🧕Сен Асылсың🧕 Айымдар каналы


Kanal geosi va tili: Qirg‘iziston, Qirg‘izcha


Сиз күткөндүн баары бар🤗
🧔❌ Мүмкүн эмес‼️
🕋📚 Жүрөк эс алткан Аят, Хадистер
💦Жашоого жарык берчү сабактар
💞 Алтын кеңеш жана хикаялар
📢ОНЛАЙН сабак (бекер)
🥰🤩 Мыкты сүрөт,видеолор
🍝🍜🍰 рецепттер
Байланыш үчүн:https://t.me/Mashhura_0611
Аялзатына


Kanal geosi va tili
Qirg‘iziston, Qirg‘izcha
Statistika
Postlar filtri


"Маңдайыма ушул жазылган экен" -деген эмне экенин билесизби тууганым?

Юсуф Эстес.
Которгон: Эрнис Кыяз


Фото от مشهورة


Ишиңди АЛЛАГА тапшыр жакында чечилет.

"Жазмышты жайына кой, дал ошондо,
Жакшыраак көрөрүң чын түштөрүңдү.
Жараткан жалгап коёт көз ирмемде,
Таянып Ага тапшыр иштеринди"


Мына ушул төрт сапты жашооңо киргиз. Мына ушул төрт сапты жүрөгүңө сактап жаша. Кыйынчылыктан арылар убакты күт. Ал убакыт көз ачып жумганча келиши да мүмкүн. Жашоонун агымы ушундай, сен-деңиздеги жел кайыксың. Шамал дайым эле маңдайыңдан сого бербейт, артыңдан сокчу күн да келет. Бул машакаттан качан кутуларыңды билбейсиң. Бирок, Алланын иши ар түнү жаңыланат. Асмандан чечим чыкмайынча, жерде иш аткарылбайт. Алланын жардамын күт, анын жардамы өтө жакын. Ал жардам эшигин өтө бат ачат. Сен болгону күт. Алланын ырайымынан үмүтүңдү үзө көрбө. "Алланын ырайымынан каапыр элдер гана үмүтүн үзөт" ("Юсуф" сүрөсү. 87- аят). Канча жолу башыбызга кайгы түштү, канча жолу жашообуз туюкка кептелди, канча жолу жаныбыз жер тартып жатып калдык, бирок мунун баарынын артынан жакшылык келди го? Кайгы унутулуп, кубанычка бөлөндүк. Туюктан чыгып, жолубуз ачылды. Оорудан айыгып, куландан соо чуркап жүрөбүз. Демек, дарыянын aгымы токтоп калбайт экен да, жашоонун шары улана берет экен. Анда эмне үчүн көңүлүңдү чөктүрөсүн? Ишти Аллага тапшыр, Ага тобокел кыл. Алла досторун жардамсыз калтырбайт, Пенделерин унутпайт. Ал кимге кайсы күнү ырахат эшигин ачууну жакшы билет. Алланын ыктыярына ыраазы бол, Алланын берешендигин күт, Аллага жакында, ошондо тынчтыкты, ырахатты сезесиң.


📚 Бакыттын сырын ачтым
📝 Даярдаган Машхура Абдыразак кызы

t.me/SenAsylsyn




Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Ассаламу алайкум ва рахматуллахи ва баракатуху.
Кутман күн ☀️баарыңыздарга.🌹

Күнүңүздөрдү Аллах жакшы көргөн сөздөр менен баштаңыз.
Күнүңүздөр ийгиликтүү акыретте пайдалуу болот. Ин шаа Аллах🥰

t.me/SenAsylsyn


📿Аллах Таала кайсы сөздөрдү жакшы көрөт?

Самура бин Жундуб (ага Аллах ыраазы болсун) айтып жеткирген хадисте Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун):

“Аллах Тааланын эң жакшы көргөн сөздөрү – “Субханаллах”, “Алхмаду лиллах”, “Аллаху Акбар” жана “Лаа илааха иллаллах”. Булардын кайсынысын биринчи баштасаң да айырмасы жок” деп айткан. (Имам Муслим, Адаб, 3985; Имам Ахмад, Муснад, 19248).

Тилге жеңил, таразага оор, Аллахка жагымдуу болгон бул сөздөрдү эртели-кеч, күнү-түнү тилге алып айта жүрүү зарыл. Анткени, Аллахты зикир кылуу менен, тил айтканды жүрөк тастыктап, пенденин Аллахка болгон ишеними уламдан-улам артат.

