❗Кызыл-Кыядагы колледждин студенти тактай көтөрүп баратып чалынып жыгылып каза болду
Кырсык 26-декабрда Төрөбай Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-техникалык колледжинде болгон. 18 жаштагы студент лабораториялык бөлмөдөгү курулуш тактайларын сыртка алып чыгып жатканда чалынып жыгылып тактай башына тийип, жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Бирок, тилекке каршы, эки күндөн кийин каза болгон. Азырынча студенттер эмнеге мындай жумушка тартылганы белгисиз.
Баткен облустук милициясы окуя кокустук фактысы менен катталганын, териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча окуу жайдын жооптуу кызматкерлерине юридикалык баа берилерин билдирди.