“АДЕП БАШАТЫ” диний уюму


Kanal geosi va tili: Qirg‘iziston, Qirg‘izcha
Toifa: Din



Kanal geosi va tili
Qirg‘iziston, Qirg‘izcha
Toifa
Din
Statistika
Postlar filtri


Абу Абдулла Жабир бин Абдулла Аль Ансари баяндаган хадисте ал мындай дейт:
«Бир адам Алла Элчисинен (саллаллаху алейхи ва саллам) мындай деп сурады: «Мен парз намаздарды окуп, Рамазан орозосун тутсам, адалды адал, арамды арам деп кабыл алып жана буларга эч бир нерсе кошумчалабасам эле бейишке киремби?». Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам): «Ооба», - деп жооп берди»

{Муслим, Ийман 16}


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Урматтуу мусулман бир туугандар!
🤲🏻Сиздерди Орозо айт майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Бул ыйык күндөрдө кылган ибадаттарыңыз, туткан орозоңуздар, кылган дуба-тилектериңиздер кабыл болсун.
🤲🏻Орозо айт – боорукерликти, кечиримдүүлүктү,
биримдикти чыңдаган улуу майрам.
Үй-бүлөңүзгө тынчтык, береке, аманчылык каалайбыз.
Жараткан Аллах ар бириңизге жакшылыктарды насип кылсын, мамлекетибизде тынчтык, элибизде ынтымак арта берсин!
Айтыңыздар маарек болсун!
"Адеп Башаты" диний уюмунун жалпы жамааты


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish


ОРОЗО АЙТ МААРЕК БОЛСУН!

#Орозо_Айт_2025
#Айт_2025
#адепбашаты




РАМАЗАН АЙЫНАН КИЙИН 6 КҮНДҮК ОРОЗО

«Ким Рамазанда орозо тутса, анын артынан Шавваль айында ага алты күн кошсо — бир жыл орозо туткандай болот» {Муслим: 1164}

Шавваль – бул Рамазандан кийинки айдын аталышы. Шавваль айындагы 6 күндүк орозо сүннөт орозого кирет. Кармаса сообун алат, кармабаса күнөөкөр болбойт.
Бул орозонун сообу мындайча түшүндүрүлөт: Рамазан айындагы толук кармалган орозонун сообу 10 айга, ал эми Шавваль айындагы орозонун сообу 2 айга көбөйтүлүп берилет. Ошону менен экөө биригип, 1 жыл орозо кармагандын сообу чыгат.
❓Орозо айында карызы барлар алгач карызын кармап бүтүрүшү шартпы, же биринчи шавваль орозосун кармай берсе болобу?
— Алгач карызды кармап бүтүрүп, андан соң гана Шаввалдын 6 күндүк орозосун кармоо шарт болуп саналат.
❓Шавваль айындагы орозонун мааниси кандай?
— Бул орозонун адамзатка чоң тарбиясы бар. Биз бир ай бою жамандан тыйылып, бир канча кошумча ибадаттар менен алек болуп, өзгөрүүнүн туура жолуна түшүп алган соң Рамазан бүтөрү менен бул аракетибизден дароо үзүлүп калуу руханий дүйнөбүзгө жана ден соолугубузга да жакшы эмес таасир тийгизип коюушу мүмкүн. Рамазан бүткөн соң да орозонун даамын сезип, Аллахка жакындоонун аракетинде болуубузга Шавваль айындагы орозо түрткү берет.
❓Бул орозону Шавваль айынын кайсы күндөрү кармайбыз?
— Айт күнү гана кармаган болбойт. Шавваль айынын ичинде өзүңүзгө ыңгайлуу каалаган күнү кармай бересиз. Катары менен 6 күн кармасаңыз болот, же болбосо үзүп-үзүп деле кармай бересиз. Сүннөт орозолор кармалчу дүйшөмбү жана бейшемби күндөрүнө туштап кармасаңыз да кошумча сооп болот.
❓Кантип ниет кылабыз?
— Шавваль айындагы 6 күндүк орозону кармоого деп ниет кылабыз.
❓Шавваль айындагы орозодо кайсы убакта ооз бекитип, кайра качан ооз ачылат?
— Багымдат намазынын убактысы киргенге чейин ооз бекитип, шам намазы киргенде ооз ачылат. Намаз убактыларына карап, биле аласыз.