"Субханаллах – бардык кемчиликтен аруу", "Аллахамду лиллах – мактоо, даңазалоо Аллахка гана ылайык", "Аллаху Акбар – Аллах Улук", "Лаа илааха иллаллах – Аллахтан бөлөк сыйынууга ылайык кудай жок" деген маанидеги бул сөздөрдү айткан адамды Аллах Таала жакшы көрөт. Ошону менен катар, бул адам эсепсиз сооп-сыйлыктарга ээ болот.

📍 Умму Хани (ага Аллах ыраазы болсун) минтип айтат: “Бир жолу Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менин ал-абалымды сурап келгенде мен:

- О, Аллахтын элчиси, Мен картайдым, мага отуруп алып аткарчу бир иш айтсаңыз жакшы болот эле, - деп өтүндүм. Ошондо ал мага:

“Жүз жолу “Субханаллах”, - деп айт. Чынында, бул Ысмайыл урпагынан арасынан жүз кулду азат кылгандай соопко барабар болот. Жүз жолу “Алхамду лиллах” деп айт. Анткени, бул Аллах жолунда казат кылган менен барабар соопко ээ кылат. Жүз жолу “Аллаху Акбар” деп айт. Анткени бул жүз төөнү курбандыкка атагандай соопко ээ кылат. Жүз жолу “Лаа илааха иллаллах” деп айт. Чынында, бул сөздүн сообу асман-жердин ортосун толтурат. Мына ушуларды айтып жүрсөң, бул күнү сенден өткөн сооптуу иш жасаган адам болбойт. Ушул сөздөрдү айткан киши гана мындай соопторго жете алат”, - деди. (Имам Ахмад, Муснад, 25675).

👤Алайчы Сеитбеков.

🌳«МУРАС БЕЙИШКЕ БАГЫТ » каналынан алынды.


Жума күнүңүз маарек болсун!

Кахф сүрөөсүн окуп, салават жана зикрди көбөйтүүнү унутпаңыз.

Бүгүн дубалар түздөн-түз кабыл боло турчу учур(саат) бар экенин да эске алыңыз.💐

t.me/SenAsylsyn


💫✨🌹💫✨🌹💫✨🌹

Такыбалыктын сыры

قيل للحسن البصرى - رحمه الله - : ما سر زهدك فى الدنيا ؟ فقال: علمت بأن رزقى لن يأخذه غيرى فاطمأن قلبى له , وعلمت بأن عملى لا يقوم به غيرى فاشتغلت به , وعلمت أن الله مطلع على فاستحييت أن أقابله على معصية , وعلمت أن الموت ينتظرنى فأعددت الزاد للقاء الله
Бир күнү адамдар Хасан аль-Басриден сурашты:

- Сиздин дүнүйөгө байланбагандыгыңыздын сыры эмнеде?
Ал жооп берет:
- (1) Менин ырыскымды менден башка эч ким албайт экенин түшүнгөн соң менин жүрөгүм тынчтанды.
- (2) Мен жасоо керек болгон амалды (илим талап кылуу, жакшы амалдар) менден башка эч ким жасабайт экенин билген соң - ал менен алек болуп баштадым
- (3) Аллах мени кай жерде гана болбоюн көрүп тураарын билгенден кийин - Ал мени күнөө кылып жатканымда көрүүсүнөн уялдым
- (4) Мени өлүм күтүп тураарын билгенден кийин - Раббым менен жолугууга даярданып жатам

Ыйман казынасы Ватсап группасынан алынды.

t.me/SenAsylsyn


Эч ойлонуп көрдүңүз беле???

5 мөөнөттө эмне кылса болот?

📌 Фатиха сүрөөсүнүн 7 жолу окуса болот. Ким Фатиха суроосун 7 жолу окуса 9800сооп даражасына ээ боло алат.

📌 Ихлас суроосун 20 жолу окуй аласыз.
Бул сүрө Курандын үчтөн бирине тете . Ошондо 20 жолу окусаңыз Куранды 7 жолу баштан аяк окуган болосуз.

📌 Ыйык Курандан бир кыска аят жаттасаныз болот.

📌 Субахаана Аллоохи ва би хамдик деп 100жолу айтсаңыз болот.
Кимде ким ушул сөздү күнүнө 100 жолу айтып жүрсө күнөөлөрү деңиз көбүгүндөй болсо да кечирилет.

📌 Пайгамбарыбыз саллал-Лооху аьлайхи ва салламга 20 жолу салават айта аласыз.
Ал учурда сизге Аллах 200 жолу салам айтат.

📌 Туугандарыңыз менен телефон аркылуу байланышып, алардын ал-абалын сурай аласыз.
Муну менен ынтымагыңыз бекемделет.

