземную и земную, божественную и человеческую. Музыку, а не громкий шум.

С первой фразы.
Экзистенциальнейший писатель всех времен Камю начинал свой роман так: "Сегодня умерла мама. А может быть, вчера - не знаю". Два простых предложения, одно простое начало, и один человек, равнодушный, тотально равнодушный. Вот она – основа экзистенциализма и величие Камю. В литературе таких примеров много, где писатели с первых предложений превосходят самого себя, самого произведения. Писатели, писатели... Как они жаждут величия! Но, увы, пока они вынуждены пользоваться грешным языком грешного мира, подняться выше последнего этажа лифта, пика Эвереста и высоты авиарейсов – задача невозможная. Трудно, очень трудно.

С первой фразы.
Пять лет назад, в один холодный зимний вечер, я писал письмо девушке. Первую фразу выбрать было непросто. Сидел и мучался, сердце горело, а внутри всё плавилось. Ночь уступала утру, когда с трудом родился первый абзац того бессмысленного письма. После этого стало легче – я быстро заполнил две страницы и сразу же начал перечитывать. Иногда и сейчас его перечитываю. И каждый раз не перестаю удивляться, насколько занудными и вычурными были мои фразы. Письмо начиналось так:

"Сөздү эмнеден баштарды билбей, компьютердин клавиатураларын сыйпалап отурганыма көп болду. Бир сөздөн башташ керек. Томдогон чыгармалар да, 100 жылдык согуштар да, улуу революциялар да, сандаган диндер да, баары-баары бир сөздөн башталган. “Башында Сөз болчу” дейт ыйык китепте. Биз да, дүйнө да сөздөн жаралганбыз. Жалгыз маселе – керектүү жерде керектүү сөздү таба алуу. Эгер антүү колуңдан келбесе, иштин бүткөнү! Тарых башка нукка өзгөрүп, дүйнө башкача өнүгүп кетпейби!"

Что сказать... Смешно, глупо и даже немного тошнотворно! Не помню, отправил ли я это письмо или так и оставил его в черновиках. Скорее всего, отправил. Но нигде не нахожу ни следа ответа. Может, его и не было. В конце концов, возможно, дело было вовсе не в первой фразе, а в последней.
Ну и черт с ним!

20.01.24 Бишкек


Оо баягыда, Төлөмүш тасмасынын сценарийине гонорар деп китеп берип жибериптир. "С первой фразы" деген китеп экен. Ушул фразаны жакшы көрөт Төлөмүш. "С первой фразы" деген фразаны. Ал китеп төрт айдан бери үйүлгөн башка окула элек китептерге аралашып чаңдап жатат. А мен кыларга иш жок болгонсуп Гюгону окуп жатам, ска. Билбейм, азыркы заманда Гюгону окуш керекпи. Айтор, баштагандан кийин бүтүрүп коеюн деп окуп жатам. "Ырсайган адам" деген романынын ортосундамын. Көп жеринде "койчу ай, Гюго, койчу ай" деп онтоп коем чыдамым жетпей кетип.

Бирок бул текст Гюго жөнүндө эмес. "С первой фразы" деген фраза жөнүндө. Төлөмүшкө бул фраза жагат дебедимби. Анан бул жылдын башында эссе жазышып машыгып жатсак, Төлөмүш ушул фразаны тапшырма кылып берди. "Койчу ай, Төлөмүш, койчу ай" деп жатып ошондо бир эссе жазгам. Бүгүн ошол текстти эстеп кетип, издеп таап окудум. Калп эле бир текст болгон экен.


Токмокко куран окутууга бардым. Баягы эжемдин иниси көз жумуп, ошого бир кичинекей чайканада элүү киши чогулуп куран окудук. Эжем учурашып жатып "келбей койдуң го" деп көзүн сүрттү. Инисине кайгыдандыр, менин келбегениме таарынычтан эместир, же көзү кычышкандыр, улам-улам сүртүп эле жүрдү.

Куран окуп коюп, тамак жегенге кириштик. Таттуу соуста куурулган баклажанды боорсок менен дүркүрөтүп жеп жаткандарды карап отуруп, тилимде бир ыр айланып туруп алды.