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish


КЕЛЕРКИ РАМАЗАН АЙЫН ЧЫДАМСЫЗДЫК МЕНЕН КҮТҮҮ

🌙Рамазан айынын коштошуп кете бериши, жоокерлерди аскердик кызматка узатып жатканга окшоштурулат. Аскердик кызматка узатылган баланын артынан сагынуу көз жашын төгүшөт, батыраак аман-эсен кайтып келишин тилеп, дуба кылышат. Кандайдыр бир кайгы-муң сезилет, бирок, кайра жолугабыз деген үмүт адамды жооткотот. Рамазан айы да он бир айга жетпеген кыска убакытта кайра кайтып келип калат. Кайрадан жамаат абалында тараба намазы окулат, кайрадан орозо кармалат, дос-жар, кедей-кембагал да кайрадан ооз ачар дасторкондору менен шаңга бөлөнөт, бардык жерде кайрадан жагымдуу үндөр менен Куран окулат.

🌙 Рамазан айы- Алла Таала момун пенделери үчүн тартуулаган ыйык ай. Алла Таала бул айда ырайымы менен, кечирими менен мамиле кылат. Канчалаган пендесин оттон сактайт, канчалаган пендесине Бейишке кирүүнү важиб кылат. Момун пенделер бул айда таптакыр башкача түрдө Алла Таалага жакындашат. Мына ушул сыяктуу аң - сезимдерден улам ыймандуу адамдар куттуу Рамазан айынын коштошуп кетиши менен кайгырат, кусаланат, эч бир нерсе менен бул ай артта калтырган боштукту толтура албай тургандыктарына ишенишет. Анткени, эч бир орозо Рамазан айында тутулган орозонун ордун толтура албайт. Адам түндө туруп жыйырма рекет намаз окуса, сооп тапкан болот, бирок, бул Рамазан айында окулган тараба намазындай болбойт.Тараба намазынын өзүнө тиешелүү болгон баалуулугу бар. Бул -Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) бизге калтырган аманаты.

🌙Күтүү сезими ошол эле кезде башка ибадаттарга да тиешелүү. Махшар майданынын ысыгында салкында тура турган жети түрдүү адам тууралуу айтылган. Булардын бири - жүрөгү мечитке байланган кишилер болгондугу эскерилет.
Корутундулап айтканда, жогоруда айтылган ойлордон улам, ар бир момун пенде Рамазан айынын аяктаганына эмнегедир кайгырып,кусаланып, кийинки Рамазан айынын батыраак келүүсүн тилейт, тилеши керек.


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish


КОШ БОЛ, РАМАЗАН 2025

Рамазан айынын акыркы он
күндүгүндө жашап жатабыз.
Бул күндөрдө ибадатыбызды дагы
да арттырып, сооп амалдарды
көбүрөөк аткарып, Кадыр түндөрдү
татыктуу өткөрүп кадыр-баркына
жетүүнү насип кылсын!
Кийинки Рамазан айына жеткирсин!


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish


Таң агарганга чейин уланган берекелүү түндө Курандан окулган ар бир тамгага эселеп-эселеп сооп жазылат. Башка ибадаттардын сообу дагы ошондой деңгээлде артат. Ошондуктан, бул түндүн кадырына жетип, анын берекесинен пайдаланып калыш үчун намаз окулат, Куран окулат, белгилүү дубалар, зикирлер окулат, салам-салаваттар айтылат, Аллага жалбарып дуба кылынат, кедей-кембагалдарга көп-көп садага берилет. Кыскасы, болгон мүмкүнчүлүктү колдонуу менен бул ыйык
түндү жемиштүү өткөргөнгө аракет кылуу зарыл.


📎Мухлис- оюнда, ишениминде, мамилесинде жасалмалуулук, эки жүздүүлүк болбогон, так, чын дилдүү, чын ыкластуу киши.
📎Мухлас- чын дилдүү аракеттин натыйжасында Алла Тааланын ыраазычылыгына ээ болуп, чын ыкластуулукту колго алып, мухлистердин деңгээлине көтөрүлүү.
📎Муттаки- Кудайдан коркуп, ислам дининдеги эреже мыйзамдарды толук карманып жашаган ыймандуу такыба киши.
📎Вара- адал болушу күмөндүү нерселерден, жарашыксыз иштерден сактануу сапаты.






🌙Рамазан айынын дагы бир өзгөчөлүгү - ушул айда Кадыр түндүн болгонунда.

✨Кадыр сүрөсүндө баяндалган миң айдан да жакшы түн болуп саналган Кадыр түн жөнүндө маалымат алыңыз.

🤲🏻Башкалар менен бөлүшүп жакшылыкка себепчи болуңуз.






Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish

20 ta oxirgi post ko‘rsatilgan.