Кыргызстанда санарип сом пайда болушу мүмкүн. Башка өлкөлөрдө санарип валютанын абалы кандай?
Учурда дүйнө жүзү боюнча 130дан ашык өлкөлөр борбордук банктын санарип валюталарын киргизүү мүмкүнчүлүгүн активдүү изилдеп жатышат.
Казакстандын Улуттук банкы санарип теңге менен биринчи транзакцияларды 2023-жылдын ноябрында жүргүзгөн. Долбоордун пилоттук этабы жүрүп жатат.
Өзбекстандын Борбордук банкы санарип сумдун мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө этабында турат.
Россия Банкы санарип рублди өнүктүрүү боюнча чоң аракет көрүп, 2023-жылы мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизген.
Кытайда санарип юанды киргизүү боюнча масштабдуу долбоор башталып, ал эми реалдуу шарттарда сыноодон өтүүдө.
Түркиянын Борбордук банкы 2024-жылы санарип лира пилоттук долбоорунун экинчи этабын баштоого киришти.
Венгриянын Борбордук банкы чекене колдонуучулар үчүн "Digital Student Safe" пилоттук долбоорун ишке киргизди, ал азыр 300 мектепте колдонулууда. Бул Европадагы биринчи санарип валюта долбоорлорунун бири.
Европанын Борбордук банкы жетектеген санарип евро долбоору боюнча иштер Европада жүрүп жатат.
Канаданын, Япониянын, Бразилиянын жана башка өлкөлөрдүн эл аралык эсептешүү банктары жана борбордук банктары да санарип валюта жаатында сыноолорду, изилдөөлөрдү жана байкоолорду жүргүзүп жатышат.
Кыргызстанда санарип сом өлкө аймагында мыйзамдуу төлөм каражаты болот. Санарип сомдун укуктук статусу жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети тарабынан биринчи окууда жактырылды.