In heaven there is no beer
That's why we drink it here
And when we're all gone from here
Our friends will be drinking all the beer

Кызуу сөз менен ысык тамакка кирип кеткен эл менин бул ырды мурунга салып коюп кыңылдап отурганымды байкашкан деле жок. Азыр да Capitодо апельсин фреш ичип коюп бул ырды кыңылдап отурам. Ошо, колуңардан келсе өлбөй эле койгулачы.


Эртең “Ромео” Бишкекте көрсөтүлөт. Сурап жүргөндөр көрүп алгыла. Мен ошол жакта болом.

06.10.2024 14:00
Дордой Плаза, 8-зал




Анан ошол текстти өздөштүрүп алган каналдын ээсине сыпайы кат жазып койсом, түшүнүү менен кабыл алды.

“Мен башка жактан алсам керек, такыр эсимде жок, бирок чооооң, кары бир кишини элестеткем авторун” дептир.

“Ичимде кары эле жанмын” дедим.

Бул сүрөт ошол “кары бир кишидей” алжыган неме ким экенин эске салып туруш үчүн бул жерде калсын.


Буга чейин бир нече окурмандан менин тексттеримди өзүнүкү кылып бөлүшүп жүргөн каналдар тууралуу кабар келген. Бүгүн да бир кабар келди. Алыстап кетүү тууралуу текстимди бирөө өздөштүрүп алган экен.

Бир чети жагымдуу.
Сен толгонуп жашаган сезимдер башка бирөөнүн да жүрөгүнө жакын келип, аны өз сезимдериндей, өз сөздөрүндөй кабыл алганы муун бошотот. Жалгыз эместик сезилет.

Бир чети оор.
Тексттер эмес, ар бир сүйлөмүң жаныңан суурулуп чыккан бир бөлүгүң болуп калат. Аны жазуу бир эркти, жазып анан бөлүшүү эки эркти алат. Жан дүйнөңдү жылаңачтап жарыялаган текстиңди бирөө тартып алганы бетке түкүрүк, башка укуруктай эле тиет.

Анан издер жөнүндө ойлоносуң.

Биз бизге жолуккан миңдеген адамдардын издерибиз жана биздин миңдеген издер миңдеген башкаларга илешип жүрүшөт. Биз уккан/окуган ар бир сөз, көргөн ар бир кубулуш – бул эртеңки бизбиз, жаңы биз.

Тыныстан асмандан түшкөн эмес. Ал өзүнүн кыска өмүрүндө көргөн, көрүп жаткан өмүрлөрдүн, жылуу-суук жүздөрдүн/сөздөрдүн жыйындысы.

Мен жазган сүйлөмдөрдө көп адамдын изи бар. Ошондой эле мен жазган сүйлөмдөр силерге из калтырууда.

Бир жолу бирөө каналдагы тексттерди канча убакта жазарым тууралуу сурады эле. Ар кандай. Кээде бат, кээде жай. Сезимдерге, ойлорго жараша. Бирок алардын баары чын дилден, ошол учурда жашалган абалды сүрөттөп жазылат. Ошондуктан кийин оюм өзгөрүп, эски тексттеримден уялсам да, өчүрбөй сактап коем. Билем, бул түз жазылган ийри ойлор адамга кыйын учурда жанында шерик болушат. Мага ошентет. Көз тунарып, кулак жаңырып калган кездери бул жерге кирип алып эски тексттерди окуйм. Анан бирөө менен сырдашкандай жеңилдеп калам. Эгер силерде да ошондой болсо, кубанычтамын. Тексттерди каалашыңарча бөлүшүп, каалашыңарча колдоно бергиле. Болгону аны жазган колдорду, аны жазган сезимдерди тебелебегиле. Текст кайдан экенин айта жүргүлө. Акыл эмгеги менен иштеген кишилер үчүн бул өтө аяр нерсе.


Баягыда бир акылдуу жигит менен тааныштым. Экөөбүз курдаш экенбиз. Ай чапчыган акылы менен боркулдаган билими сүйлөсө оозунан, сүйлөбөсө көзүнөн төгүлүп турат экен. Анын жанында үлпүлдөп күйгөн жыйырма сомдук шамдай болуп мен турдум.

Акылдууларга айрыкча, билимдүүлөргө башкача суктанам. Бир нерсеге жетпедим деп, же сулуу эмесмин деп кемип же, өксүп калган эместирмин. Бирок кеп акылга, сөз билимге келгенде бирдей кемтик, бирдей өксүкмүн. Ошон үчүн кээде өзүмдөн жийиркенип кетем. Көптү түшүнө албаган түйүлгөн мээмди бышырып итке берип салсам...