📌 "Субахаана Аллоохи вал хамду лилЛаахи ва Лаа иЛааха иллалЛооху ва Аллооху акбар" - сөзү мен үчүн күн тийген нерселерден да артык (б.а дүйнө жүзүнөн да) деген. Муну сиз 5 мөөнөттө 20 жолу айта аласыз.

📌 100 дөн көбүрөөк Астага филулЛоох деп истигфар келтирип, Алланын ыраазычылыгына, кайгынын кайтуусуна жана ырыскынын көбөйүүсүнө себеп болот.

📌 Пайдалуу түшүнүшү жеңил китептен 2 бет окуй аласыз.
Бул учурда сиздин түшүнүгүңүз жана илимиңиз жогорулайт.

📌 Лаа иЛааха иллалЛоох - деп 70 жолу айтса болот. Бул эң улук, эң жагымдуу келме. Кимдин акыркы сөзү ушул келме болсо, ал бейишке кирет. Иншаа Аллах.

📌 Аллах таалага кайрылып чын ыклас менен дау кылса болот. Албетте кылынган ар бир дуа өз ээсине шапаатчы болот.

📌 Аллахтын жаратылышы жана андагы Аллахтын кудурети жөнүндө тафаккур кылып, пикир жүргүзсө болот.
Ал учурду Аллах Куранда мактап сыпаттаган акыл ээлеринин катарына кошуласың.


💦💦💦💦💦💦💦💦💦💦💦💦💦

Ким 5 мөөнөтүн туура пайдаланса, ал калган узун убакыттарды да текке кетирбей пайдалуу иш-аракет менен өткөргөн болот.


Ойлонуп көрүңүз сиз тамак жасаган кезде, үй жыйган кезде, унаада, аялдамада ж.б.у.с көптөгөн учурларда эмне менен алек болосуз?

Жогорудагы айтылынган насааттар сизге сөзсүз түрдө пайдалуу болот деп ишенем.

Маалымат islam.kg алынды.


t.me/SenAsylsyn


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Ыймандын күчү

t.me/SenAsylsyn




Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Жаш балдардын эс тутумун жакшыртууда, сабактан кийин эс алууда жана мээнин өнүгүүсүнө эң сонун экен.

t.me/SenAsylsyn


Дуба кылуунун адептери
1. Өтө көп дуба кылуу". (Тирмизи) 2. Курсанчылык учурларда да Аллахка кайрылып, көп дуба кылуу.. (Тирмизи)
3. Дүйнө жана акыреттин бардык муктаждыктарын Аллахтан гана суроо". (Тирмизи)
4. Дубанын кабыл болуусуна бекем ишенүү. (Тирмизи)
5. Жалбарып, чын жүректен дуба кылуу. (Тирмизи)
6. Дуба кылууда ашыкча шарт койбоо. Мисалы: cурап жатканда шарт коюп суроо ж.б. (Аърооф сүрөсү: 55-аят караңыз)
7. Дуба кабыл болуусунда шашпоо?. (Бухари)
8. Дубанын кабыл болуусуна тоскол болуучу нерселерден сактануу?. (Муслим)
9. Дуба кабыл боло турган амалдарды кылуу. Мисалы: Дуба кылууда Аллах Тааланын көркөм ысымдарын айтуу, Куран жана хадисте айтылган дубаларды окуу, жакшы амалды ортомчу кылып суроо, такыба адамдын дуба кылып коюусун сурануу ж.б.у.с. (Бухари)
10. Дуба кабыл болуучу орундарды жана учурларды издее.
11. Алаканын жүзүнө каратып дуба кылуу. (Абу Дауд)
12. Дуба кылуудан мурда Аллах Таалага мактоолорду айтып баштоо керек. (Абу Дауд)
13. Дубаны « Субхаана Робиял аълал Ваххааб»-деген сөз менен баштоо" (Мустадрак Хааким)
14. Дубанын башында жана аягында салават окуу.
15. « Йа Зал Жапаали вал икроом» деген сөздү өтө көп айтуу", (Тирмизи)
16. Дубада өзүнүн алсыз, муктаж экенин билдирүү: (Аърооф сүрөсү 55-аят)
18. Эң биринчи өзүнө дуба кылуу?. (Абу Дауд)
19. Аллах Тааладан өтө көпъаафият (тынчтык, бейпилдик)
20. Дубада Аллах Тааладан «Фирдаус» бейишин суроо. (Тирмизи)
21. Куран жана хадисте келген дубаларды окуу. (Абу Дауд)
22. Күнөө кылууга же тууганчылык мамилени үзүүгө Аллах Taаладан суранбоо". (Тирмизи)
23. Өзүнүн же байлыгынын же бала-чакасынын зыянына дуба кылбоо" (Муслим)
24. Азап келүүсүн сурабоо", (Муслим)
25. Кандайдыр бир кыйынчылыктын артынан өлүм сурап дуба кылбоо. (Бахари)
26. Бабанын аягында -"Аамийн" (Кабыл кыл) деп айтуу.
27. Дубанын аягында эки колун жүзүнө сүртүү. (Тирмизи)
28. Кичине балдардын башынан сылап, алар үчүн береке сурап дуба кылуу. (Бухари)
29. Башкалардын дуба кылуусун сурануу, эгер жашы кичине болсо да. (Абы Дауд)


