Чемпиондор лигасын жеңбеген 5 даңазалуу футболчу
Чемпиондор лигасы ар бир оюнчунун кыялы экени анык. Бирок Европанын башкы мелдешине катышкандын баары эле жеңишке жете бербейт.
1. 🇧🇷Бразилиянын тубаса таланты Роналдо Дүйнө чемпионатынан алтын топко чейин жеңген. Бирок Европанын башкы мелдешин уткан эмес.
2. 🇮🇹Даңазалуу голкипер Джанлуиджи Буффон футболдо көпкө кармалганына карабастан Чемпиондор лигасын уткан эмес. Ал “Ювентус” менен үч ирет финалга чейин жетип, үчөөндө тең күмүш медаль тагынган.
3. 🇸🇪Златан Ибрагимович. Швециялык чабуулчу карьерасында жети башка клубда ойногон, бирок башкы трофейди бир дагы ирет уткан эмес.
4. 🇫🇷Франциянын легендарлуу оюнчусу Эрик Кантона Чемпиондор лигасынын алтын медалын тагынып көргөн жок. Ал “Манчестер Юнайтедден” кеткен соң, эки сезондон кийин англиялык команда турнирде жеңүүчү аталган.
5. 🇩🇪Михаэль Баллак Чемпиондор лигасын эки ирет жеңүүгө жакын болгон. Бирок эки учурда тең атаандашы жеңишти майрамдаган.
Сиз бул тизмеге дагы кимди кошосуз? 🤔