Оку. Акылым ач турат. Азык издейм, тоё албай жатам. Чайналган нерсени жеп жүрүп, көп нерсеге тишим да өтпөй калыптыр, ска.




Айылдан атам келди. Эртең Нарындагы кинофестивалга "Ромеонун" атынан жөнөп кетет. "Менин ордума фесивалга барып келиңиз" десем жаш балача так секирип сүйүндү. "Ромеодо" тасманын мүдүрү, айдоочу болуп, чоң жардам кылган. "Менин атымды чыгарып, кыялдарымды ишке ашырып атасың" деп кичине эле жеңиштериме кудуңдай берет, жарыктык.

Темиржан акани кошуна бөлмөгө уктатып коюп, сценарий жазып отурам. Жазганды сагындым. Акыркы айлар өмүрүм тасма тартуу жана монтаж кылуу менен өттү. Бир "Клара" деп, бир "Ала кийиз" деп эки даректүү тасма, "Бала жана аял" деген бир кыскаметраждуу тасма тарттым. Ага кошумча былтыркыдан калган "Булактын" монтажын чоюп жүрүп, ага да жакында эле чекит койдук. Анан мен калемдешип жазышкан "Сөз" деген сценарийди Төлөмүш тартты. Баягы айткан Кыргызстандагы аялдар тууралуу тасмабыздын акыркы монтажына эртең отурабыз, мен ал жакта продюсер болдум. Анан мектептерге деп даярдаган 400 видеосабагыбыз да толук бүттү. Алдыда "Тарталы" менен чогуу сонун альманах даярдап жатабыз, ноябрда презентациясын жасайбыз. "Кино дептерди" да өгөйлөтпөй, жетелеп, кийинки жылга бир ийги иш болуп кетсе экен деп темселеп жүрөбүз. Ошентип темселеп жүрүп, текстти термелегенге дарман калбай, далай сөздөр ичимде арман болду. Ачылып-чачылып, сөгүлүп-төгүлүп алгым келет. Өзүмдү кармайм. Акыркы айларда өзүмдү кармаганды жакшы үйрөндүм. Ирбейген ичке колдорум башка нерсени билбейм, бирок өзүмдү кармаганга кыйын.

Азыр да карманып койдум. Бул текстти бат жибере салып, сценарийди улантыш керек. Жыл сайын текст жазуу менен өтчү күзгө аман-эсен жеттим. Али көп жазышабыз. Азырынча, жыл башында "Тарталыга" жазган текстимди эстеп, жибергим келди. Жакшы текст, мага жагат:

Бир пианист айтыптыр:
“Эгер мен бир күн машыкпасам – ал өзүмө угулат, эгер эки күн машыкпасам – аны критиктер угушат, эгер үч күн машыкпасам – аны бүтүндөй зал угат”.

Чыгармачылык эмне?
Бул күн сайын эрте менен белгисиз сапарга чыгуу жана кечинде өзгөрүлүп кайтып келүү;
бул күн сайын эрте менен өзүңдү чачуу жана кечке жейин майда бөлүкчөлөрдөн кайрадан жыйноо;
бул өлүү, өлүмгө даяр болуу, күн бою ченемсиз өлүп, ченемсиз тирилүү;
бул сүйүү, тегерекке чачылган сүйүүнүн атомдорун жыйноо.

Жыйноо.
Чыгармачылык — бул жыйноо.
Жыйналган нерселерди айланага чачуу,
чыгарып салуу.
Сүйлөшүү — бул чыгармачылык,
текст жазуу — бул чыгармачылык,
тамак жасоо — бул чыгармачылык.
Дүйнө — бул улуу чыгарма. Биз улуу чыгарманын балдарыбыз. Биз кино тартабыз. Кино — искусствонун бардык түрлөрүнүн синтези. Биз чыгармачылыктын синтезиндебиз.
Бизге кел, биз менен өлүп, биз менен тирил, биз менен өзгөр.
Тарт! Тарткыч бол!
Тарталыбы?