Даярдаган: устаза Машхура
📚 Сүннөт амалдар жана адептер китебинен.

t.me/SenAsylsyn




Ассаламу алайкум ва рахматуллахи ва баракатуху.

Күнүңүздөр ийгиликтүү өтсүн.

Кечки күз.
Ар бир мезгилдин өзүнчө керемети, баалуулугу бар.😍
Аны сезе билүү эң сонун сыймык.

t.me/SenAsylsyn


🧕Сен Асылсың🧕 Айымдар каналы dan repost
"Момун-момундун күзгүсү жана момун-момундун бир тууганы, аны кыйынчылыктардан коргойт жана ал жокто анын абийрин сактай"
(Муслим риваятында келет)


Момун-момундун күзгүсү дегенди азыркы учурда интернет жебелеринен карап ушундай болуп калдыбы?- деген ой келди: "тигил эжекем же устатым момундай кийинет экен, анын кийингени өзүнө жарашыктуу жана тыкан, ар качан карасаң жарашыктуу жана жагымдуу кийим киет. Мен да, дал ошондой кийим киейин, - деп анын кийген кийимин туурап, баскан жолун аңдып, кай жерге барат, ким менен сүйлөшөт, эмне тамак жейт....ж.б.у көрүнүштөрдү ээрчип агын суудай эле агып баратканыбыз ойлондурбай койбойт экен. 😔


Ал эми, момун-момундун бир тууганы: дегенге келсек ооздо сүйлөп келебиз бирок бул сөзгө терең маани берип эч ойлонуп көрбөйбүз.
Кыйынчылык келгенде ары карап басып кетсек, жакшы-жаманда жанында турбаганыбыз аз келгенсип, анын абийирине шек келтирүү, анын этинен жеп коюу, намысын тебелөө деги койчу такыр момун-мусулманга туура келбеген мамилени жасап келебиз.

Сыйлабастык, бой көтөрүү, тоготпостук, мен-менсинүү, кыйынсуу, жактырбоо, теңебөө....Мындай жүрүштүн акыры кайдан болоор экен?


Эл алдына чыгып, көзгө көрүнүктүү болуп келген инсандарды ээрчибей, адеп-ахлактын ээси болгон, сүннөтүндө эч бир кемчилик болбогон чыныгы үлгүгө ээ болгон Пайгамбарыбыз Мухаммад саллал-Лооху аьлайхи ва салламды ээрчисек, андан эң мыкты өрнөк-сабактарды алсак кана!


Дуба момундун (мусулмандын) куралы. Албетте бирөө-бирөөнү такыр өзгөртө албайт, жада калса сен жаман жолдосун жакшы жолго түш, -деп аны жакшы жолго салат да албайт.
Бирок дуба аркылуу максатка жетсе болот!

Ар дайым өз напси менен алек болуп, өзүбүзгө кана жакшылыктарды каалай бербей, бүтүн Кыргызстаныбызга, дүйнө элине да жакшылыктарды каалап дуа кылалы.



Жөн кана келген ойлор

Устаза Машхура
t.me/SenAsylsyn


Аллах кимдерге катуу сыноо берет билесизби?

Жан дүйнө азыгы,
Устаз Максатбек Токтомушев
t.me/SenAsylsyn


Бир даанышман айткан: "Төрт амалды кылуу жакшы, ал эми кээ бирлер үчүн эң жакшы"

1. "Уялуу- эркектер үчүн жакшы, ал эми аялдар үчүн эң жакшы.

2. Адилеттүүлүк - ар бир адам үчүн жакшы, ал эми казылар (сот) үчүн эң жакшы.

3. Тообо кылуу- карылар үчүн жакшы, ал эми жаштар үчүн эң жакшы.

4. Берешендик - байлар үчүн жакшы, ал эми кедейлер үчүн эң жакшы".


t.me/SenAsylsyn


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Инстаграмга сүрөт койосуңбу?

Телескоп каналы
t.me/SenAsylsyn

20 ta oxirgi post ko‘rsatilgan.