🚫Орусияга качканга чейин Асад Сириядан ири суммадагы акчаларды, жашыруун документтерди, сейрек кездешүүчү сүрөттөрдү жана башка баалуу буюмдарды алып чыккан.
Бул тууралуу Reuters Сириянын экс-президентине жакын булактарга жана учуу маалыматтарына таянуу менен билдирди.
Баалуу буюмдар ижарага алынган Embraer Legacy 600 учагы менен ташылган. 6-декабрда учак Сириядан Асаддын үй-бүлө мүчөлөрүн, акча каражаттарын, сүрөттөрдү жана кичинекей айкелдерди эвакуациялоо үчүн БАЭге эки жолу учуп келген. 7-декабрда учакка накталай акчалар, катуу дисктер жана Асаддын каржысы жана бизнеси тууралуу маалымат камтылган электрондук аппараттар салынган кара баштыктар жүктөлгөн. Учак акыркы рейсин 8-декабрда Хмеймим аба базасынан жасады, анын ичинде Асад режиминин жактоочуларынын бири Ахмед Халилдин бортунда накталай акча болгон. Агенттиктин маалыматына караганда, Асад өлкөдөн кеминде 500 млн доллар алып кеткен. Бирок башка бир катар булактар бул сумма чындыгында бир нече ондогон эсе көп экенин айтышат.
🌐
https://t.me/Palestin_kg