13.02.2024


Ойготкуч кулактын кужурун жеп салды. Ойгонгум келбей, түш көрүп жата бердим. Түшүмдө эбактан бери көрүшө элек тааныш кызды чимирилте кучактап жатыпмын. Көкүрөгүм толо ойгондум. Салкын сууга жуунуп жатып чимирилте кучактагым келген толтура кыздарды эстедим. Анан бул жөнүндө бир кызыктуу текст жазса болорун ойлогом. Компьютерге отуруп жатып, анын кызыгы жок сезилди. Же жөн эле эрким жетпеди окшойт. Адамга өз кемчиликтери, алсыздыктары жөнүндө айтууга дайым чоң эрк керек. Бүгүн менде андай эрк жок. Чимирилте кучактоолор жабык кала берсин.

Чыгармачылыкта жашаган бардык адамдын күнү ушундай белем. Эрте менен өзүндү сындыра алсаң, күн жакшы башталат. Себеби жакшы чыгарма сен сынганда гана жаралат да. Жок дегенде ийилип койсоң...


"Акыркы жолу качан ыйладың,"- деп сурады. Эстей албай койдум. Балким кино көрүп, же китеп окуп, же түшүмдө ыйлагандырмын. Эстей албай койдум.

Көпүрөдө турабыз. Көпүрөдө суу өйдөдөн сага агып келип, сенден ылдыйга агып кетет. Мен ылдыйды, ал өйдө жакты карап турабыз.
- Сага кайсынысы жагат, суунун агып келгениби, же агып кеткениби? - деп сурадым.
- Хмм. Сени сүйгөндүбү, же сен сүйгөндүбү деп сурап жатасың го ээ? - дейт.
- Жок. Суу жөнүндө эле сурадым - дедим аккан суудан көз албай. Ал ойлонуп калды. Анан колдорун көкүрөгүнө коюп:
- Менден кетип жаткан суу - деди.
Эми мен өйдөнү, ал ылдыйды карап калдык.
- Сенчи, - деди ал бир убакта. - Сенчи?
- Мен... Мага көчөнүн ортосунда туруп алып, машинелердин агымын карап турган жагат. Андайда мага менден кетип жаткан машинелер жылуу көрүнүшөт, артындагы кызыл жарыктары менен. А бул жерде... а бу жерде өйдө караган жагып жатат - дедим. Агымды бойлоп баш көтөрсөм, суу аккан канал ичкерип отуруп, анын башына калпактай тоолор кийилип калышыптыр.
- Демек, сүйүлгөн жагат экен да - деди сынаган үнү менен.
- Билбейм. Мен болгону суу жөнүндө айттым.
Анан экөөбүз унчукпай калдык. Батып бараткан күндөн кызарган тоонун чокуларына кошулуп көчөлөрдөгү чырактар күйө баштады. Биз суунун дабышы менен ары жактагы машинелерди тыңшап, бир аз унчукпай турдук. Анан китептер жөнүндө сүйлөшүп баштадык. Колдорубуздагы китептерди карап туруп, бир күн жолугуп, сүйлөшпөй эле китеп окуп отурсак деп макулдаштык. Бир убакта тилимден бирөө бурагансып:
- Уксаң, сен менен көп сүйлөшкөн сайын кубанып жатам. Сен акылдуу болгонуң үчүн кубанычтамын. Башында андай сезилбедиң эле, - деп алышы деп алып, тишимдин кирин соруп туруп калдым. Ал да унчукпайт. Болгону "рахмат" демиш болду. Көңүлү түшүп-түшпөгөнүн күүгүмдөн байкай албай, колумдагы китепти мыжыгып алып, ар нерсени айтып сөзүмдүн актыгын далилдегенче аны жооткото баштадым. Сөз башкага бурулгандай болду. Дагы бир топко турдук. Жылуу коштошкондой болдук.

Бул окуянын аягы жок. Ошентип эле унутулуп кетмек. Баягыда Кочкордон келатып, 16-жылкы курмандар үчүн эстеликке токтоп, куран окудук. Ошол жерде көзүм жашылданып отуруп, көпүрөдөгү кечти эстедим. Анан мен ыйлаган күндөрдүн баары эсиме келе түштү. Кайрадан көпүрөгө жетип барып, ага баарын айтып бергим келди. Ал мени угуп отуруп сөзсүз ыйламак. Себеби, анын ый тууралуу суроосуна "сенчи?" деп сураганымда, көп ыйларын, күн сайын ыйларын айткан болчу. Мен ошондо анын ыйлай аларына суктандым эле. Ыйлай алган кандай жакшы. Ыйлабай койгон жаман деле эмес. Бирок ыйлай алган кандай жакшы.

Менин азыр ыйлагым келген жок. Жөн эле, унута электе жазып коеюн дедим. Баягыда Үркүндү эстеп жашыганым болбосо, көптөн бери ыйлай элекмин. Бирок ыйлаган күндөр эсимде.

Көпүрөдө суу өйдөдөн сага агып келип, сенден ылдыйга агып кетет. Кээде аны карап туруп, ыйлап аласың, көздөрүң кургак бойдон.


“Бакытты көп ойлочу болдум. Бакыт. Беш эле тамга. Бирок ошол беш тамганын бирөө да мага ашпаган сыяктуу…”

45 жаштагы аял каарманымды түшүнүш үчүн анын атынан күндөлүк жазып жатам. Тырмакчадагы сүйлөмдөр ошонуку — баш каарманымдыкы, Махабаттыкы.

*
Токмокто атамдын бир тууган эжесинин кызы жашайт. Аты - Гүлмира. Гүлмира абжемдин үйү Бишкекке жаңы келген жылы мен үчүн эң жылуу, эң сүйкүмдүү жер болду. Дем алыш сайын жол баштыгымды түйүнүп Токмокко сүйүнүп жөнөп кетчүмүн. Токмок мага Алайдан кийинки экинчи үй, Гүлмира эжем мага экинчи апа болуп алды. Бирок, кийин эмне болду, билбейм. Каттамым айлап азайып отуруп, Токмокко аягым үзүлдү. “Шаарга көнүп алып, бизди карабай койдуң” деп кейиди бир жолу Гүлмира абжем. Кечирим сурап, бир аз барымыш болуп жүрүп, кайра эле байланышым үзүлүп кетти. Акыркы көрүшкөнүбүздөн бери 5 жыл өтүптүр. Жыл сайын белектеримди камдап, гүл көтөрүнүп алып барып келүүнү ойлоном, ишке алаксып жүрүп жыл оошуп кетет. Иштин көптүгү да шылтоо го. Жоголуп кеткеним үчүн эле уялып барбайм. Анткен сайын ортодо аралык алыстап, “уялуу” андан бетер күчөп барат. Ушундай парадокс.

Адамдар оңой эле алыстап кетерин ойлоном. Айрыкча мен, мен адамдардан оңой эле алыстап кетем. Сагынып атып, уялып атып, оңой эле алыстап кетем.

Бул жерден да алыстап кеттим. Жазбай калдым. Сөз жоктугунан эмес. Сөз көп. Сөз мурдагыдан да көп. Алыстаган сайын сөз көбөйөт экен. Сөз көбөйгөн сайын сүйлөш кыйын болот экен. Сөз көбөйгөн сайын жазыш кыйын болот экен.

Бул жер менин Токмогум болду. Күн алыс “белегимди камдап, гүл көтөрүнүп”, жаңы текст менен кирип келгим келет. Узакка созулган үнсүздүктү бузгум келбей, оюмду ойго жутуп, сөзүмдү аборт кылып тим калам.

Текст эмнеге жазылсын, эмнеге окулсун? Билбейм. Жазгым келе бергенин билем. Окугусу келе бергендер бар экенин билем.

Каналга эң алгач жазылган тексттердин биринде мындай сүйлөмдөр бар:
“Көл бетинде тең жарылган муздун эки тарабында калгандай, улам бири-бирибизден алыстай бердик. Балким, бул – тагдыр. Барыбир ал муз жарылышы керек беле. Ким билет...
Ортобуздагы аралык чоңоюп отуруп, чоң деңизге айланды. Эки аралдын жээгинен кээде гана кол булгалашып койбосок, дээрлик корүшпөй калдык.”

Алыстап кетүү канчалык оңой. Унчукпай коюу канчалык ыңгайлуу. Азыр өзүмдөн алыстап кеткендеймин. Бул каналдагы тексттер берки жээкте туруп алып аркы жээктеги өзүмө кол булгалоом болчу.

Кол булгалашып туралы.
Сүйлөшө жүрөлү.

20 ta oxirgi post ko‘rsatilgan.